Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 33 Декрети менен бекитилген Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө
ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Резервдик фонддордун эсептелиши III. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануу тартиби IV. Кредиттердин тескөөчүсүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын облустарынын мамлекеттик администрациябашчыларынын - губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө бул жобо (мын-дан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизгипринциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына ылайык иштелипчыккан. 2. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-торлорунун резервдик фонддору (мындан ары - резервдик фонд) боюнчасарптоолор жыл сайын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетиндекаралат. 3. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-торлорунун резервдик фонддорунун каражаттары белгиленген формулага ыла-йык аныкталат. II. Резервдик фонддордун эсептелиши 4. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-торлорунун резервдик фонддору боюнча каражаттардын көлөмү төмөнкүдөйформулалар менен эсептелет: 1) СП=(ОРФ/ВН)х 1000 - СП - жан башына орточо көрсөткүч; - ОРФ - облустардын губернаторлорунун резервдик фонддорунун жалпыкөлөмү; - ВН - Кыргыз Республикасынын жалпы калкы (адам). 2) РФГО=СП х НО - РФГО - облустун губернаторунун резервдик фонду; - СП - жан башына орточо көрсөткүч; - НО - облустун калкы. III. Резервдик фонддордун акча каражаттарын пайдалануу тартиби 5. Резервдик фонддун ушул Жободо каралган бюджеттик каражаты об-лустун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун буйругу ме-нен пайдаланылат. 6. Резервдик фонддун каражаттарынын тескөөчүсү жергиликтүү мамле-кеттик администрация башчысы - облустун губернатору болот. 7. Республикалык бюджетте турган мекемелер да, жергиликтүү бюджет-терден каржыланчу мекемелер да резервдик фонддун каражаттарын алуучуларболо алышат. 8. Резервдик фонддордун каражаттары облуста жүргүзүлчү, КыргызРеспубликасынын республикалык бюджетинде эске алынбаган экономикалык,социалдык-маданий жана башка иш-чаралар үчүн болжолдонбогон чыгымдаргапайдаланылат, ошондой эле төмөнкүдөй максаттарга пайдаланылат: - майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө; - Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына,эмгек ардагерлерине жана облустагы калктын аз камсыз катмарларына биржолку материалдык жардам көрсөтүүгө; - облустун аймагындагы социалдык-маданий объекттерди курууга,оњдоого жана материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жак-шыртууга финансылык жардам көрсөтүүгө; - облустун масштабында расмий даталарга арналган иш-чаралардыөткөрүүгө; - эмгек сињирген кызматкерлерди кесиптик майрамдарга байланыштуусыйлоого; - табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жанакесепеттерин жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө; - облустагы калктын аз камсыз катмарларына финансылык жардамкөрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорду өткөрүүгө; - спорттук иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жанамаданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө; - Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүшүнө орчундуу салым кошкон,ошол облустун аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын чыгаан инсанда-рына бир жолку финансылык жардам көрсөтүүгө. 9. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүдөй пайдаланууга тыюусалынат: - коммерциялык максатка же киреше алып келүүчү ишмердикке; - өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоого жана иштерин камсыздоого; - бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмүнкөбөйтүүгө; - облуста болуучу мааракелерди, тойлорду жана башка оюн-зоокиш-чараларды уюштурууга. IV. Кредиттердин тескөөчүсүнүн жоопкерчилиги жана резервдик фонддордун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби 10. Каражаттардын тескөөчүлөрү жана каражаттарды алуучулар резерв-дик фонддун каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайда-ланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкер-чиликте болушат. 11. Резервдик фонддор боюнча акча каражаттардын эсеби каражаттар-дын башкы тескөөчүсүнүн жана алуучусунун өзүнчө казыналык эсебинде(бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан бөлөк) жүргүзүлөт. 12. Резервдик фонддордун каражаттарын алуучулар ай сайын республи-калык бюджетте турган мекемелердин сарптоолор сметасынын аткарылганыжөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2002-жылдын19-августундагы № 245/п "Бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын жылдык,кварталдык жана айлык бухгалтердик отчетторун түзүү боюнча нускаманыбекитүү жөнүндө" приказы менен бекитилген, № 2 форма боюнча жалпылоочуотчет түзүшөт жана тескөөчүлөргө беришет. 13. Каражаттардын тескөөчүсү резервдик фонддордун каражаттарынынпайдаланылышы жөнүндө облус боюнча N 2 формада отчет түзөт жана КыргызРеспубликасынын Финансы министрлигине берет. 14. № 2 форма боюнча отчет ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык резерв-дик фонддордон алынган каражаттар боюнча өз-өзүнчө түзүлөт жана бери-лет. 15. Резервдик фонддордун каражаттарын эсепке алуунун,бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун жол-жоболору өзгөргөн учурда КыргызРеспубликасынын Финансы министрлиги бул Жобого тийиштүү толуктоолордужана өзгөртүүлөрдү киргизет.