КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы УӨ № 85
Декретине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 31-июлу ПЖ № 302 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин айырмалоочу белгилери жөнүндө Эларалык тажрыйбанын алкагында жана расмий ишчараларда жана четмамлекеттердин башчылары жана дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү мененжолугушууларда Кыргыз Республикасынын Президентин протокол жактан кам-сыз кылуу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) КыргызРеспубликасында Президенттик бийликтин айырмалоочу белгиси жана символуболуп санала тургандыгы белгиленсин. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты жањыдан шайланганКыргыз Республикасынын Президенти кызматка киришкен учурда тапшырылат. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын сүрөттөлүшү1-тиркемеге жана Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынынсүрөтү (эскизи) 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. 3. Төмөнкүлөр белгиленсин: - Кыргыз Республикасынын борборунда - Бишкек шаарында Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин резиденциясындагы кызматтык кабинети КыргызРеспубликасынын Президентинин штандартынын түп нускасы турган жер болупсанала тургандыгы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин штандартынын дубликаты рес-публиканын борборундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденци-ясынын үстүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти башка резиденциялардажүргөндө алардын үстүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин транс-порт каражаттарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен ка-тар орнотула тургандыгы; - мамлекет башчысы катышкан салтанаттуу жана башка аземдерде Кыр-гыз Республикасынын Президентинин штандартынын дубликаты Кыргыз Респуб-ликасынын Мамлекеттик туусу менен катары орнотулушу мүмкүн экендиги. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлык-ка ылайык багытта пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентининштандартын (түп нускасын жана дубликаттарын) жана төш белгисин даярдоо-ну эки жумалык мөөнөттө камсыз кылсын. 5. "Кыргыз Республикасынын Президентинин айырмалоочу белгилерижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 10-майындагы№ 144 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын. 6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 31-июлундагы № 302 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республнкасынын Президентинин штандартынын СҮРӨТТӨЛҮШҮ Кыргыз Республикасынын Президентинин штандарты (желеги) кызылтүстөгү (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун түсү) кездемеденжасалат, ал туурасы 50 мм алтын тасма жана алтын чачык менен кыюулан-ган. Кездеменин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Геометриялык борборунда алтын айлана жайгашкан, анын диаметри же-лектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Алтын айлананын ортосунда Мамлекеттик гербдин стилдештирилгенсүрөтү жайгашкан: алтын айлананын ортосуна жайгаштырылган жана көлдүнарткы планында, Алатоонун этегинде жана алтын түстөгү нур чачып чыгыпкелаткан күндүн өњүтүндө жайгашкан канаттарын жайган ак шумкардынсүрөтү. Айлана бойлото "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген алтын жа-зуу жайгашкан. Тамгалардын өлчөмдөрү алтын айлананын диаметринин жети-ден бир бөлүгүн түзөт. Штандарттын жыгач сабына мамлекеттик тилде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин фамилиясы, аты-жөнү жана ал шайланган мөөнөттү көрсөткөндаталар оюп жазылган күмүш каргы бекитилет. Штандарттын жыгач сабынын башына алтын найза учу кийгизилген.