Загрузка документа…
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 8-июнун-
дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмө-
түнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республика-
сынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан 31 коттеджи жана көп квартиралуу мейман үйү мамлекеттештирилсин.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декретинин редакциясына ылайык)
2. "Ысык-Көл Аврора" мамлекеттик ишканасы менен "О. К. К. В." жо-
опкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары - "О. К. К. В." ЖЧК) орто-
сунда 2008-жылдын 25-сентябрында түзүлгөн № 191, Кыргыз Республикасынын
Президентинин иш башкаруучусу тарабынан бекитилген Биргелешкен кызмат-
ташуу жөнүндө келишим жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо
кызматы 2008-жылдын 26-сентябрындагы, сериясы В, №040448, "О. К. К.
В." ЖЧКга берилген жер участокту убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү
жокко чыгарсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- мамлекеттештирилчү мүлктү балансына алсын жана анын сакталышын
камсыздасын;
- "Аврора Грин" ден соолукту чыњдоочу-туристтик комплекстин объек-
ттерин мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чара-
ларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө
менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
6. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
7. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева