Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июнундагы № 82 «Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө» Мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 11-июну № 82
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик
иш-чаралар жөнүндө
(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында юбилейлик иш-чараларды аныктоо-
нун негиздерин жана өткөрүү тартибин белгилейт.
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
юбилей - кимдир бирөөнүн же бир нерсенин (адамдын, мекеменин) тур-
мушунун, ишинин же кандайдыр бир окуянын жылдыгы (көбүнчө он жылдык,
жыйырма беш жылдык ж.б.);
юбилейлик иш-чаралар - элдин жана мамлекеттин турмушундагы өзгөчө
маанилүү тарыхый окуяларды, эл, мамлекет, адамзат алдында өзгөчө эмгеги
сињген адамдардын туулган күњдөрүн (юбилейлик жылдагы) майрамдоого бай-
ланышкан иш - чаралар.
Юбилейлик иш-чараларга: салтанаттуу чогулуштар, конференциялар,
майрамдык жүрүштөр, демонстрациялар, концерттер, конкурстар, мелдештер,
юбилейди майрамдоо менен байланышкан жана башка иш-чаралар кирет;
эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чаралар - эл аралык уюмдардын,
делегациялардын катышуусунда эл аралык маанидеги тарыхый окуяларды,
адамзат, цивилизация алдында өзгөчө эмгеги сињген адамдардын юбилейин
майрамдоо менен байланышкан иш-чаралар;
жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар - жалпы улуттук маа-
нидеги тарыхый окуялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын масштабында
юбилейди майрамдоо менен байланышкан иш-чаралар;
региондук маанидеги юбилейлик иш-чаралар - областтын, райондун,
шаардын, айыл өкмөтүнүн масштабында юбилейди өткөрүү менен байланышкан
иш-чаралар;
корпорациялык маанидеги юбилейлик иш-чаралар - уюмдун, мекеменин
чегиндеги юбилей менен байланышкан иш-чаралар.
2-статья. Юбилейлик иш-чараларды каржылоо
Эгерде чыгымдар мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик бюджетинде бекитилсе, эл аралык, жалпы улуттук, региондук
маанидеги юбилейлик иш-чаралар мамлекеттик бюджеттин эсебинен өткөрүлөт.
Юбилейлик иш-чаралар жеке жана юридикалык жактардын, эл аралык
уюмдардын демөөрчүлүк жардамынын, ыктыярдуу салымдарынын жана кайрымдуу-
луктарынын каражаттарынын эсебинен толук же жарым-жартылай каржыланышы
мүмкүн.
(КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги N 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чаралар
Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чараны өткөрүү жөнүндөгү чечим эл
аралык уюмдардын чечимдерин, эл аралык ченемдик укуктук актыларды эсеп-
ке алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.
Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын уюштуруу комитети жана
тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеси каржылоонун
көлөмү көрсөтүлүү менен кийинки бюджеттик жылга карата аныкталат.
4-статья. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар
Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чараларды өткөрүү жөнүндөгү
чечим Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењеши тарабынан кабыл алынат.
Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын уюштуруу комитети
жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеси каржылоо-
нун көлөмү көрсөтүлүү менен кийинки бюджеттик жылга карата аныкталат.
Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар үчүн 25 жыл, 50 жыл,
60 жыл, 70 жыл ж.у.с. юбилейлик дата болуп эсептелинет.
5-статья. Региондук маанидеги юбилейлик иш-чаралар
Региондук маанидеги юбилейлик иш-чараны өткөрүү жөнүндөгү чечим
жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл
алынат.
Региондук маанидеги юбилейлик иш-чаралардын уюштуруу комитети жана
тизмеси жергиликтүү өзалдынча башкаруунун тийиштүү өкүлчүлүктүү органы
тарабынан бекитилет.
6-статья. Корпорациялык маанидеги юбилейлик иш-чаралар
Корпорациялык маанидеги юбилейлик иш-чаралар тийиштүү уюмдун, ме-
кеменин атайын же өзүнүн каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Корпорациялык маанидеги юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыш-
кан уюштуруучулук, каржылык жана башка маселелер Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын, ошондой эле өзүнүн Уставынын негизинде тийиштүү уюмдун,
мекеменин администрациясы тарабынан чечилет.
7-статья. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуш
киргизүү укугу
Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жо-
горку соту, Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитет-
тери жана администрациялык ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башка-
руунун өкүлчүлүктүү органдары, ошондой эле коомдук бирикмелердин атынан
алардын республикалык органдары тарабынан киргизилет.
8-статья. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүдөгү чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана жергиликтүү кењеш-
тердин депутаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин
шайлоо алдындагы үч айда жана шайлоо мезгилинде юбилейлик иш-чараларды
уюштурууга жол берилбейт.
9-статья. Көз каранды эместик күнү
Кыргыз Республикасынын көз каранды эместик күнү ар бир 5 жылда
юбилейлик деп эсептелинсин.
10-статья. Айкелдик, архитектуралык жана башка мемориалдык
курулуштарды куруу (орнотуу)
Тарыхый окуяларды жана көрүнүктүү адамдарды түбөлүккө эскерүүчү
айкелдик, архитектуралык жана башка мемориалдык курулуштарды жана объ-
екттерди курууга (орнотууга) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
тийиштүү кењештин жана архитектура органдарынын уруксаты менен жол бе-
рилет.
11-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөт
ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев