Бишкек шаары2010-жылдын 19-июлу УӨ № 107 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө)кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга кир-гизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин8-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-ап-релиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, жана Кыргыз Республикасынынсотторунун талаптагыдай иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардынорун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө тиркел-ген Убактылуу жобо бекитилсин. 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардынорун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер ушул Декрет-тин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт; - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орун-дарына талапкерлерди дайындоо Кыргыз Республикасынын УбактылууӨкмөтүнүн тескемелери менен жүзөгө ашырылат; - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төрагаларын жанаалардын орун басарларын, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо Кыр-гыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен жүзөгө ашырылат; - судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардынорун басарларынын бош кызмат орундарына талапкерлерди дайындоо КыргызРеспубликасынын жањы Конституциясына ылайык аларды дайындоого жана шай-лоого чейинки мөөнөткө жүргүзүлөт. 3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Судь-яларды тандоо боюнча кењеш түзүлгөнгө чейин колдонулат. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева