Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 12-июнундагы № 66
Декрети менен бекитилген Ыктыярдуу элдик кошундар жөнүндө ЖОБО 1. Жалпы жоблор 2. Ыктыярдуу элдик кошундардын негизги милдеттери жана функциялары 3. ЫЭКны түзүүнүн жана анын ишинин тартиби 4. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишинин формалары менен усулдары 5. Элдик кошунчунун милдеттери жана укуктары 6. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишине жетекчилик кылуу 7. Укук коргоо органдарынын ЫЭКы менен өз ара аракеттениши 8. Мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк кылуу 1. Жалпы жоболор 1. Ыктыярдуу элдик кошундар (мындан ары - ЫЭК) - коомдук тартиптисактоону күчөтүү жана укук бузуучулар менен күрөшүү үчүн түзүлөт. 2. ЫЭК өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Рес-публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомдорун жана тескемелерин, ошондойэле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. ЫЭК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине оперативдүүбаш ийүү менен республиканын аймагында түзүлөт. 4. Ыктыярдуу элдик кошундарга өзүнүн иштиктүү жана моралдык сапат-тары менен кошундун алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруугажөндөмдүү жумушчулардын, кызматчылардын, студенттердин, окуучулардынарасынан 18 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары, пенсионерле-ри кабыл алынат. 5. ЫЭКке Республикалык оперативдүү штаб жетекчилик жүргүзөт. 6. Коомдук тартипти сактоо боюнча алардын иштерине байланыштуу эл-дик кошунчулардын мыйзамдуу иштерине каршы аракеттер, өмүрүнө, ден соо-лугуна, кадыр-баркына катылуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рына ылайык жоопкерчиликке тартылат. 7. ЫЭКтин ишине Республикалык оперативдүү штаб контролдоожүргүзөт. 2. Ыктыярдуу элдик кошундардын негизги милдеттери жана функциялары 1. ЫЭКтин негизги милдеттери жарандардын укуктарын жана мыйзамдуукызыкчылыктарын коргоо, укук бузууларды алдын алууга жана болтурбоогожигердүү катышуу, коомдук тартипти сактоо болуп саналат. 2. ЫЭК өзүнө жүктөлгөн төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат жана кол-донуудагы мыйзамдарды жетекчиликке алат: а) көчөлөрдө, парктарда, транспорт магистралдарында коомдук тар-типти сактоого, ошондой эле ар кандай массалык иш чараларды өткөрүүдөтартипти сактоого катышуу; б) коомдук тартипти бекемдөө жана укук бузуулар менен күрөшүү бо-юнча укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү; в) укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерге катышуу; г) бөөдө кырсыктан же укук бузуулардан жапа чеккен адамдарга,ошондой эле коомдук жайларда оор абалда жаткандарга кечиктирилгис жар-дам берүү, өзгөчө кырдаал мезгилинде адамдарды, мүлктөрдү сактоо жанакоомдук тартипти коргоо боюнча чараларды көрүү; д) өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылууга көмөк көрсөтүү. 3. ЫЭКны түзүүнүн жана анын ишинин тартиби 1. ЫЭК Республикалык оперативдүү штаб тарабынан түзүлөт. 2. Элдик кошунга кабыл алуу ыктыярдуу гана башталыштардажүргүзүлөт. 3. ЫЭКнын ишинин режими ар кандай коомдук-саясий иш-чаралардыжүргүзүүдө жагдайдын шарттарына, коомдук тартипти сактоону камсыз кылу-унун зарылдыгына негизденүү менен, ошондой эле администрациялык-аймак-тык бирдиктин аймагында укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчүалдын алуу иш-чараларын эске алуу менен уюштурулат. 4. Элдик кошунчуга колго байлануучу тасма тапшырылат. 4. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишинин формалары менен усулдары ЫЭК өз ишин милициянын штаттык кызматкерлери менен гана төмөнкүжолдор аркылуу өз ара аракеттенип жүзөгө ашырат: а) көчөлөрдө, аянттарда, сейил бактарда жана башка коомдук жерлер-де патрулдук кылуу жана постторду коюу, укук тартибинин бузулуштарынжана аларды жасаган адамдарды табуу боюнча рейддерди жүргүзүү; б) укук коргоо органдарынын кызматкерлерине укук тартибин бузуучу-ларга материалдарды жол-жоболоштуруу боюнча көмөк көрсөтүү; в) укук тартибин бузууга жол берген адамдар менен жекечетүшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жарандарга мыйзамдарды түшүндүрүү; г) укук бузуулардын алдын алуу максатында басма сөз каражаттарын,радиону пайдалануу. 5. Элдик кошунчунун милдеттери жана укуктары Элдик кошунчу төмөнкүлөргө милдеттүү: а) коомдук тартипти сактоого, укук тартибин бузуулардын алдыналуу, жарандарды мыйзамды жана коомдо жашоо эрежелерин рухунда тарбия-лоо боюнча ишке активдүү катышууга, алардын ишинде укук коргоо органда-рына көмөк көрсөтүүгө; б) жарандардын ар-намысын, кадыр-баркын, ошондой эле укуктары ме-нен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, кылмыштуу кол салууларга жанабашка коомго каршы аракеттерге бөгөт коюунун мыйзам менен каралган ча-раларын чечкиндүү жана тартынбастан көрүүгө; в) тапшырмаларды аткарууда кошундун командиринин жана анын Штабы-нын талаптарын, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча биргелешкениш-чараларды жүргүзүүдө милициянын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн такжана ак ниет аткарууга; г) мыйзамдык жана башка укуктук актыларды так аткарууга, укук бу-зуулар менен күрөшүүнүн формалары менен усулдарын Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарынын алкагында пайдаланууга; д) жарандардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү даярдалып же жа-салган кылмыштардын өзүнө белгилүү болуп калган фактыларын кошундунштабына, милиция органдарына жана башка мамлекеттик органдарга өз уба-гында билдирүүгө, ошондой эле алардын зыяндуу кесепеттерин болтурбоогокарата чараларды көрүүгө. Элдик кошунчу төмөнкүлөргө укуктуу: а) жарандардан белгиленген коомдук тартипти сактоону жана укук бу-зууларды токтотууну талап кылууга; б) таасир көрсөтүүнүн башка чаралары бүткөндө же болбосо укук-тар-тибин бузууга бөгөт коюу, ошондой эле укук бузуучунун инсанын белгилөөжана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан протокол түзүүсүүчүн укук тартибин бузган адамдарды милицияга же укук тартибин сактоо-нун таяныч пунктуна жеткирүүгө; в) укук тартибин бузууларга бөгөт коюуда аларды кийин токтоосузмилицияга өткөрүп берүү менен тартип бузууну жасоонун куралын тартипбузуучулардан алып коюуга; г) жашынып жүргөн тартип бузуучунун артынан түшүү, коомдук тартип-ти камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткаруу, ал жерлерде пайда болгонукук бузууларга бөгөт коюу үчүн клубдарга, стадиондорго, кинотеатрларгажана башка коомдук жерлерге токтоосуз кирүүгө; д) милициянын кызматкеринин талабы боюнча коомдук жерлерде жардам-сыз абалда калган адамдарды, ошондой эле кырсыктардан же укук тартибинбузуулардан жабыр тарткан жана мына ушуга байланыштуу токтоосуз медици-налык жардамга муктаж болгон адамдарды дарылоо мекемелерине жеткирүүүчүн транспорт каражаттарын пайдаланууга; е) коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткарууда ишканалар-дын, мекемелердин жана уюмдардын телефондорун акысыз пайдаланууга. Элдик кошунчу коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруугабайланыштуу убактылуу эмгекке жөндөмсүз болуп калган учурда элдик ко-шунчуга ишинин узактыгына карабастан негизги иштеген жеринен убактылууэмгекке жөндөмсүздүгү боюнча 100% өлчөмүндөгү жөлөкпул төлөнүп берилет,ал эми ошол эле себеп боюнча эмгекке жөндөмдүүлүгүн туруктуу же узаккажоготкон учурда ага колдонуудагы мыйзамдарга ылайык майыптык боюнчапенсия дайындалат. 6. Ыктыярдуу элдик кошундардын ишине жетекчилик кылуу 1. ЫЭКга жетекчиликти Республикалык оперативдүү штаб жүзөгө ашы-рат. 2. ЫЭКнын жетекчилиги: а) ЫЭКнын ишин пландаштырат, кезметке чыгуунун графигин иштеп чы-гат; б) укук тартибин бузуучулар менен күрөшүүнүн формаларын жана усул-дарына окутуп-үйрөтүүнү жүргүзөт; в) кыйла айырмаланган элдик кошунчуларга сыйакы берүү жөнүндө Рес-публикалык штабдын жетекчилигине өтүнүч жасайт; г) кошундардын ишин өркүндөтүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзөт. 7. Укук коргоо органдарынын ЫЭКы менен өз ара аракеттениши 1. Укук коргоо органдары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруудаЫЭКга ар тараптуу көмөк жана колдоо көрсөтөт, элдик кошундардын коман-дирлерине укук бузуулар жөнүндө кошундардын иштеши үчүн зарыл болгонмаалыматты берет. 2. Ички иштер органдары ЫЭК менен күнүмдүк өз ара аракеттенүүнүуюштурууну камсыз кылат, ал эми зарыл болгон учурларда кошунчуларганускама берип, аларды укук тартибин бузуучулар менен күрөшүүнүн форма-лары жана усулдары менен камсыз кылып, ЫЭКнун штабы менен макулдашыпкоомдук тартипти сактоо жана укук тартибин бузуулардын алдын алуу боюн-ча биргелешкен иш-чараларды жүргүзөт. Мындай иш-чараларды өткөрүүнүнубагында кошунчулардын ишине оперативдүү жетекчиликти ички иштер орган-дарынын тиешелүү кызмат адамдары жүзөгө ашырат. 8. Мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүк кылуу ЫЭКнун ишинде мыйзамдардын так сакталышына көзөмөлдү "Кыргыз Рес-публикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык прокуратура органдары жүзөгө ашырат.