Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 24-февралындагы N 40 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 20-февралы № 60
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
2-берене.
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"мамлекеттин - экстремисттик иш-аракеттерге каршылык көрсөтүүдө башка мамлекеттер менен кызматташуусу;".
2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Тигил же бул маалыматтык материалдарда же оозеки түрдө айтууларда экстремисттик мазмунду аныктоо предметине экспертиза жүргүзүү үчүн координациялык эксперттик комитет түзүлөт, анын жобосу жана курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |