ДекретКүчүндө

КР УО 2010-жылдын 19-июлунун № 107» Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу» Декрети

Редакция19.07.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары2010-жылдын 19-июлу УӨ № 107           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ          Судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана            алардын орун басарларынын бош кызмат орундарын               ээлөөнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону                           бекитүү тууралуу      2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (жалпы элдик добуш  берүүдө)кабыл  алынган  "Кыргыз  Республикасынын Конституциясын колдонууга кир-гизүү  жөнүндө"   Кыргыз   Республикасынын   Мыйзамынын   1-беренесинин8-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-ап-релиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып,  жана Кыргыз  Республикасынынсотторунун  талаптагыдай иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Респуб-ликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Судьялардын,  жергиликтүү  соттордун төрагаларынын жана алардынорун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөнүн тартиби жөнүндө тиркел-ген Убактылуу жобо бекитилсин.     2. Төмөнкүлөр белгиленсин:     - судьялардын,  жергиликтүү  соттордун  төрагаларынын жана алардынорун басарларынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер ушул Декрет-тин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт;     - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат орун-дарына   талапкерлерди   дайындоо   Кыргыз   Республикасынын  УбактылууӨкмөтүнүн тескемелери менен жүзөгө ашырылат;     - Кыргыз  Республикасынын  жергиликтүү сотторунун төрагаларын жанаалардын орун басарларын, жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо Кыр-гыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен жүзөгө ашырылат;     - судьялардын,  жергиликтүү соттордун төрагаларынын  жана  алардынорун  басарларынын  бош кызмат орундарына талапкерлерди дайындоо КыргызРеспубликасынын жањы Конституциясына ылайык аларды дайындоого жана шай-лоого чейинки мөөнөткө жүргүзүлөт.     3. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет  жана  Судь-яларды тандоо боюнча кењеш түзүлгөнгө чейин колдонулат.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева