Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 17-апрели № 125
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
31-статьяда:
3-бөлүгү "дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларды текшерет" деген сөздөрдөн мурда "ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дары-дармек каражаттары өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контроль жүргүзүүнүн эрежесинде анын тизмеси толук камтылган учурда дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө жана мурда өндүрүлгөн дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |