ДекретКүчүндө

Кыргыз Репсубликасынын УО 2010-жылдын 17-июнунун № 73 «2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20»Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө«Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Декрети

Редакция17.06.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2010-жылдын 17-июну УӨ №73           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ         2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 "Кыргыз Республикасынын       референдуму (бүткүл элдик добуш берүүсү) жөнүндө" Кыргыз             Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декретине                      өзгөртүү киргизүү тууралуу      Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-линдеги № 20 Декрети менен бекитилип, 2010-жылдын 27-июнуна дайындалганКыргыз   Республикасынын  референдумун  (бүткүл  элдик  добуш  берүүнү)өткөрүүнүн Убактылуу тартибине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:     7-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:     "7. Добуш берүү күнүнө 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын  жа-рандары референдумдун катышуучусунун өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти,ал эми референдумдун катышуучусу тизмеден чыгаруу күбөлүгү боюнча добушберген учурда тизмеден чыгаруу күбөлүгүн көрсөткөндө референдумга каты-шууга укуктуу.     Мында Кыргыз  Республикасынын  жаранынын  паспорту (ID-картасы) жеаны алмаштыруучу документ референдумдун катышуучусунун өздүгүн ырастоо-чу  документ  болуп  саналат.  Паспортту алмаштыруучу документке КыргызРеспубликасынын жаранынын өздүк күбөлүгү,  анык аскердик кызматтын офи-церинин күбөлүгү,  мөөнөттүк кызматтын аскер кызматчысынын аскердик би-лети, пенсиялык күбөлүк жана айдоочунун күбөлүгү кирет.".     2. Ушул Декрет жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева