Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-апрели № 147
"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 517-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
статья "мыйзамда белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Юбилейлик иш-чаралар жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын демөөрчүлүк жардамынын, ыктыярдуу салымдарынын жана кайрымдуулуктарынын каражаттарынын эсебинен толук же жарым-жартылай каржыланышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |