Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 19-февралы № 32
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьянын 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Колдонууга уруксат берилген кычыштыруучу жана жаш агызуучу заттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2. 3-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдерине ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацындагы "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 8-статьянын 1-пунктунда:
сегизинчи абзацындагы "тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен колдонууга макулдашылбаган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тыюу салынган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
онунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын криминалисттик талаптарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга" деген сөздөргө алмаштырылсын, ", Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик органы менен макулдашылган" деген сөздөр алып салынсын.
4. 10-статьяда:
2-бөлүгүндөгү "же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары менен биргелешип" деген сөздөр "тарабынан" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
5. 14-статьянын 2-жана 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 15-статьяда:
12-бөлүгүндөгү "аны Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары менен макулдашылган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15-бөлүгүндөгү "саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 21-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 24-статьянын 6-бөлүгүндөгү "талаптарды Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 27-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө өзүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын чечимдеринин ага ылайык келтиришин камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын тиешелүү бөлүктөгү чечимдери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |