Редакцияот 12.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 12-июну УӨ №66           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ                  Ыктыярдуу элдик кошуун түзүү жөнүндө      Артында Бакиевдер  турган  саясий  күчтөр  Кыргыз  Республикасындаүй-бүлөлүк башкаруу системасын кайра калыбына келтирүү жана 2010-жылдын7-апрелиндеги элдик революциянын жетишкендиктерин жаманатты кылуу  мак-сатында  Кыргыз  Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө каршы активдүү ара-кеттерди жүргүзүп жатышат.     Элге каршы  контрреволюциячыл күчтөр тымызын курал,  ок-дарыларды,акча таратышып,  Ош шаарында жана ага жакын калктуу конуштарда  улуттараралык кагылышуу уюштурушту.     Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бүтүндүгү жана  көз  каранды  эместигикоркунучта.     Ушул айтылгандардын негизинде,  бүтүндүктү,  көз каранды эместиктижана  жетишилген  элдик  жењишти  сактап калуу максатында,  жарандардыналардын укуктарын жана жеке коопсуздуктарын камсыздоо жөнүндө  талапта-рын  эске  алуу  менен  жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык  Кыргыз  РеспубликасынынУбактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз  Республикасында  бирдиктүү  ыктыярдуу  элдик  кошуундартүзүлсүн.     2. Ыктыярдуу элдик кошуундун  республикалык  оперативдүү  штабынынбашчысы болуп Солдашенко Н.А. дайындалсын.     3. Ыктыярдуу элдик кошуундун негизги максаты - Кыргыз  Республика-сынын  бүтүндүгүн,  эгемендүүлүгүн  сактоого жана саясий стабилдүүлүктүкамсыздоого жардамдашуу белгиленсин.     4. Ыктыярдуу  элдик  кошуундун  республикалык оперативдүү штабы өзкатарларына патриот  жарандарды,  укук  коргоо  органдарынын  жана  күчтүзүмдөрүнүн запастагы офицерлерин тартсын.     5. Бардык мамлекеттик органдар ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүүгөжана уюштурууга ар тараптуу жардам беришсин.     6. Ыктыярдуу элдик кошуундар өз ишин Кыргыз  Республикасынын  мый-замдарына  ылайык  укук  коргоо органдары менен биргелешип жүргүзүшөөрүбелгиленсин.     7. Ыктыярдуу  элдик  кошуундардын ишин жалпы координациялоо КыргызРеспубликасынын Ички иштер министрлигине тапшырылсын.     8. Кыргыз  Республикасынын  Ички  иштер  министрлиги  зарыл болгонучурда аныкталган  тартипте ыктыярдуу элдик кошундун мүчөлөрүн куралдооукугуна ээ.     9. Ыктыярдуу элдик кошуундарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Фи-нансы министрлигине тапшырылсын.     10. Ыктыярдуу элдик кошуундар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.     11. Ушул  Декрет  кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыреспубликадагы кырдаал стабилдештирилгенге чейин иш жүзүндө болот.     12. Ушул  Декреттин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүсү Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөттүн Аппаратынын коргоо,  коопсуздук, укук тар-тиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева