Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 4-марты № 43
"Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 93-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
2-пунктта:
- "Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик зарыл жол-жоболору жасалган эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстте "международного" деген сөз "международных" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. 41-статьянын 1-пунктундагы "ыйгарым укуктуу орган белгилеген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |