Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы ПЖ № 308 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2010-жылдын 1-июлу УӨ № 85
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасынын Президентинин айырма белгилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин расмий иш-чараларда жана чет мамлекеттердин башчылары жана дипломаттык миссиялардын өкүлдөрү менен протоколдук тааныштырууну камсыз кылуу максатында, эл аралык практика- нын алкагында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти ка- был алат: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) Кыргыз Республикасындагы Президенттик бийликтин айырма белгиси жана символу болуп саналаары белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты Кыргыз Республика- сынын Президенти кызматка киришкенде тапшырылат. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын баяндамасы тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын түп нускасынын турган жери Кыргыз Республикасынын борбор шаары - Бишкек шаарында Кыр- гыз Республикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинет болуп саналаары; - Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын дубликаты рес- публиканын борбор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин рези- денциясынын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президенти аларда болгон убакта башка резиденциялардын үстүнө, Кыргыз Республикасынын Президен- тинин транспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар орнотулаары; - мамлекет башчысынын катышуусу менен болгон салтанаттуу жана баш- ка аземдерде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги менен катар ор- нотулушу мүмкүн экендиги. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы ушул Дек- ретке ылайык арналышы боюнча пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартын (түп нускасын жана дубликаттарын) даярдоону камсыз кылсын. 5. 2005-жылдын 31-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Прези- дентинин айырма белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын. 6. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 85 Декретине тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын БАЯНДАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) кењдиги 50 мм алтын тасма жана алтын чачыктар менен жээктелген кызыл түстөгү (Кыр- гыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин түсүндөгү) кездеме болуп са- налат. Кездеменин кењдиги анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Геометриялык борборунда алтын тегерек орун алып, анын диаметри же- лектин кењдигинин бештен үчүн түзөт. Алтын тегеректин борборунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин стилдештирилген сүрөттөлүшү жайгаштырылат: алтын түстөгү айла- нанын борборунда жайгаштырылган канаттары жайылган ак шумкар жана арткы планда жайгаштырылган көл, Ала-Тоонун кыркалары жана алтын сымал түстө- гү шоолалары бар чыгып келе жаткан күн. Айлананы тегерете алтын менен: "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген жазуу жайгаштырылат. Жазуунун тамгаларынын өлчөмү алтын тегерек- тин диаметринин жетиден бирин түзөт. Штандарттын сабына мамлекеттик тилде Кыргыз Республикасынын Прези- дентинин фамилиясы, ысымы жана атасынын аты менен анын шайлануу мөөнөтүн көрсөткөн дата чегип түшүрүлгөн күмүш тээк бекитилет. Штандарттын сабы найзанын учу түрүндөгү алтын түпөк менен бүтөт.
|