Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 19-майы № 163
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 342-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-беренеде:
1-бөлүктөгү "бир айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "50 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "20 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "100 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "100 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-бөлүктөгү "үч айлык акчалай акыдан" деген сөздөр "150 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 6-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 8-берененин 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "Бир айлык акыдан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "бир айлык акысынан" деген сөздөр "200 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-берененин 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алып салынсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн улам келип чыккан мамилелерге өзүнүн аракетин жайылтат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |