Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 1-июлу УӨ № 84
Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин расмий иш-чараларда жана чет мамлекеттердин башчылары жана дипломаттык миссиялардын өкүлдөрү менен протоколдук тааныштырууну камсыз кылуу максатында, эл аралык практиканын алкагында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналаары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин баяндамасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисинин турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары - Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы аны ушул Декретке ылайык арналышы боюнча пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин белгисин даярдоону камсыз кылсын.
5. 2005-жылдын 9-августундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 84 декретине тиркеме |
Президенттик бийликтин символу - Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси белгиден жана белгинин чынжырчасынан турат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин белгиси 7500 үлгүдөгү алтындан даярдалат жана эки элементтен турат;
- байыркы оймо шарданынан - байыркы кыргыздардын эң сыйлуу кудайларынын бири болгон Ыйык Умай Энеден - анын Ааламдын үстүнө каалгый учкан канаттуу түрүндөгү символдук сүрөттөлүшүнөн;
- Кыргыз Республикасында жашаган элдердин бүтүндүгүнүн, бөлүнбөстүгүнүн жана көп түрдүүлүгүнүн символу болгон, иштетүүсү жана сапаты боюнча өзгөчө алтын сымал түстөгү цитринден (массасы 105,2 карат, диаметри 35,5 мм).
Белгинин чынжырчасы алтындан даярдалган жана бири-бирин кайталаган элементтерден туруп, алардын бир бөлүгү түндүк түрүндө, башка бөлүгү борборуна Кыргыз Республикасынын администрациялык түзүлүшүнүн символу болгон ири бермет жайгаштырылган симметриялык сегиз нурлуу алтын жылдыз түрүндө болот.
Белгинин чынжырчасынын жогорку бөлүгүндө жайгашкан пластинанын арткы жагына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Президентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын кызматка кирген убактысы чегерилип жазылат.