Загрузка документа…
Бишкек шаары 2008-жылдын 19-апрели № 60
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам аскер кызматчыларынын жана аскердик жыйындарга чакырыл- ган жарандардын (мындан ары - аскер кызматчылары) аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда мамлекеттик менчикте турган жана аскердик бөлүк- төргө бекитип берилген мүлккө келтирген зыяны үчүн материалдык жоопкер- чиликтин шарттарын жана өлчөмүн, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу тартибин аныктайт.
1-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Бул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтө- рүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик кызмат каралган аскердик курумдарда жана органдарда чакыруу жана келишим боюнча аскер- дик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларына жайылтылат.
2-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдо- нулат: аскердик бөлүктөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ас- кер кызматчылары кызмат өтөөчү аскердик башкаруу органдары (мыйзамда аскердик кызмат каралган министрликтер, ведомстволор, аскердик топтор), бирикмелер, аскердик бөлүктөр, уюмдар, кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелери; командирлер (зардалдар) - аскердик бөлүктөрдүн командирлери (зар- далдары) жана алардын орунбасарлары, аскердик бөлүктөрдүн түзүмдүк бө- лүкчөлөрүнүн командирлери (зардалдары) жана алардын орунбасарлары; аскердик бөлүктүн мүлкү (мындан ары - мүлк) - мамлекеттик менчикте болуп, аскердик бөлүккө бекитип берилген куралдардын, аскердик техника- нын бардык түрлөрү, ок-дары, күйүүчү-майлоочу материалдар, отун, азык-түлүк, буюмдата мүлк жана аскердик мүлктүн башка түрлөрү, жер аян- ты, имараттар, курулмалар, акча жана баалуу кагаздар, дагы башка мате- риалдык каражаттар; анык зыян (мындан ары - зыян) - аскердик бөлүктүн мүлкүнүн жоголу- шу же ага зыян келтирилиши, жоголгон же зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу үчүн аскердик бөлүк жумшаган же жумшоого тийиш чыгашалар, ошондой эле аскердик бөлүк тарабынан сарпталган ашыкча акчалай төлөм- дөр.
3-берене. Келтирген зыяны үчүн аскер кызматчыларын материалдык жоопкерчиликке тартуунун шарттары
1. Аскер кызматчылары өздөрүнүн күнөөсү боюнча келтирилген анык зыян үчүн гана материалдык жоопкерчилик тартышат. 2. Аскер кызматчылары аскердик кызматтын милдеттерин аткаруудан башка учурда келтирген зыяны үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мый- замдарына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат. 3. Материалдык зыян келтирилүүчү иш-аракетти жасоо командирдин (зардалдын) түздөн-түз буйругун аткаруудан, ошондой эле кызматтык тобо- келчилик туш кылган укук ченемдүү иш-аракеттин, ал жеткис күчтөрдүн (жер титирөө, өрт, суу ташкыны, жер көчкү жана ушул сыяктуу башка кубу- луштардын) натыйжасында келтирилген зыян үчүн аскер кызматчыларын мате- риалдык жоопкерчиликке тартууга жол берилбейт. 4. Аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилген зыян анык- талган күндөн тартып үч жыл бою материалдык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
4-берене. Аскер кызматчыларынын чектелген материалдык жоопкерчилиги
1. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда байкабастыктан келтирилген зыян үчүн контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандар - өздөрү келтирген зыяндын өлчөмүндө, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес; милдеттүү тартипте чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ушул Мыйзамда материалдык жоопкерчиликтин башка өлчөмдөрү белгиленгенден башка учурларда 20 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес материалдык жоопкерчилик тартышат. 2. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан, контейнерлердин, вагондордун жана автомобилдердин туруп калгандыгы, аткарылган иштердин көлөмүн көбөйтүп көрсөткөнү, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү бюджеттерге өз убагында төкпөгөндүгү үчүн аскердик бөлүктүн айып төлөөсүнө байланышкан зыяндын болушуна күнөөлүү аскер кызматчылары келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок 100 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес материалдык жоопкерчилик тартышат. 3. Буйруктары, тескемелери мүлктү каттоонун, сактоонун, пайдала- нуунун, чыгымдоонун, ташуунун белгиленген тартиби бузулушуна алып кел- ген, же анын уурдалышын, жок кылынышын, бузулушун, жарабай калышын, ашыкча акча төлөнүшүн болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же аскер- дик бөлүккө келтирилген зыяндын күнөөлүү адамдар тарабынан төлөнүшүнө зарыл чараларды көрбөгөн командирлер (зардалдар) келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок 100 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес материалдык жоопкер- чилик тартышат. 4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Аскер кызматчыларынын толук материалдык жоопкерчилиги
Аскер кызматчылары төмөнкүдөй учурларда зыяндын толук өлчөмүндө материалдык жоопкерчилик тартышат: - сактоо, ташуу, берүү, пайдалануу жана башка максаттар үчүн мүлк отчеттуулугуна берилген аскер кызматчысы тарабынан зыян келтирилгенде; - аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштын курамынын белгилерин камтыган аракети (аракетсиздиги) менен, сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылган учурда, ошондой эле ал тергөө органы жана сот тарабынан реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган учурда; - мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чыгымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын белгилери бар экендигине карабастан атайылап жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) натыйжасында зыян келтирилгенде; - аскер кызматчыларынын атайын жасаган иш-аракетинин натыйжасында жабыр тарткан аскер кызматчыларынын аскердик-медициналык мекемелерде жана саламаттык сактоо мекемелеринде дарылануусуна чыгым тартышына ки- риптер кылынганда; - аскер кызматчылары өз ыктыяры менен бањгизат, ууландыруучу зат же алкоголь менен мас абалга түшкөнүндө. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо
1. Келтирилген зыяндын өлчөмү - аскердик бөлүктүн мүлкүн эсепке алуунун негизинде жана зыян келтирилген күнгө карата ошол аймактагы (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан аскердик бөлүктөр үчүн - турган өлкөдөгү) базар баасына жараша иш жүзүндөгү жоготуулар боюнча, ал эми аскердик бөлүктөргө борбордоштурулуп алынып келүүчү ку- рал-жаракка, аскердик техникага, ок-дарыга, башка мүлккө карата өлчөм ушул ишке ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат. 2. Келтирилген зыяндын өлчөмү зыян келтирилген күнгө карата белги- ленген нормалар боюнча, бирок ушул мүлктүн таштандысынын (утилинин) ба- асынан төмөн эмес баада мүлктүн эскиришин эске алуу менен аныкталат. 3. Аскердик бөлүктүн штатында (штаттык ырааттамасында) каралбаган кызмат ордуна аскер кызматчысын (жарандык персоналды) мыйзамсыз дайын- даган учурда зыяндын өлчөмү - аскер кызматчысына (жарандык персоналга) төлөнүп берилген акчалай үлүштүн (төлөнгөн айлык акынын) өлчөмү, ал эми иш жүзүндө аскер кызматчысы (жарандык персонал) ээлеген кызмат ордунан ашык төлөнгөн кызмат ордуна мыйзамсыз дайындалган учурда төлөнүп берил- ген акчалай үлүштүн (төлөнүп берилген айлык акынын) жана иш жүзүндө ээ- леген кызмат орду боюнча акчалай үлүштүн (айлык акынын) ортосундагы айырма менен аныкталат. 4. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин бешинчи абзацында каралган учурда келтирилген зыяндын өлчөмү башка аскер кызматчыларынын атайылап жасаган иш-аракетинен улам жабыр тарткан аскер кызматчыларынын аскердик-медици- налык мекемелерде жана саламаттык сактоо мекемелеринде дарылануусуна кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар менен аныкталат. 5. Бир нече аскер кызматчысынын күнөөсү боюнча келтирилген орду толтурулуучу зыяндын өлчөмү күнөөнүн даражасын жана материалдык жооп- керчиликтин түрүн эске алуу менен алардын ар бири үчүн аныкталат. 6. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Зыян келтирүү билинген учурда кызматтык териштирүү жүргүзүү
1. Аскердик бөлүктүн командири (зардалы) зыян келтирилгени билин- ген учурда зыяндын себептерин, анын өлчөмүн жана күнөөлүү адамдарды аныктоо үчүн кызматтык териштирүү дайындоого милдеттүү. Кызматтык те- риштирүү дайындоо менен бирге товардык-материалдык баалуулуктарды не- гизги каттоо китептеринен чыгаруу жана кем чыккандарды (уурдалгандарды жана жоготулгандарды) каттоо китебине киргизүү жөнүндө деген буйрук чы- гарылат. Кызматтык териштирүү зыян келтирүү билинген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аякташы керек. Зарыл учурларда бул мөөнөт - баш ийүү тартибинде жогору турган ко- мандир (зардал) тарабынан, бирок бир айдан көп эмес узартылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 54-статьясында көрсөтүлгөн учурларда командир (зардал) зыян келтирүүгө күнөөлүү аскер кызматчысын кызмат ордунан четтетүүгө укуктуу. 2. Эгер зыяндын себептери, анын өлчөмү жана күнөөлүү адамдар сот тарабынан аныкталса, же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн натыйжа- сында аныкталса, кызматтык териштирүү жүргүзүлбөсө деле болот.
8-берене. Аскер кызматчыларынын зыяндын ордун толтуруусу
1. 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдөгү зыяндын ордун толтуруу зыян келтирген аскер кызматчысынын акчалай акысын кармоо жолу менен аскердик бөлүктүн командиринин (зардалдын) буйругу боюнча жүргүзүлөт. Аскердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан келтирилген зыян- дын орду толтурулсун деген буйрук баш ийүү тартибинде жогору турган ас- кердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан чыгарылат. Ушул берененин 6-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда аскер кызматчысынын 200 эсептик көрсөткүчтөн ашык өлчөмдөгү зыяндын ордун толтуруу маселеси аскердик бөлүктүн командиринин (зардалынын) доосу боюнча сот тарабынан чечилет. Аскердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алуу доосу баш ийүү тартибинде жогору турган командир (зардал) тарабынан коюлат. 2. Аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (зардалынын) зыяндын орду толтурулсун деген буйругу кызматтык териштирүү аяктаган же соттун чечими же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн материалдары келип түш- көн күндөн тартып он күндүк мөөнөттө чыгарылып, аскер кызматчысына кол койдуруп билдирилиши керек. Зыяндын орду толтурулсун деген буйрук он күндүк мөөнөттө чыгарыл- баса, аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартуу тууралу масе- ле аскердик бөлүктүн тийиштүү командиринин (зардалынын) доосу боюнча сот тарабынан чечилет. 3. Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары келтирилген зыяндын ордун өздөрү жүргөн өлкө- нүн валютасында толтурат. Келтирилген зыяндын ордун өздөрү жүргөн өлкө- нүн валютасында толтуруу мүмкүн болбогон учурда (анын ичинде аскер кыз- матчысы Кыргыз Республикасынын аймагына кетип калса) зыяндын орду зыян келтирилген күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белги- ленген валютанын расмий курсу боюнча эсептелип сом менен толтурулат. 4. Аскердик бөлүктүн командиринин (зардалынын) зыяндын орду толту- рулсун деген буйругу аскер кызматчысы тарабынан жогору турган командир- ге (зардалга) жана (же) сотко даттанылышы мүмкүн. Зыяндын орду толту- рулсун деген буйрук тууралу даттануу аскер кызматчысынын акчалай акысы- нан акча каражатын кармоону токтотпойт. Зыяндын орду толтурулсун деген буйрук жокко чыгарылган учурда кармалган акча каражаты аскер кызматчы- сына кайра берилет. 5. Зыяндын орду аскер кызматчысы зыян келтирген аракети (аракет- сиздиги) үчүн тартиптик, администрациялык же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганына карабастан толтурулат. 6. Аскер кызматчысы келтирилген зыяндын ордун акчалай формада же натуралай түрдө ыктыярдуу түрдө толтура алат. 7. Аскер кызматчысынын акчалай айлык акысынан соттун чечими боюнча кармоо сот тарабынан берилген аткаруу барагынын негизинде жүргүзүлөт. 8. Келтирилген зыяндын өлчөмү менен аскер кызматчысынын акчалай айлык акысынан кармоонун соттун чечиминде аныкталган өлчөмүнүн ортосун- дагы айырма аскердик бөлүктүн командирине (зардалына) берилген укуктар- дын чегинде анын чечими менен эсептен чыгарылат. 9. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Аскер кызматчысы аскер кызматынан бошонгон же жањы кызмат ордуна которулган учурда зыяндын ордун толтуруу
1. Материалдык жоопкерчиликке тартылган аскер кызматчысы (аскердик жыйынга чакырылган жаран) келтирилген зыянды аскер кызматынан бошонгон (жыйын аяктаган) күнгө чейин толтурбаса, анын калган карызы соттук тартипте төлөтүп алынат. 2. Зыян келтирген аскер кызматчысы (аскердик жыйынга чакырылган жаран) аскер кызматынан бошонгон (аскердик жыйын аяктагандыгына байла- ныштуу кеткен) жана материалдык жоопкерчиликке тартылбаган учурда андан зыянды төлөтүп алуу аскердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан ко- юлган доо боюнча ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө сот тарабынан жүргү- зүлөт. 3. Жањы кызмат ордуна которулган учурда материалдык жоопкерчиликке тартылган жана келтирилген зыяндын ордун толтурбаган аскер кызматчысы зыяндын ордун белгиленген эсептөө документтериндеги жазуунун негизинде жањы кызмат орду боюнча толтурат. Эгерде чечим жана зыян келтирген аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартуу ал жањы кызмат ордуна которулганга чейин ишке ашырылбаса, аскердик бөлүктүн командири (зардалы) кызматтык териштирүү, ревизия, текшерүү аяктаган күндөн тартып же тергөө материалдары же сот- тун чечими келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аскер кызмат- чысын материалдык жоопкерчиликке тартуу үчүн анын жањы кызмат ордуна зарыл болгон материалдарды жиберүүгө милдеттүү. Бул учурда зыяндын ордун толтуруу ушул Мыйзамдын 8-беренесинде ка- ралган тартипте аскер кызматчысынын жањы кызмат ордунда жүргүзүлөт. Ас- кердик бөлүктүн командиринин (зардалынын) зыяндын орду толтурулсун де- ген буйругу аскер кызматчысынын мурдагы кызмат ордунан ушул пунктта көрсөтүлгөн материалдар келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө чыгарылат. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Аскер кызматчылары тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Аскер кызматчылар тарабынан үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду мамлекеттин каражаттарынын эсебинен толтурулса, алар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдө келтирилген зыяндын ордун мамлекетке толтуруп берет.". (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын өлчөмүн азайтуунун шарттары
Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аскер кызматчысынан төлө- түп алынууга тийиш болгон акча каражатынын өлчөмү ушул Мыйзамдын 5-бе- ренесинин төртүнчү абзацында каралгандан башка учурларда конкреттүү кырдаалдарды, күнөөнүн даражасын жана аскер кызматчысынын материалдык абалын эске алуу менен сот тарабынан төмөндөтүлүшү мүмкүн.
12-берене. Акчадан кармоонун тартиби
1. Аскер кызматчысы тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн - ар айлык акчалай кармоо айлык акчалай акынын 20 пайыз өлчөмүндө, ал эми ушул Мыйзамдын 5-беренесинин төртүнчү абзацында каралган учур- ларда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аскер кызматчысынын айлык акчалай акысынын 50 пайызынан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт. 2. Эгерде аскер кызматчысынын акчалай акысынан Кыргыз Республика- сынын мыйзамдарында каралган башка акчалай кармоолор жүргүзүлсө, анда бардык акчалай кармоолордун жалпы өлчөмү аскер кызматчысынын айлык ак- чалай акысынын 50 пайызынан ашпашы керек, мындай учурда көрсөтүлгөн кармоолордун кезеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. Уурдалган, жоготулган, кем чыккан товардык-материалдык баалуулук- тардын ордун толтуруудан келип түшкөн суммалар республикалык бюджеттин кирешесине которулууга тийиш.
13-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1984-жылдын 13-январындагы № 10661-Х "Мамлекетке келтирилген зыян үчүн аскер кызматчыларынын матери- алдык жоопкерчилиги жөнүндө" (СССРдин Жогорку Советинин Ведомосттору, 1984-ж., № 3, 61-ст.) Указы күчүн жоготту деп табылсын. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2008-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
|