Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 17-февралы № 52
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фонду" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Медициналык камсыздандыруу фонду" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Медициналык камсыздандыруунун түрлөрү
Медициналык камсыздандыруу төмөнкүдөй түрлөрдө жүзөгө ашырылат:
- базалык (базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу);
- милдеттүү (милдеттүү медициналык камсыздандыруу);
- ыктыярдуу (ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу).".
3. 3-статьянын 3-бөлүгүндө, 7-статьянын 4-бөлүгүндө, 10 жана 11-статьяларда "Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы" деген сөздөр алып салынсын.
4. 3-статьяда:
статья төмөнкүдөй редакциядагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган, - Медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну каржылоо жагында аткаруучу-тескөөчү иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы - жабдуучу-берүүчүлөр Камсыздандыруучу (Бирдиктүү төлөөчү) менен келишимдердин негизинде медициналык жана алдын алуучу кызматтарды көрсөтүүсүнүн, дары-дармек менен камсыздоосунун көлөмү жана шарттары.".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1 бөлүм менен толукталсын:
"1-1 бөлүм
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
3-1-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
түшүнүгү
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык минималдуу социалдык стандарттардын негизинде аныкталуучу, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун камсыз кылууга багытталган социалдык коргоонун мамлекеттик таризи.
3-2-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун
максаты
Базалык мамлекеттик камсыздандыруунун максаты болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарын сапаттуу медициналык жана алдын алуучу жардам менен кепилдик берүүсү саналат.
3-3-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
принциби
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун негизги принциби болуп Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасынын чегинде Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу минималдык социалдык стандарттардын негизинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен каржылануучу медициналык жана алдын алуучу кызмат көрсөтүүгө бирдей укуктарды берүүсү саналат.
3-4-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
программасы
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасы Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасынын курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына берилет.
3-5-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун
субъекттери
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун субъекттери төмөндөгүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда чет өлкөлүк жарандар.
3-6-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
программасынын иш жүзүнө ашырылышы
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын иш жүзүнө ашырылышы медициналык камсыздандыруу тутумунун аткаруучу органы болгон Медициналык камсыздандыруу фонду жана анын аймактык башкаруу органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
3-7-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
программасын каржылоо
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталуучу минималдык стандарттардын негизинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
6. 25-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызматтарды көрсөтүүгө жеткирүүчүлөр менен келишимдерди түзөт;
- медициналык камсыздандыруу келишимдери боюнча медициналык, алдын алуучу жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөйт";
2-бөлүк алып салынсын.
7. 26-статьянын 2-бөлүгүндө:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ага Медициналык камсыздандыруу фонду өткөрүп берген ыйгарым укуктарды (иш-милдеттерди) жүзөгө ашырат;";
үчүнчү абзац алын салынсын.
8. 27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Медициналык камсыздандыруу фонду ушул Мыйзамдын 25-статьясында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын (иш-милдеттерин) өзүнүн аймактык башкаруу органдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.".
9. IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 30-1-статья менен толукталсын:
"30-1-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу
программасын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук
берилген органдын жоопкерчилиги
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу программасын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген орган Медициналык камсыздандыруу фондуна базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу үчүн каражаттардын өз убагында эмес жана толук эмес которулгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |