Бишкек шаары2010-жылдын 17-июну УӨ №73 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-линдеги № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалганКыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү)өткөрүүнүн Убактылуу тартибине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "7. Добуш берүү күнүнө 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жа-рандары референдумдун катышуучусунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти,ал эми референдумдун катышуучусу тизмеден чыгаруу күбөлүгү боюнча добушберген учурда тизмеден чыгаруу күбөлүгүн көрсөткөндө референдумга каты-шууга укуктуу. Мында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-картасы) жеаны алмаштыруучу документ референдумдун катышуучусунун өздүгүн ырастоо-чу документ болуп саналат. Паспортту алмаштыруучу документке КыргызРеспубликасынын жаранынын өздүк күбөлүгү, анык аскердик кызматтын офи-церинин күбөлүгү, мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчысынын аскердик би-лети, пенсиялык күбөлүк жана айдоочунун күбөлүгү кирет.". 2. Ушул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева