Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 24-февралы № 33
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи
Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары эсептелет.".
2. 7-статьянын 4-бөлүгүндөгү "ведомстволор аралык ченемдик актылар же изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ортосундагы макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 9-статьяда:
2-бөлүктөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-бөлүктөгү "баңгизаттарды контролдоо боюнча органынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актыларында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 12-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 14-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актыларда каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 16-статьяда:
1-бөлүктө:
- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" жана "жана өздүк коопсуздук кызматынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жана" деген сөздөр алып салынсын;
5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;
6-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын;
9-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин", "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө өзүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын чечимдеринин ага ылайык келтиришин камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын тиешелүү бөлүктөгү чечимдери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин өзүнүн колдонулушун токтотот.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |