Редакцияот 08.02.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 8-февралы № 24

 

"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Ысыккөл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-жыл., N 12, 530-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

17-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы "транспортту пайдалануу," деген сөздөрдөн кийин "эки такттуу стационардык жана бардык типтеги, анын ичинде кустардык өндүрүштөгү асылма кыймылдаткычы бар сүзүүчү каражаттарды кошкондо," деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев