Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 17-апрели № 125

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

31-статьяда:

3-бөлүгү "дары-дармек каражаттарын өндүрүүчү ишканаларды текшерет" деген сөздөрдөн мурда "ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тууралуу мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;

4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган дары-дармек каражаттары өндүрүүнү уюштуруунун жана сапатына контроль жүргүзүүнүн эрежесинде анын тизмеси толук камтылган учурда дары-дармек каражаттарын өндүрүүгө жана мурда өндүрүлгөн дары-дармек каражаттарын сатууга тыюу салууга укуктуу.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев