Бишкек шаары2010-жылдын 23-августу УӨ № 123 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Салыктык милдеттенмелер боюнча эсептөөлөрдү оптималдаштыруу жанаэнергетика компанияларынын керектөөчүлөргө эсептерди коюу процедурасынжөнөкөйлөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушулДекретти кабыл алат: . Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-линдеги № 17 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кошумча нарк салы-гы бөлүгүндө өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу жана 2010-жыл-дын 12-мартындагы № 48 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жо-готту деп табуу тууралуу" Декретине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 3-пунктундагы "кол коюлган күндөн" деген сөздөр "2010-жылдын1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апре-линдеги № 21 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине сатуулардан алыну-учу салык бөлүгүндө толуктоо киргизүү жөнүндө" Декретине төмөнкүдөйөзгөртүү киргизилсин: - 2-пунктундагы "кол коюлган күндөн" деген сөздөр "2010-жылдын1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын. 3. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева