Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-июлу № 131
Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу максаты жана чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам товарлардын тышкы соодасын жүзөгө ашырууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу боюнча иштин укуктук негиздерин белгилейт.
2. Ушул Мыйзам товарларды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүгө чейинки териштирүүлөргө байланыштуу келип чыгуучу укуктук мамилелерге карата колдонулат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен жөнгө салынуучу кызмат көрсөтүүлөргө, жумуштарды аткарууга, интеллектуалдык менчик объекттерине өзгөчө укуктарды өткөрүп берүүгө же интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланууга укук берүүгө, инвестицияларды, валюталык жана экспорттук контролду жүзөгө ашырууга байланышкан мамилелерге жайылтылбайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) окшош товар - териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товарга толугу менен окшош, же болбосо мындай товар жокто териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товардын мүнөздөмөлөрүнө жакын мүнөздөмөлөрү бар товар;
2) демпингге каршы чара - демпинг импортуна каршы аракеттенүү боюнча чара, ал ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча демпингге каршы алымды, анын ичинде алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү, же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган ыктыярдуу баа милдеттенмелерин жактыруу аркылуу колдонулат;
3) демпингге каршы алым - демпингге каршы чараны киргизүүдө колдонулуучу жана ташып келүү бажы алымына карабастан бажы органдары тарабынан алынуучу алым;
4) ички рынок - белгилүү бир бажы аймагы менен чектелген, анын чегинде рыноктун катышуучулары өздөрүнүн тышкы экономикалык иштерин өз ара жүзөгө ашыруучу рынок;
5) демпинг - товарларды тышкы рынокто (же ички рынокто) атайылап төмөндөтүлгөн бааларда сатуу;
6) демпинг маржасы - товардын кадимки наркынын ушул товардын экспорттук баасын алып салгандан кийинки, анын экспорттук баасына карата пайыздар менен туюндурулган катышы, же болбосо товардын кадимки наркы менен анын экспорттук баасынын ортосундагы абсолюттук көрсөткүчтөрдө туюндурулган айырма;
7) демпинг импорту - бажы аймагына окшош товардын кадимки наркынан төмөн болгон баада товарды импорттоо;
8) импорттук квота - товардын санына жана/же наркына карата өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоону чектөө;
9) компенсациялык чара - экспорттоочу өлкөнүн спецификалык субсидиясынын экономика тармагына таасирин жоюу боюнча, компенсациялык алымды (анын ичинде алдын ала компенсациялык алымды) киргизүү, же болбосо субсидиялоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу аркылуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча колдонулуучу чара;
10) компенсациялык алым - компенсациялык чара киргизүүдө колдонула турган жана ташып келүү бажы алымына карабастан бажы органдары тарабынан алынуучу алым;
11) экономика тармагына материалдык зыян - экономика тармагынын абалынын далилдер менен ырасталып начарлоосу, ал өлкөдө жана/же интеграциялык бирикмеде окшош товарды өндүрүү көлөмүнүн жана ички рынокто сатуу көлөмүнүн кыскарышынан, мындай товарды өндүрүүнүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндөшүнөн, ошондой эле товардык запастарга, иш менен камсыз болууга, эмгек акынын жана экономиканын ушул тармагына инвестициялардын деңгээлине тийгизген терс таасиринен билиниши мүмкүн;
12) тикелей атаандашуучу товар - өзүнүн милдет-багыты, колдонулушу, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча, ошондой эле башка негизги касиеттери боюнча териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товар менен салыштырылуучу товар, анткени сатып алуучу керектөө процессинде териштирүүнүн (кайталап териштирүүнүн) объекти болуп саналган же боло ала турган товарды алмаштырат же алмаштырууга даяр;
13) экономика тармагы - өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бир типтеги технологиялар боюнча бир түрдүү же спецификалык продукцияны чыгаруучу, өндүрүүчү же берүүчү ишканаларынын жыйындысы;
14) сооданын адаттагы жүрүшү - чет мамлекеттин рыногунда окшош товарды сатып алуу-сатуу, андан териштирүүнүн объекти болуп саналган товар анын орточо өлчөнгөн өздүк наркынан төмөн болбогон, өндүрүштүн орточо өлчөнгөн чыгымдарынын жана орточо өлчөнгөн соода, административдик жана жалпы чыгымдарынын негизинде аныкталуучу баада экспорттолот;
15) териштирүү жүргүзүүчү орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилүүчү ыйгарым укуктардын алкагында аракеттенүүчү орган;
16) алдын ала демпингге каршы алым - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө демпинг импортунун жана муну менен шартталган экономика тармагына материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун болушу, же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдоосу жөнүндө алдын ала корутунду жасалган өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоодо колдонулуучу алым;
17) алдын ала компенсациялык алым - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан субсидиялануучу импорттун жана экономика тармагына ушул импорт менен шартталган материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун болушу, же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдоосу жөнүндө алдын ала корутунду жасалган өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоодо колдонулуучу алым;
18) алдын ала атайын алым - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жүрүшүндө экономика тармагына олуттуу зыян келтирген же келтирүү коркунучун туудурган өсүп жаткан импорттун болушу жөнүндө алдын ала корутунду жасалган өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына товарды импорттоодо колдонулуучу алым;
19) мурдагы мезгил - териштирүү жүргүзүү жөнүндө арыз берилген датанын түздөн-түз алдындагы, алар боюнча зарыл статистикалык маалыматтар бар 3 календардык жыл;
20) териштирүү - териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу, атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдындагы жол-жобо;
21) байланышкан адамдар - төмөнкү критерийлердин бирине же бир нечесине жооп берүүчү адамдар:
бул адамдардын ар бири башка адамдардын катышуусу менен түзүлгөн уюмдун кызматкери же жетекчиси болуп саналат;
адамдар иштиктүү өнөктөр болуп саналат, башкача айтканда, келишимдик мамилелер менен байланышкан, пайда табуу максатында аракеттенишет жана биргеликте иштерди жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарды жана зыяндарды биргелешип тартышат;
адамдар бир уюмдун иш берүүчүлөрү жана кызматкерлери болуп саналат;
добуш берүүчү акциялардын же эки адамдын тең үлүштөрүнүн 5 жана андан көп пайызына түз же кыйыр ээлик кылуучу, контролдоочу же номиналдуу кармоочусу болуп саналган кайсы болбосун адам;
адамдардын бири башка адамды түздөн-түз же кыйыр контролдойт;
эки адам тең үчүнчү жак тарабынан түздөн-түз же кыйыр контролдонот;
эки адам тең биргелешип үчүнчү жакты түздөн-түз же кыйыр контролдойт;
адамдар никелик мамиледе, туугандык же куда-сөөктүк, асырап алуучу жана асырап алынган, ошондой эле көзөмөлчү жана камкордукка алынган мамилелерде турат;
22) экономика тармагына олуттуу зыян - окшош же тикелей атаандашуучу товарды өндүрүү менен байланышкан кырдаалдын далилдер менен ырасталган жалпы начарлашы, ал экономика тармагынын өндүрүштүк, соода жана финансылык абалынын олуттуу начарлашынан билинет жана, адатта, өткөн мезгил үчүн аныкталат;
23) атайын коргоо чарасы - өлкөнүн жана/же интеграциялык бирикменин бажы аймагына карата өсүп бараткан импортту чектөө боюнча чара, ал ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча импорттук квота, атайын квота же атайын алым, анын ичинде алдын ала атайын алым киргизүү аркылуу колдонулат;
24) атайын алым - ташып келүү бажы алымы алынгандыгына карабастан, атайын коргоо чарасын киргизгенден кийин алынуучу алым;
25) атайын квота - товардын импортунун көлөмү (накталай жана/же нарктык туюнтмада), анын алкагында товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына атайын алымды төлөбөстөн, ал эми андан жогору болгондо атайын алымды төлөө менен берилет;
26) тарифтик преференциялар системасын колдонуучу өлкө - интеграциялык бирикме менен бирдикте эркин соода аймагын түзгөн өлкөлөрдөн чыккан товарларга карата ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу же анын ставкаларын төмөндөтүү, же болбосо тарифтик преференциялардын бирдиктүү системасын пайдалануучу өлкөлөрдөн чыккан товарларга карата ташып келүү бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу, анын ставкаларын төмөндөтүү;
27) субсидиялануучу импорт - өндүрүүдө, экспорттоодо же ташууда экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясы пайдаланылган товардын өлкөнүн бажы аймагына импорту;
28) субсидиялоочу орган - экспорттоочу чет мамлекеттин мамлекеттик органы, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, же тиешелүү мамлекеттик органдын, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тапшырмасы боюнча аракеттенген, же тиешелүү мамлекеттик орган, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан укуктук актыга ылайык же иш жүзүндөгү жагдайлардан улам ыйгарым укук берилген жак;
29) Кыргыз Республикасынын бажы аймагы - Кыргыз Республикасынын аймагы, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын аймактары, ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан, аларга карата Кыргыз Республикасы өзгөчө юрисдикцияга ээ болгон курулмалар, түзүлүштөр жана башка объекттер;
30) экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу - экономика тармагынын материалдык зыянга учуроосунун далилдер менен ырасталган аргасыздыгы;
31) экономика тармагына олуттуу зыян келтирүү коркунучу - экономика тармагынын олуттуу зыянга учуроосунун далилдер менен ырасталган аргасыздыгы;
32) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу туруктуу иштеген жөнгө салуучу орган;
33) экспорттук баа - мамлекеттин бажы аймагына товарды импорттоодо төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа;
34) экспорттоочу чет мамлекет - интеграциялык бирикменин катышуучусу болуп саналбаган, андан териштирүүнүн объекти болгон же боло ала турган товар импорттолуучу чет мамлекет (чет мамлекеттердин бирикмеси).
3-берене. Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укуктук базасы
1. Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укуктук базасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана тышкы соода ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдеринде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер белгиленсе, эл аралык укук ченемдеринде башкача аныкталбаса, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат.
4-берене. Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу максатындагы териштирүү
1. Товарды импорттоодо атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды киргизүүнүн алдында ушул Мыйзамдын ченемдерине жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлүүчү териштирүү болууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн териштирүү Кыргыз Республикасынын бажы аймагында импорттун өсүүсүн жана ушуну менен шартталган экономика тармагына олуттуу зыяндын келүүсүн же келтирүү коркунучун аныктоо, ошондой эле демпингдик же субсидиялануучу импорттун болушун жана ушуну менен шартталган экономика тармагына материалдык зыяндын келүүсүн же келтирүү коркунучун аныктоо максатында жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды, кайталап териштирүүлөрдү киргизүүнүн алдындагы териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жана эрежелери, териштирүү жүргүзүүчү органдын иш тартиби, өскөн демпингдик жана субсидиялануучу импорттун таасирине талдоо жүргүзүүнүн, консультацияларды өткөрүүнүн жана билдирүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5-берене. Териштирүү жүргүзүүдө жана атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чараларды киргизүүдө, колдонууда, кайра кароодо, алып салууда ыйгарым укуктуу органдын өз ара аракеттенүүсү
1. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган менен өз ара аракеттенет.
2. Ыйгарым укуктуу орган териштирүү жүргүзүүчү органга атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонууга чейинки териштирүүлөрдү демилгелөө боюнча сунуштарды киргизет.
3. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт.
4. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар боюнча маселелерди түзөт жана Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.
5. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо, демпингге каршы же компенсациялык чаралар маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат.
6. Ыйгарым укуктуу орган башка өлкөлөрдүн расмий органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
7. Ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын тышкы соода иш чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
6-берене. Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөө, төлөө жана кайтаруу
1. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды эсептөө, бул алымдарды төлөө боюнча милдеттердин келип чыгышы жана токтошу, аларды төлөө мөөнөттөрүн жана тартибин аныктоо, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды кошуп эсептөө, бөлүштүрүү жана кайтаруу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө, кошуп эсептөө, бөлүштүрүү жана кайтаруу бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Атайын коргоо чаралары
7-берене. Атайын коргоо чараларын колдонуунун жалпы принциптери
1. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорт экономика тармагына олуттуу зыян келтирген же келтирүү коркунучун түзгөн сандарда (окшош же түздөн-түз атаандаш товардын өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнө карата абсолюттук же салыштырма көрсөткүчтөрдө) жана шарттарда жүзөгө ашырыла тургандыгы аныкталган учурда, атайын коргоо чарасы товарга карата колдонулат.
2. Өнүгүп келе жаткан же анча өнүкпөгөн - тарифтик преференциялар системасын пайдалануучу өлкөдөн чыккан товардын импортунун үлүшү ушундай эле товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импортунун жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпай турганда, ошол эле учурда ушундай өлкөлөрдөн болгон товардын импортунун суммалык үлүшү окшош товардын импортунун жалпы көлөмүнүн 9 пайызынан ашпай турганда, атайын коргоо чарасы териштирүүнүн объекти болуп саналган мындай өлкөгө карата колдонулбайт.
3. Атайын коргоо чарасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген учурларда колдонулбайт.
8-берене. Импорттун өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыян келтирүүнү же аны келтирүү коркунучун аныктоо
1. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун көлөмүнүн өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун аныктоо максатында, териштирүүнүн жүрүшүндө сандык көрсөткүчтөрдө туюндурулушу мүмкүн болгон жана экономика тармагынын экономикалык абалына таасир көрсөткөн объективдүү факторлорго баа берет.
2. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган, импорт көлөмүнүн өсүшүнөн тышкары, натыйжасында ошол эле мезгилде экономика тармагына олуттуу зыян келтирип жаткан же аны келтирүү коркунучун туудурган башка белгилүү факторлорду талдоого алат. Көрсөтүлгөн зыян Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттун өсүшүнүн натыйжасында экономика тармагына олуттуу зыян келтирүүгө же келтирүү коркунучуна таандык болбоого тийиш.
9-берене. Алдын ала атайын алым киргизүү
1. Атайын коргоо чарасын колдонуунун кечеңдеши экономика тармагына аягында жоюу кыйын болгон зыян келтирүүгө алып келген оор жагдайларда, териштирүү жүргүзүп жаткан орган тиешелүү териштирүү аяктаганга чейин териштирүү жүргүзүп жаткан органдын алдын ала корутундусунун негизинде 200 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө алдын ала атайын алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат, ушуга ылайык териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын импортунун өскөн көлөмү экономика тармагына олуттуу зыян келтиргендигинин же коркунуч туудургандыгынын айкын далилдери бар.
Териштирүүнү жүргүзүп жаткан органдын соңку корутундусу алынганга чейин териштирүү улантылууга тийиш.
2. Алдын ала атайын алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган алдын ала корутундунун негизинде, териштирүү жүргүзүп жаткан орган даярдаган аны киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.
3. Эгерде териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча атайын коргоо чарасын киргизүү үчүн негиздер жок экендиги аныкталса же ушундай чараны колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык алдын ала атайын алым кайтарып берилүүгө жатат.
4. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча атайын коргоо чарасын колдонуу (анын ичинде импорттук же атайын квота киргизүү) жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала атайын алымды колдонуунун мөөнөтү атайын коргоо чарасын колдонуунун жалпы мөөнөтүнө кошуп эсептелет, ал эми алдын ала атайын алымдын суммалары атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык эсепке алынууга жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
5. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала атайын алымдын ставкасына караганда атайын алымдын төмөнүрөөк ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, атайын алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген атайын алымдын суммасына ылайык келген алдын ала атайын алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык эсепке алынууга жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
Атайын алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген атайын алымдын суммасынан ашкан алдын ала атайын алымдын суммалары Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кайтарып берилүүгө жатат.
6. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала атайын алымдын ставкасына караганда атайын алымдын жогорураак ставкасын киргизүү максатка ылайык деп табылса, атайын алым менен алдын ала атайын алымдын суммаларынын ортосундагы айырма алынбайт.
7. Алдын ала атайын алым киргизүү жөнүндө чечим териштирүү башталган күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алынат.
10-берене. Атайын коргоо чарасын колдонуу
1. Атайын коргоо чарасы ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун болтурбоо же жоюу, ошондой эле экономика тармагынын өзгөрүлүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлашуу процессин жеңилдетүү үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттө колдонулат.
2. Ыйгарым укуктуу орган атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган атайын алымды, импорттук же атайын квотаны киргизүү жөнүндө сунуш кызыкдар тараптар менен макулдашылат.
3. Эгерде атайын коргоо чарасы импорттук квотаны колдонуу аркылуу колдонулса, анын өлчөмү, экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун жоюу үчүн импорттук квотанын аз өлчөмүн колдонуу зарыл болгон учурларды кошпогондо, териштирүүнүн объекти болуп саналган (сандык же нарктык туюндурмада) өткөн мезгил үчүн товардын импортунун орточо жылдык көлөмүнөн төмөн эмес белгиленет.
4. Импорттук квота формасындагы атайын коргоо чарасын колдонуунун тартиби атайын коргоо чарасын колдонуу жөнүндө чечим менен белгиленет. Эгерде мындай чечим импортту лицензиялоону караштырса, лицензиялар тышкы соода ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
5. Эгерде атайын коргоо чарасы атайын квота түрүндө колдонулса, мындай квотанын өлчөмүн аныктоо, аны бөлүштүрүү жана колдонуу импорттук квота үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
11-берене. Атайын коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү жана аны кайра кароо
1. Атайын коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү, ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык аны узарткан учурду кошпогондо, 4 жылдан ашпайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн атайын коргоо чарасын колдонуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу орган тарабынан экономика тармагына олуттуу зыянды же аны келтирүү коркунучун жоюу зарыл болгондо, ошол эле учурда экономиканын тиешелүү тармагы тарабынан бул тармакты өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлаштырууга көмөк көрсөтүүчү чаралар көрүлүп жаткандыгынын далилдери болгондо кайталап териштирүүнүн натыйжалары боюнча узартылат.
3-глава. Демпингге каршы чаралар
12-берене. Демпингге каршы чараны колдонуунун негизги принциптери
1. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча мындай товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорту экономика тармагына материалдык зыян келтирери, зыян келтирүү коркунучун түзөрү же экономика тармагын түзүүнү олуттуу басаңдатары аныкталса, демпинг импортунун предмети болгон товарга карата демпингге каршы чара колдонулат.
2. Эгерде товардын экспорттук баасы анын кадимки наркынан төмөн турса, мындай товар демпинг импортунун предмети болуп саналат.
3. Демпинг импортунун бар экендигин аныктоо үчүн маалыматтар талданган териштирүү мезгили териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.
13-берене. Демпинг маржасын аныктоо
1. Демпинг маржасы териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан экспорттоочу мамлекетте демпингге каршы териштирүүнүн предмети болуп саналган товардын кадимки наркын аталган товардын экспорттук наркына салыштыруунун негизинде аныкталат.
2. Товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен салыштыруу соода операциясынын бир эле баскычында жана мүмкүн болушунча бир эле убакта орун алган товар сатуу учурларына карата жүзөгө ашырылат.
3. Товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен салыштырууда баалардын салыштырмалуулугуна таасир этүүчү айырмаларды, анын ичинде берүүлөрдүн шарттарынын жана мүнөздөмөлөрүнүн, салык салуунун, соода операцияларынын баскычтарынын, сандык көрсөткүчтөрдүн, физикалык мүнөздөмөлөрдүн айырмаларын, ошондой эле аларга карата далилдер берилген ар кандай башка айырмаларды эске алуу менен аларды оңдоо, түзөтүү жүзөгө ашырылат.
Териштирүү жүргүзүп жаткан орган көрсөтүлгөн айырмаларды эске алган түзөтүүлөр бири-бирин кайталабагандыгына жана товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен салыштыруунун жыйынтыгы бурмаланбагандыгына ынанат. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган кызыкдар жактардан товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен талаптагыдай салыштырууну камсыз кылуу үчүн зарыл маалыматты талап кылууга укуктуу.
4. Экспорттоочу чет мамлекеттин рыногунда сооданын адаттагыдай жүрүшүндө окшош товарды сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү жок учурда, же болбосо сатуу көлөмүнүн төмөндүгүнө же ушул рыноктогу өзгөчө кырдаалга байланыштуу, экспорттоочу чет мамлекеттин рыногунда сатууда товардын экспорттук баасын окшош товардын баасы менен талаптагыдай салыштыруу жүргүзүү мүмкүн болбосо, товардын экспорттук баасы экспорттоочу чет мамлекеттен башка чет өлкөгө импорттолуучу (окшош товардын баасы репрезентативдүү болуп саналган шартта) окшош товардын салыштырма баасы менен же зарыл административдик, соода жана жалпы чыгымдарды жана пайданы эске алуу менен товар чыккан өлкөдөгү аны өндүрүү чыгымдары менен салыштырылат.
5. Эгерде товар ал чыккан өлкө болуп саналбаган экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолсо, мындай товардын экспорттук баасы экспорттоочу чет мамлекеттин рыногундагы окшош товардын салыштырма баасы менен салыштырылат.
Эгерде товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына экспорттолуп жаткан экспорттоочу чет мамлекет аркылуу кайра жөнөтүлүп жаткан болсо гана, же болбосо ал өндүрүлбөсө же окшош товардын салыштырма баасы бул чет мамлекетте жок болсо, товардын экспорттук баасы ал чыккан өлкөдөгү окшош товардын салыштырма баасы менен салыштырылышы мүмкүн.
6. Эгерде товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен салыштырууда алардын чоңдугун бир валютадан экинчи валютага кайра эсептөө талап кылынса, мындай кайра эсептөө товар сатылган күнгө карата валюталардын расмий курстарын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
7. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган жекече демпинг маржасын аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү зарыл маалыматтарды берген ар бир белгилүү товар экспорттоочу жана/же өндүрүүчү үчүн жекече демпинг маржасын аныктайт.
14-берене. Товардын кадимки наркын аныктоо
1. Товардын кадимки наркы териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан, сооданын адаттагы жүрүшүндө экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногунда териштирүү мезгилиндеги окшош товардын бааларынын негизинде аныкталат, ошол эле учурда сатып алуучулар экспорттоочу чет мамлекеттин бажы аймагында пайдалануу үчүн ал чет мамлекеттин резиденттери болуп саналган өндүрүүчү жана/же экспорттоочу менен байланышкан жактар болуп саналбайт.
Эгерде көрсөтүлгөн байланыш чет өлкөлүк өндүрүүчүнүн жана/же экспорттоочунун баа саясатына таасир этпей тургандыгы белгиленсе, кадимки наркты аныктоо максатында ал чет мамлекеттин резиденттери болуп саналган, өндүрүүчү жана/же экспорттоочу менен байланышкан жактарга тиешелүү сатып алуучуларга аны сатууда экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногундагы окшош товардын баалары эске алынышы мүмкүн.
2. Эгерде окшош товар сатуунун көлөмү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товардын экспортунун жалпы көлөмүнүн 5 пайызынан кем эмесин түзсө, экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногундагы сооданын адаттагы жүрүшүндө окшош товарды сатуунун көлөмү товардын кадимки наркын аныктоо үчүн жетиштүү көлөм катары каралат.
Эгерде сооданын адаттагы жүрүшүндө товардын экспорттук баасын окшош товардын баасы менен талаптагыдай салыштырууну камсыз кылуу үчүн мындай көлөм шексиз жетиштүү болсо, товардын кадимки наркын аныктоо үчүн окшош товарды сатуунун төмөнүрөөк көлөмү алгылыктуу болуп эсептелет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык товардын кадимки наркын аныктоодо экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногундагы товардын баасы болуп териштирүү мезгилинин ичинде окшош товар сатылып келген орточо салыштырмалуу баа же ар бир өзүнчө учур боюнча товардын сатуу баасы саналат.
4. Административдик, соода жана жалпы чыгымдарды эске алуу менен окшош товарды экспорттоочу чет мамлекеттин ички рыногунда же экспорттоочу чет мамлекеттен башка чет мамлекетке окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркынан төмөн бааларда сатуу товардын кадимки наркын аныктоодо, эгерде териштирүү жүргүзүүчү орган мындай сатуу териштирүү мезгилинде олуттуу көлөмдө жана ошол мезгилдеги бардык чыгымдардын ордун толтурууну камсыз кылбаган бааларда жүргүзүлүп жаткандыгын аныктаган учурда, эсепке алынбашы мүмкүн.
5. Административдик, соода жана жалпы чыгымдарды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркынан төмөн сатылган учурдагы окшош товардын баасы териштирүү мезгилинде административдик, соода жана жалпы чыгымдарды эске алуу менен товар бирдигин өндүрүүнүн орточо салыштырмалуу өздүк наркынан ашып кетсе, мындай баа териштирүү мезгилинин ичиндеги бардык чыгымдардын ордун толтурууну камсыз кылуучу баа катары каралат.
6. Административдик, соода жана жалпы чыгымдарды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркынан төмөн баада окшош товарды сатуу, эгерде окшош товардын орточо салыштырмалуу баасы товардын кадимки наркын аныктоодо эске алынган бүтүмдөр боюнча административдик, соода жана жалпы чыгымдарды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн орточо салыштырмалуу өздүк наркынан төмөн болгон же мындай өздүк нарктан төмөн баалар боюнча сатуунун көлөмү товардын кадимки наркын аныктоодо эске алынуучу бүтүмдөр боюнча сатуунун көлөмүнүн жыйырма пайызынан кем эмесин түзгөн учурда, олуттуу көлөмдө жүзөгө ашырылган сатуу деп эсептелет.
7. Маалыматтар экспорттоочу чет мамлекеттеги бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен эрежелерине ылайык келген жана товарды өндүрүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдарды толугу менен чагылдырган шартта, административдик, соода жана жалпы чыгымдарды эске алуу менен окшош товардын бирдигин өндүрүүнүн өздүк наркы товардын экспорттоочусу же өндүрүүчүсү тарабынан берилген маалыматтардын негизинде эсептелет.
8. Эгерде чыгымдарды бөлүштүрүү ушул товар экспорттоочу же өндүрүүчү тарабынан, атап айтканда, амортизациянын, капиталдык салымдарга чегерүүлөрдүн тиешелүү мезгилин белгилөөгө жана өндүрүштү өнүктүрүүгө болгон башка чыгымдарды жабууга карата колдонулуп келсе, териштирүү жүргүзүп жаткан орган өндүрүштүн чыгымдарын, административдик, соода жана жалпы чыгымдардын туура бөлүштүрүлүшү боюнча анын карамагындагы бардык далилдерди, ага кошуп териштирүүнүн объекти болгон товар экспорттоочу же өндүрүүчү тарабынан берилген маалыматтарды эске алат.
9. Ички рыноктогу баалар түздөн-түз мамлекет тарабынан жөнгө салынган же тышкы сооданын мамлекеттик монополиясы жашаган экспорттоочу чет мамлекеттен демпинг импорту болгон учурда, товардын кадимки наркы башка экспорттоочу чет мамлекеттеги окшош товардын баасынын же эсептелген наркынын (салыштыруу максатында), же болбосо ушундай чет мамлекеттен экспортко берүүдөгү окшош товардын баасынын негизинде аныкталышы мүмкүн. Эгерде ушул бөлүккө ылайык товардын кадимки наркын аныктоо мүмкүн болбосо, товардын кадимки наркы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында окшош товар үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон, пайданы эске алуу менен оңдолгон баанын негизинде аныкталышы мүмкүн.
15-берене. Товардын экспорттук баасын аныктоо
1. Товардын экспорттук баасы териштирүү мезгилинде аны сатуу жөнүндө бар маалыматтардын негизинде аныкталат.
2. Демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтар жокто, же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органда товардын экспорттоочусу жана импорттоочусу байланыштуу адамдар болуп саналгандыктан (анын ичинде үчүнчү жактар менен), бул товардын экспорттук баасы жөнүндө маалыматтардын аныктыгына негиздүү шектенүүлөр келип чыкканда, же болбосо мындай товардын экспорттук баасына карата келишип алуу түрүндөгү чектөөчү иштиктүү практика болгондо, анын экспорттук баасы импорттолгон товар көз карандысыз сатып алуучуга алгачкы жолу кайра сатылган баанын негизинде же, эгерде мындай товар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолгон түрүндө кайра сатылбаса, башка метод менен эсептелиши мүмкүн. Ушуну менен бирге, товардын экспорттук баасын анын кадимки наркы менен салыштыруу максатында, пайда, ошондой эле товардын импорту менен аны кайра сатуунун ортосундагы мезгилде төлөнгөн чыгымдар (анын ичинде бажы алымдары жана салыктар) эске алынат.
16-берене. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыянды, мындай зыянды келтирүү коркунучун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашын белгилөө
1. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыян, мындай зыянды келтирүү коркунучу же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашы демпинг импортунун көлөмүн талдоонун жыйынтыктарынын жана мындай импорттун Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы окшош товардын бааларына жана окшош товардын өндүрүүчүлөрүнө болгон таасиринин негизинде белгиленет.
2. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына зыяндын болушун аныктоо максатында маалыматтар талдоого алынуучу териштирүү мезгили териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.
3. Демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу белгиленгенде, териштирүү жүргүзүп жаткан орган бардык болгон факторлорду эске алат.
4. Эгерде териштирүүнүн жүрүшүндө орун алган факторлорду талдоонун жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортун токтотуунун мүмкүн эместиги жана ушундай импорт менен шартталган экономика тармагына материалдык зыян келтирүү жана демпингге каршы чара көрүү зарылчылыгы жөнүндө корутунду берсе, экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучунун бар экендиги тууралуу чечим кабыл алынат.
17-берене. Алдын ала демпингге каршы алым киргизүү
1. Эгерде териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүүнү аяктаганга чейин демпинг импортунун жана экономика тармагына ушуну менен келтирилген зыяндын бар экендиги жөнүндө маалымат алынса, анда ушул органдын алдын ала корутундуну камтыган баяндамасынын негизинде алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү менен демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
2. Алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен алдын ала корутундунун негизинде, териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган алдын ала демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө сунушту макулдашат.
3. Алдын ала демпингге каршы алым териштирүү башталган күндөн тартып 60 календардык күндөн эрте киргизилиши мүмкүн эмес.
4. Алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасы экономика тармагына зыянды жоюу үчүн жетиштүү болууга, бирок алдын ала эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнөн жогору болбоого тийиш.
5. Териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын демпинг импортунун көлөмүндөгү үлүшү чоң бөлүгүн түзгөн экспорттоочулардын кайрылуусунун негизинде мөөнөтү 6 айга чейин узартылган учурду кошпогондо, алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасы алдын ала эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнө барабар болгон учурда, алдын ала демпингге каршы алымды колдонуу мөөнөтү 4 айдан ашпоого тийиш.
6. Териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын демпинг импортунун көлөмүндөгү үлүшү чоң бөлүктү түзгөн экспорттоочулардын кайрылуусунун негизинде мөөнөтү 9 айга чейин узартылган учурду кошпогондо, алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасы алдын ала эсептелген демпинг маржасынан аз болгон учурда, алдын ала демпингге каршы алымды колдонуу мөөнөтү 6 айдан ашпоого тийиш.
7. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан орган тарабынан демпингге каршы чара киргизүү үчүн негиздер жок экендиги аныкталса, же болбосо демпингге каршы чара колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала демпингге каршы алымдын суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайтарып берилүүгө жатат.
8. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучунун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдоосу болгондугунун негизинде демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала демпингге каршы алымдын суммасы ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарып берилүүгө жатат.
9. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча экономика тармагына материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун болгондугунун негизинде демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса (алдын ала демпингге каршы алымды киргизбөө экономика тармагына материалдык зыян алып келген шартта), алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, ушул берененин 10 жана 11-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
10. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасына караганда демпингге каршы алымдын төмөнүрөөк ставкасын киргизүү максатка ылайык деп таанылса, демпингге каршы алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген демпингге каршы алымдын суммасына ылайык келген алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
Демпингге каршы алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген демпингге каршы алымдын суммасынан ашкан алдын ала демпингге каршы алымдын суммалары Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык кайтарылууга жатат.
11. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала демпингге каршы алымдын ставкасына караганда демпингге каршы алымдын жогорураак ставкасын киргизүү максатка ылайык деп таанылса, демпингге каршы алымдын жана алдын ала демпингге каршы алымдын суммаларынын ортосундагы айырма алынбайт.
12. Алдын ала демпингге каршы алым териштирүү бир убакта улантылган шартта колдонулат.
13. Алдын ала демпингге каршы алым киргизүү жөнүндө чечим териштирүү башталган күндөн тартып 7 айдан кечиктирбестен кабыл алынат.
18-берене. Териштирүүнүн объекти болуп саналган товарга болгон баа милдеттенмелерин экспорттоочунун кабыл алуусу
1. Териштирүүнүн объекти болуп саналган товарга болгон баа милдеттенмелерин экспорттоочудан алганда, алдын ала демпингге каршы алымды же демпингге каршы алымды киргизбестен, териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү токтотулуп турат же кыскартылат.
2. Баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим териштирүү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортунун жана аны менен шартталган экономика тармагына зыяндын бар экендиги жөнүндө алдын ала корутундуга келгенге чейин кабыл алынбайт.
3. Чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.
4. Эгерде териштирүү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын реалдуу же потенциалдуу экспорттоочуларынын саны көптүгүнө байланыштуу же башка себептер боюнча аларды жактырууга ылайыксыздыгы жөнүндө корутундуга келсе, баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
5. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган экспорттоочуларга баа милдеттенмелерин кабыл алууну сунуштай алат, бирок аларды кабыл алууну талап кыла албайт.
6. Баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, демпингге каршы териштирүү товардын экспорттоочусунун кайрылуусу же териштирүү жүргүзүп жаткан органдын чечими боюнча улантылышы мүмкүн. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортунун же экономика тармагына аны менен шартталган зыяндын жок экендиги жөнүндө корутундуга келсе, аталган корутунду олуттуу даражада мындай милдеттенмелердин бар экендигинин натыйжасы болуп саналган учурду кошпогондо, баа милдеттенмелерин кабыл алган экспорттоочу мындай милдеттенмелерден бошотулат. Эгерде корутундуда баа милдеттенмелеринин бар экендигинин натыйжасы олуттуу даражада көрсөтүлсө, мындай милдеттенмелер, ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен, убакыттын зарыл мезгилинин ичинде күчүндө калууга тийиш.
7. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган демпинг импортунун жана экономика тармагына аны менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө корутундуга келсе, экспорттоочу кабыл алган баа милдеттенмелери баа милдеттенмелеринин шарттарына жана ушул Мыйзамга ылайык иштөөсүн улантат.
8. Экспорттоочу тарабынан баа милдеттенмелери бузулган же чакыртып алынган учурларда, алдын ала демпингге каршы алымды (эгерде териштирүү аяктай элек болсо) же демпингге каршы алымды киргизүү аркылуу (эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары аны киргизүү үчүн негиздер бар экендигин күбөлөндүрсө) демпингге каршы чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
9. Экспорттоочулар кабыл алынган баа милдеттенмелерин бузган учурда, аларга мындай бузууга байланыштуу комментарий берүү мүмкүнчүлүгү берилет.
10. Баа милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечимде алдын ала демпингге каршы алымдын же демпингге каршы алымдын ставкасы аныкталууга тийиш жана алар ушул берененин 8-бөлүгүнө ылайык киргизилиши мүмкүн.
19-берене. Демпингге каршы алымды киргизүү жана аны колдонуу
1. Баа милдеттенмелери ушул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык жактырылган экспорттоочулар тарабынан берилүүчү товарды кошпогондо, демпингге каршы алым бардык экспорттоочулар тарабынан берилүүчү жана экономика тармагына зыян келтирген демпинг импортунун предмети болуп саналган товарга карата колдонулат.
2. Демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.
3. Демпингге каршы алымдын өлчөмү экономика тармагына зыянды жоюу үчүн жетиштүү болууга, бирок эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнөн жогору болбоого тийиш.
Эгерде демпинг маржасынын өлчөмү экономика тармагына зыянды жоюу үчүн жетиштүү болуп саналса, ыйгарым укуктуу орган өлчөмү эсептелген демпинг маржасынын өлчөмүнөн аз болгон демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
4. Демпингге каршы алымдын ставкасынын жекече өлчөмү демпинг импортунун предмети болуп саналган, ар бир экспорттоочу же товарды өндүрүүчү тарабынан берилүүчү, алар үчүн жеке демпинг маржасы эсептелген товарга карата белгиленет.
5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн демпингге каршы алымдын ставкасынын жекече өлчөмүнөн тышкары, алар үчүн жекече демпинг маржасы эсептелбеген экспорттоочу чет мамлекеттен товардын бардын башка экспорттоочулары же өндүрүүчүлөрү тарабынан берилүүчү товарга териштирүүнүн жүрүшүндө эсептелген эң жогорку демпинг маржасынын негизинде демпингге каршы алымдын бирдиктүү ставкасы белгиленет.
6. Демпингге каршы алым бажы жол-жоболоруна ылайык жайгаштырылган товарларга карата колдонулушу мүмкүн, ушуну менен бирге жайгаштыруу шарты болуп демпингге каршы алымдарды алдын ала демпингге каршы алым киргизилген датага чейинки 90 календардык күндөн эрте эмес төлөө саналат.
20-берене. Демпингге каршы чараны кайра карап чыгуу
1. Демпингге каршы чара демпинг импортунун натыйжасында экономика тармагына келтирилген зыянды жоюу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттө колдонулат.
2. Демпингге каршы чара колдонуунун мөөнөтү мындай чараны колдонуу башталган же өзгөргөн жагдайларга байланыштуу жана бир убакта демпинг импортун жана анын экономика тармагына келтирген зыянын талдоонун негизинде жүргүзүлгөн же демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жүргүзүлгөн кайталап териштирүү аяктаган күндөн тартып 5 жылдан ашпоого тийиш.
3. Демпингге каршы чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү арыздын негизинде, териштирүү жүргүзүү жол-жобосуна ылайык, же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
Демпингге каршы чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү арызда демпинг импортун кайра жаңыртуу, же болбосо улантуу жана демпингге каршы чараны колдонуу токтотулганда экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар болгондо жүргүзүлөт.
Ушул бөлүккө ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүү аяктаганга чейин демпингге каршы чараны узартуу жөнүндө чечим кабыл алынат. Тиешелүү демпингге каршы чаранын колдонулушу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте кайталап териштирүү жүргүзүүгө байланыштуу колдонуу мөөнөтү узартылуучу демпингге каршы чараны колдонууга байланыштуу белгиленген демпингге каршы алымдардын ставкалары боюнча демпингге каршы алымдар төлөнөт.
Эгерде демпингге каршы чараны колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча демпингге каршы чараны колдонуу үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе, же болбосо демпингге каршы чараны колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, демпингге каршы чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.
Эгерде демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан демпинг импортун кайра жаңылоо, же болбосо улантуу жана экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү белгиленсе, демпингге каршы чараны колдонуу узартылат. Демпингге каршы чараны узартуу жөнүндө чечим күчүнө кирген датадан тартып демпингге каршы чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу демпингге каршы алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
21-берене. Демпингге каршы чараны айланып өтүүнү белгилөө
1. Демпингге каршы алымды төлөөдөн же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган баа милдеттенмелерин аткаруудан четтөө үчүн товар берүүнүн ыкмасын өзгөртүү демпингге каршы чараны айланып өтүү деп түшүнүлөт.
2. Демпингге каршы чараны айланып өтүүнү белгилөө максатында кайталап териштирүү кызыкдар жактын арызы боюнча же териштирүү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча башталышы мүмкүн.
3. Демпингге каршы чараны айланып өтүүнү белгилөө максатында кайталап териштирүү ал башталган датадан тартып 9 айдын ичинде аяктоого тийиш.
4. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүүнүн мезгилинде экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына, ошондой эле башка экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу, демпинг импортунун предмети болуп саналган товарга жана/же анын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына болгон алдын ала демпингге каршы алым алынат.
5. Эгерде ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан демпингге каршы чараны айланын өтүү аныкталбаса, ушул беренеге ылайык жана алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте төлөнүп берилген демпингге каршы алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.
6. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча демпингге каршы чараны айланып өтүү аныкталган учурда экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу, демпинг импортунун предмети болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына, ошондой эле башка экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу демпинг импортунун предмети болуп саналган товарга жана/же анын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына демпингге каршы чара жайылтылышы мүмкүн. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн демпингге каршы чараны киргизүү жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте төлөнүп берилген демпингге каршы алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн демпингге каршы чараны киргизүү жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып алдын ала демпингге каршы алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте төлөнгөн демпингге каршы алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
4-глава. Компенсациялык чаралар
22-берене. Компенсациялык чараны колдонуунун жалпы принциптери
Эгерде териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча мындай товардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорту экономика тармагына материалдык зыян келтирип жаткандыгы, мындай зыянды келтирүү коркунучун жараткандыгы же экономика тармагын түзүүнү олуттуу басаңдатып жаткандыгы аныкталса, өндүрүүдө, экспорттоодо же ташууда экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясы пайдаланылган импорттолуучу товарга карата компенсациялык чара колдонулат.
23-берене. Субсидиялар
Субсидияларга төмөнкүлөр кирет:
1) субсидиялоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу, субсидия алуучуга кошумча артыкчылыктарды берүүчү жана экспорттоочу чет мамлекеттин аймагынын чегинде, анын ичинде төмөнкүдөй формаларда көрсөтүлүүчү финансылык көмөк:
акчаны түз которуу (анын ичинде дотация, зайым жана акцияларды сатып алуу түрүндө) же акчаны которуу боюнча милдеттенмелер (анын ичинде зайымдар боюнча кепилдик түрүндө);
экспорттолуучу товарды ички керектөө үчүн арналган окшош товардан алынуучу салыктардан же алымдардан бошотуу учурларын кошпогондо, же болбосо мындай салыктарды же алымдарды иш жүзүндө төлөп берилген суммалардан ашпаган өлчөмдөрдө азайтууну же кайтарып берүүнү кошпогондо, каражаттарды эсептен чыгаруу же экспорттоочу чет мамлекеттин кирешесине түшүүгө тийиш болгон каражаттарды алуудан толук же жарым-жартылай баш тартуу (анын ичинде салыктык кредиттерди берүү жолу менен);
жалпы инфратүзүмдү, башкача айтканда, конкреттүү өндүрүүчү жана/же экспорттоочу менен байланышпаган жалпы инфратүзүмдү колдоо жана өнүктүрүү үчүн арналган товарларды, же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, товарларды, же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетип же акысыз берүү;
товарларды жеңилдик менен сатып алуу;
2) субсидия алуучуга экспорттоочу чет мамлекеттен товардын экспортун көбөйтүү же окшош товардын бул чет мамлекетке импортун кыскартуу алардын түздөн-түз же кыйыр натыйжасы болуп саналган кошумча артыкчылыктарды берүүчү, кирешелерди же бааларды колдоонун бардык формасы.
24-берене. Экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясын спецификалык субсидияга киргизүүнүн принциптери
1. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиялоочу органы же мыйзамдары субсидияны пайдаланууга конкреттүү өндүрүүчү жана/же экспорттоочу, же болбосо экспорттоочу чет мамлекеттин экономикасынын конкреттүү тармагы, же экспорттоочу чет мамлекеттин өндүрүүчүлөрүнүн жана/же экспорттоочуларынын, же болбосо тармактарынын тобу (бирлик, бирикме) кирген айрым уюмдарга гана жол берсе, экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясы спецификалык болуп саналат.
Эгерде субсидияны пайдаланууга уруксат берилген айрым уюмдардын саны субсидия берүүчү органдын карамагында турган белгилүү бир географиялык аймакта жайгашкан уюмдар менен чектелсе, субсидия спецификалык болуп саналат.
2. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдары же субсидия берүүчү орган тарабынан субсидия алууга шексиз укукту жана анын өлчөмүн аныктаган жалпы объективдүү критерийлер, же болбосо шарттар белгиленсе (анын ичинде продукцияны өндүрүү менен алектенген кызматкерлердин санына же продукцияны чыгаруунун көлөмүнө жараша) жана так сакталса, субсидия спецификалык болуп саналбайт.
3. Кандай гана учурда болбосун экспорттоочу чет мамлекеттин субсидиясы спецификалык субсидия болуп саналат, эгерде мындай субсидияны берүү төмөнкүлөр менен коштолсо:
1) субсидияларды пайдаланууга уруксат берилген айрым уюмдардын санын чектөө;
2) айрым уюмдар тарабынан субсидияны артыкчылыктуу пайдалануу;
3) айрым уюмдарга пропорционалдуу эмес ири суммадагы субсидияларды берүү;
4) субсидиялоочу орган тарабынан айрым уюмдарга субсидия берүүнүн жеңилдетилген (преференциялык) ыкмасын тандоо.
4. Экспорттоочу чет мамлекеттин кандай гана болбосун субсидиясы спецификалык субсидия болуп саналат, эгерде:
1) субсидия экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, же болбосо иш жүзүндө жалгыз шарт же бир нече шарттардын бири катары товарды экспорттоо менен байланышта болсо. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык товарды экспорттоо менен байланышпаган субсидия берүү практикада товардын болгон же келечекте боло турган экспорту, же болбосо экспорттук кирешеси менен байланыштуу болсо, субсидия иш жүзүндө товарды экспорттоо менен байланыштуу деп эсептелет. Экспорттоочу ишканаларга субсидия берүү фактысы ушул бөлүктүн маанисинде товардын экспорту менен байланышкан субсидия берүүнү билдирбейт;
2) субсидия экспорттоочу чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, же болбосо иш жүзүндө, импорттук товарлардын ордуна, экспорттоочу чет мамлекетте өндүрүлгөн товарларды пайдалануу менен жалгыз шарт же бир нече шарттардын бири катары байланышса.
25-берене. Спецификалык субсидиянын өлчөмүн аныктоонун принциптери
1. Спецификалык субсидиянын өлчөмү мындай субсидияны алуучунун алган пайдасынын өлчөмүнүн негизинде аныкталат.
2. Спецификалык субсидия алуучунун алган пайдасынын өлчөмү төмөнкү принциптердин негизинде аныкталат:
1) эгерде уставдык капиталга катышуу экспорттоочу чет мамлекеттин аймагында кадыресе инвестициялык практикага (тобокелдик капитал берүүнү кошо алганда) жооп бербеген катышуу катары баалануусу мүмкүн эмес болсо, субсидиялоочу органдын уюмдун уставдык капиталына катышуусу пайда берүү катары каралбайт;
2) эгерде кредит алуучу уюм мамлекеттик кредит үчүн төлөгөн сумманын жана бул уюм экспорттоочу чет мамлекеттин кредиттик рыногунда ала турган салыштырмалуу коммерциялык кредит үчүн төлөшү керек болгон сумманын ортосунда айырма жок болсо, субсидиялоочу орган тарабынан берилген кредит пайда берүү катары каралбайт, башкача болгон учурда ал суммалардын ортосундагы айырма пайда деп эсептелет;
3) эгерде кепилдик алуучу уюм субсидиялоочу орган кепилдик берген кредит үчүн төлөгөн сумманын жана ал мамлекеттик кепилдиги жок салыштырмалуу коммерциялык кредит үчүн төлөшү керек болгон сумманын ортосунда айырма жок болсо, субсидиялоочу орган тарабынан кредитке кепилдик берүү пайда берүү катары каралбайт, башкача болгон учурда комиссиялык айырмачылыкка түзөтүүсү бар бул суммалардын ортосундагы айырма пайда деп эсептелет;
4) эгерде товарлар же кызмат көрсөтүүлөр гана шайкеш сый акыдан аз өлчөмдө берилсе, же болбосо сатып алуулар шайкеш сый акыдан көп өлчөмдө жүргүзүлбөсө, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү субсидиялоочу орган тарабынан берүү же товарларды сатып алуу пайда берүү катары каралбайт. Сый акынын шайкештиги экспорттоочу чет мамлекеттин рыногунда ушул товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жана сатуунун иштеп жаткан рыноктук шарттарына, анын ичинде товарды сатып алуу же сатуу баасына, сапатына, жеткиликтүүлүгүнө, ликвиддүүлүгүнө, транспорттоого жана башка шарттарга жараша аныкталат.
26-берене. Субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына болгон материалдык зыянды, мындай зыянды келтирүү коркунучун же экономиканын тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашын белгилөө
1. Субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына болгон материалдык зыян, мындай зыянды келтирүү коркунучу же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашы субсидиялануучу импорттун көлөмүн талдоонун жыйынтыктарынын жана мындай импорттун ички рыноктогу окшош товардын жана ички рыноктогу ушундай товарды өндүрүүчүлөрдүн бааларына тийгизген таасиринин негизинде белгиленет.
2. Субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына материалдык зыяндын бар экендигин, мындай зыян келтирүү коркунучун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашын аныктоо максатында маалыматтар талданып жаткан мезгил териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан белгиленет.
3. Субсидиялануучу импорттун көлөмүн талдоодо териштирүү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын субсидиялануучу импортунун олуттуу көбөйүшү болуп өткөндүгүн аныктайт (абсолюттук көрсөткүчтөрдө, же болбосо ички рынокто окшош товарды өндүрүүгө же керектөөгө карата).
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын бажы аймагына бирден ашык экспорттоочу чет мамлекеттен кайсы бир товардын субсидиялануучу импорту бир убакта жүргүзүлүүчү териштирүүлөрдүн предмети болуп саналса, териштирүү жүргүзүп жаткан орган мындай импорттун жалпы таасирине төмөнкүлөрдү белгилеген учурда гана баа бере алат:
1) ар бир экспорттоочу чет мамлекетте бул товарга субсидиянын өлчөмү анын наркынын 1 пайызынан ашыгын түзсө, ал эми ар бир экспорттоочу чет мамлекеттен субсидиялануучу импорттун көлөмү анча чоң болбосо;
2) субсидиялануучу импорттун предмети болуп саналган товардын импортунун жалпы таасирин баалоо импорттук товарлардын ортосундагы атаандаштык шарттарын жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн импорттук товар менен окшош товардын ортосундагы атаандаштык шарттарын эске алуу менен мүмкүн болот.
27-берене. Алдын ала компенсациялык алымды киргизүү
1. Эгерде териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү аяктаганга чейин алынган маалымат субсидиялануучу импорттун жана экономика тармагына ушул импорт менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө күбөлөндүрсө, анда териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан териштирүү жүргүзүү мезгилинде экономика тармагына субсидиялануучу импорт менен келтирилүүчү зыянды болтурбоо максатында 4 айга чейинки мөөнөткө алдын ала компенсациялык алымды киргизүү аркылуу компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
2. Ыйгарым укуктуу орган алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин, ыйгарым укуктуу орган алдын ала корутундунун негизинде, териштирүү жүргүзүп жаткан орган даярдаган алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашат.
3. Алдын ала компенсациялык алым териштирүү башталган күндөн тартып 60 календардык күндөн эрте киргизилиши мүмкүн эмес.
4. Алдын ала компенсациялык алым субсидиялануучу жана экспорттолуучу товардын бирдигине экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясынын алдын ала эсептелген чоңдугуна барабар өлчөмдө киргизилет.
5. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан компенсациялык чара киргизүү үчүн негиздер жок экендиги белгиленсе, же болбосо компенсациялык чара колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.
6. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча экономика тармагына материалдык зыян келтирүү коркунучу болушунун же экономика тармагын түзүүнүн олуттуу басаңдашынын негизинде компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса, алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.
7. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча экономика тармагына материалдык зыяндын же аны келтирүү коркунучунун болушунун негизинде компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынса (алдын ала компенсациялык алымды киргизбөө тармакка материалдык зыяндын болгондугун аныктоого алып келген шартта), алдын ала компенсациялык алымдын суммалары компенсациялык чара колдонуу жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык ушул берененин 8 жана 9-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
8. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала компенсациялык алымдын ставкасына караганда компенсациялык алымдын төмөнүрөөк ставкасын киргизүү максатка ылайык деп таанылса, компенсациялык алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген компенсациялык алымдын суммасына ылайык келген алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
Компенсациялык алымдын белгиленген ставкасы боюнча эсептелген компенсациялык алымдын суммасынан жогору болгон алдын ала компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.
9. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча алдын ала компенсациялык алымдын ставкасына караганда компенсациялык алымдын жогорураак ставкасын киргизүү максатка ылайык деп таанылса, компенсациялык алымдын жана алдын ала компенсациялык алымдын суммаларынын ортосундагы айырма алынбайт.
10. Алдын ала компенсациялык алым териштирүү бир учурда улантылган шартта колдонулат.
11. Алдын ала компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим териштирүү башталган күндөн тартып 7 айдан кечиктирбестен кабыл алынат.
28-берене. Субсидиялоочу чет мамлекеттин же териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын экспорттоочусунун ыктыярдуу милдеттенмелерди кабыл алуусу
1. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан алынган субсидиялоочу чет мамлекеттин же товарды экспорттоочунун ыктыярдуу милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алынганда териштирүү компенсациялык алымды киргизбестен токтотулуп турушу же токтотулушу мүмкүн.
2. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан даярдалган, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жобосунан өтөт.
3. Териштирүү жүргүзүп жаткан орган субсидиялануучу импорттун жана экономика тармагына ушуну менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө алдын ала корутундуга келгенге чейин ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
Экспорттоочулар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелерди кабыл алууга экспорттоочу чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын макулдугу алынганга чейин териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын экспорттоочусунун ыктыярдуу милдеттенмелерин жактыруу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынбайт.
4. Эгерде териштирүү жүргүзүп жаткан орган териштирүүнүн объекти болуп саналган товардын реалдуу же потенциалдуу экспорттоочуларынын санынын көптүгүнө байланыштуу же башка себептер боюнча аларды жактыруунун ылайыксыздыгы жөнүндө корутундуга келсе, ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, компенсациялык териштирүү экспорттоочу чет мамлекеттин өтүнүчү же териштирүү жүргүзүп жаткан органдын чечими боюнча улантылышы мүмкүн.
Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган субсидиялануучу импорттун же экономика тармагына аны менен шартталган зыяндын жок экендиги жөнүндө корутундуга келсе, аталган корутунду олуттуу даражада мындай милдеттенмелердин бар экендигинин натыйжасы болуп саналган учурду кошпогондо, ыктыярдуу милдеттенмелерди кабыл алган экспорттоочу чет мамлекет же экспорттоочулар мындай милдеттенмелерден бошотулат. Эгерде жасалган корутунду олуттуу даражада ыктыярдуу милдеттенмелердин бар экендигинин натыйжасы болуп саналса, ыйгарым укуктуу орган тарабынан мындай милдеттенмелер ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун эске алуу менен убакыттын зарыл мезгилинин ичинде күчүндө калууга тийиштиги жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
6. Эгерде териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган субсидиялануучу импорттун жана экономиканын тармагына аны менен шартталган зыяндын бар экендиги жөнүндө корутундуга келсе, кабыл алынган ыктыярдуу милдеттенмелер алардын шарттарына жана ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык колдонуусун улантат.
7. Экспорттоочу чет мамлекет же экспорттоочу ыктыярдуу милдеттенмелерди бузган же мындай милдеттенмелерди чакыртып алган учурда, ыйгарым укуктуу орган алдын ала компенсациялык алымды (эгерде териштирүү аяктай элек болсо) же компенсациялык алымды (эгерде териштирүүнүн соңку жыйынтыктары аны киргизүү үчүн негиздердин бар экендигин күбөлөндүрсө) киргизүү аркылуу компенсациялык чараны колдонуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Өздөрү кабыл алган ыктыярдуу милдеттенмелерди бузган учурда экспорттоочу чет мамлекетке же экспорттоочуга мындай бузуу менен байланышкан комментарийлерди жасоого мүмкүнчүлүк берилет.
8. Ыйгарым укуктуу органдын ыктыярдуу милдеттенмелерди жактыруу жөнүндө чечиминде ушул берененин 7-бөлүгүнө ылайык киргизилиши мүмкүн болгон алдын ала компенсациялык алымдын же компенсациялык алымдын ставкасы аныкталууга тийиш.
29-берене. Компенсациялык алымды киргизүү жана колдонуу
1. Эгерде экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясы чакыртылып алынган болсо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынбайт.
2. Компенсациялык алымды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары менен териштирүү жүргүзүп жаткан орган даярдаган компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө сунушту макулдашат.
3. Компенсациялык алымды киргизүү жөнүндө чечим спецификалык субсидия берген экспорттоочу чет мамлекетке консультацияларды өткөрүү сунушталгандан кийин, мамлекет андан баш тарткан же аларды өткөрүүнүн жүрүшүндө өз ара алгылыктуу чечимге келбеген учурда кабыл алынат.
4. Компенсациялык алым бардык экспорттоочулар тарабынан берилүүчү жана экономика тармагына зыян келтирүүчү субсидияланган импорттун предмети болуп саналган товарга карата колдонулат (ыктыярдуу милдеттенмелери жактырылган экспорттоочулар берген товарды кошпогондо).
Айрым экспорттоочулар берүүчү товарларга карата ыйгарым укуктуу орган тарабынан компенсациялык алымдын ставкасынын жеке өлчөмү белгилениши мүмкүн.
5. Компенсациялык алымдын ставкасы экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясынын субсидиялануучу жана экспорттолуучу товардын бирдигине эсептелген өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
Эгерде субсидиялар субсидиялоонун ар кандай программаларына ылайык берилсе, алардын жыйынды өлчөмү эске алынат.
Эгерде ставка экономика тармагына зыянды жоюу үчүн жетиштүү болуп саналса, компенсациялык алымдын мындай ставкасы экспорттоочу чет мамлекеттин спецификалык субсидиясынын өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн.
6. Компенсациялык алымдын ставкасын аныктоодо компенсациялык алым киргизүү алардын экономикалык кызыкчылыктарына таасир этиши мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнүн пикирлери эске алынат.
7. Компенсациялык алым бажы жол-жоболоруна ылайык киргизилген товарларга карата колдонулушу мүмкүн, аларга жайгаштыруунун шарты болуп алдын ала компенсациялык алымды киргизгенге чейин 90 календардык күндөн эрте эмес компенсациялык алымды төлөө саналат.
30-берене. Компенсациялык чараны колдонуу мөөнөтү жана аны кайра кароо
1. Компенсациялык чара ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча, субсидиялануучу импорттун натыйжасында экономика тармагына келтирилген зыянды жоюу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жана мөөнөттө колдонулат.
2. Компенсациялык чараны колдонуу мөөнөтү мындай чараны колдонуу башталган же өзгөргөн жагдайларга байланыштуу жүргүзүлгөн жана бир убакта субсидиялануучу импортту жана анын экономика тармагына келтирген зыянын талдоого тиешелүү болгон же компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу өткөрүлгөн кайталап териштирүү аяктаган датадан тартып 5 жылдан ашпоого тийиш.
3. Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү териштирүүлөрдү жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык берилген арыздын негизинде, же болбосо териштирүү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
Компенсациялык чара колдонуунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүү арызда субсидиялануучу импортту кайра жаңыртуу, же болбосо улантуу жана компенсациялык чаранын колдонулушу токтотулганда экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтар болгондо жүргүзүлөт.
Кайра териштирүү компенсациялык чаранын мөөнөтү бүткөнгө чейин башталууга жана ал башталган күндөн тартып 12 ичинде аяктоого тийиш.
Ушул бөлүктүн жоболоруна ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүү аяктаганга чейин, компенсациялык чараны колдонуу ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча тиешелүү компенсациялык чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде, алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте узартылат, компенсациялык чараны колдонууга байланыштуу белгиленген, колдонуу мөөнөтү кайталап териштирүү жүргүзүүгө байланыштуу узартылуучу компенсациялык алымдардын ставкалары боюнча компенсациялык алымдар төлөнөт.
Эгерде компенсациялык чаранын колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан компенсациялык чараны колдонуу үчүн негиздер жок экендиги аныкталса, же болбосо териштирүү жүргүзүү жол-жобосуна ылайык компенсациялык чараны колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, компенсациялык чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кайтарылууга жатат.
Эгерде компенсациялык чараны колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан субсидиялануучу импортту кайра жаңылоо, же болбосо улантуу жана экономика тармагына зыян келтирүү мүмкүндүгү белгиленсе, компенсациялык чараны колдонуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан узартылат. Компенсациялык чараны узартуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими күчүнө кирген күндөн тартып алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алымдардын суммалары компенсациялык чараны колдонуу узартылган мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
4. Эгерде компенсациялык чара киргизилгенден кийин 1 жылдан кем эмес убакыт өткөн болсо, же териштирүү жүргүзүп жаткан органдын демилгеси боюнча компенсациялык чараны колдонууну улантуунун максатка ылайыктуулугун аныктоо жана/же аны кайра карап чыгуу (анын ичинде компенсациялык алымдын ставкасынын жеке өлчөмүн кайра кароо) максатында өзгөрүлгөн жагдайларга байланыштуу кайрадан териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өзгөрүлгөн жагдайларга байланыштуу кайталап териштирүү ал башталган күндөн тартып 12 айдын ичинде аяктоого тийиш.
5. Далилдерди көрсөтүү жана териштирүү жүргүзүү, тиешелүү айырмачылыктарды эске алуу менен, ушул беренеде каралган кайталап териштирүүлөргө карата колдонулат.
6. Ушул берененин жоболору, тиешелүү айырмачылыктарды эске алуу менен, ушул Мыйзамдын 28-беренесине ылайык экспорттоочу чет мамлекет же экспорттоочу тарабынан кабыл алынган милдеттенмелерге карата колдонулат.
7. Кайталап териштирүү компенсациялык чара колдонулуучу, бирок кызматташуудан баш тарткандан башка себептер боюнча териштирүү жүргүзүлбөгөн экспорттоочу үчүн компенсациялык алымдын жеке ставкасынын өлчөмүн аныктоо максатында жүргүзүлүшү да мүмкүн. Мындай кайталап териштирүү, аталган экспорттоочунун арызы боюнча, териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан башталышы мүмкүн.
31-берене. Компенсациялык чараны айланып өтүүнү белгилөө
1. Компенсациялык алымды төлөөдөн, же болбосо кабыл алынган ыктыярдуу милдеттенмелерди аткаруудан четтөө үчүн товар берүүнүн ыкмасын өзгөртүү компенсациялык чараны айланып өтүү деп түшүнүлөт.
2. Компенсациялык чараны айланып өтүүнү аныктоо максатында кайталап териштирүү кызыкдар жактын арызы боюнча же териштирүү жүргүзүп жаткан органдын өз демилгеси боюнча башталышы мүмкүн.
3. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлүүчү кайталап териштирүүнүн мезгилине териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолуучу, субсидиялануучу импорттун предмети болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына, ошондой эле экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолгон, субсидиялануучу импорттун предмети болуп саналган товарга жана/же анын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте алынуучу компенсациялык алым киргизилиши мүмкүн.
4. Эгерде ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча териштирүү жүргүзүп жаткан орган тарабынан компенсациялык чараны айланып өтүү аныкталбаса, ушул беренеге ылайык жана алдын ала компенсациялык алымдарды алуу үчүн белгиленген тартипте төлөнүп берилген компенсациялык алымдын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган тартипте кайтарылууга жатат.
5. Ушул беренеге ылайык жүргүзүлгөн кайталап териштирүүнүн жыйынтыктары боюнча компенсациялык чараны айланып өтүү аныкталган учурда, компенсациялык чара териштирүүнүн объекти болуп саналган товар экспорттолуучу экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолгон, субсидиялануучу импорттун предмети болуп саналган товардын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына, ошондой эле териштирүүнүн объекти болуп саналган, андан товар экспорттолуучу башка экспорттоочу чет мамлекеттен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттолгон, субсидиялануучу импорттун предмети болуп саналган товарга, жана/же анын курамдык бөлүктөрүнө жана/же туундуларына жайылтылышы мүмкүн.
Териштирүү жүргүзүп жаткан органдын ушул бөлүктө көрсөтүлгөн компенсациялык чараны киргизүү жөнүндө чечими күчүнө кирген учурдан тартып компенсациялык алымдардын, төлөнгөн компенсациялык алымдардын суммалары ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык кошуп эсептелүүгө жана бөлүштүрүлүүгө жатат.
6. Компенсациялык чараны айланып өтүүнү аныктоо максатында кайталап териштирүү ал башталган датадан тартып 9 айдын ичинде аяктоого тийиш.
5-глава. Корутунду жоболор
32-берене. Атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө чечимдерге даттануу тартиби
Ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган чечимдер кызыкдар адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
33-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" гезитиннин 2023-жылдын 7-июлундагы № 54 (3503) санында жарыяланды.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 31-октябрындагы № 140 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 93-ст.);
2) "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 43 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2010-жылдын 12-марты, № 17-18).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 24-майында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |