Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 12-августу УӨ № 121
"Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21 проценттин мамлекеттештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 13-июлундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын "U№ited Ceme№t Group PLC" компаниясына тиешелүү 13,21 проценти мамлекеттештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21 процентин мамлекеттештирүүгө байланыштуу акцияларды каттоону камсыз кылсын жана мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 11-р чечими
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |