Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 219
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 510-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацы "Пенсиялык фондго," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго," деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацы "Пенсиялык фонддун," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун," деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзацы "пенсия менен камсыз кылуу" деген сөздөрдөн мурда "анын топтоо бөлүгүн камтыган" деген сөздөр менен толукталсын;
бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондду түзүү жана башкаруу;
- пенсиялык топтоолордун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттарда гана пайдалануу;";
он экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсия менен камсыз кылуу маселелери боюнча топтоочу пенсиялык системанын катышуучулары менен эриш-аркак иштөөнү;";
онунчу-он үчүнчү абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша он экинчи-он бешинчи абзацтар деп эсептелсин.
2. 3-статьясында:
1-бөлүгүндө:
- он экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген башка баалуу кагаздары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган пенсиялык системанын топтоо бөлүгүнө адистештирилген депозитарий жана компаниялардын башкаруучулары менен келишим түзүүгө;
- адистештирилген депозитарий менен башкаруучу компаниялардын пенсия топтоо каражаттарын түзүү жана инвестирлөө боюнча ишмердигинин финансылык жыйынтыктары жөнүндө алардын отчетторун кароого.";
2-бөлүгүндө:
- алтынчы абзацы "мамлекеттик социалдык камсыздандыруу" деген сөздөрдөн кийин "жана пенсиялык системанын топтоо бөлүгү үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- тогузунчу абзацындагы "жана камсыздандырылган адамдар" деген сөздөр ", камсыздандырылган адамдар жана компаниялардын башкаруучулары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- онунчу абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жылына бир жолу камсыздандырылган адамдарды жеке камсыздандыруу эсептеринен пенсиялык топтоолору жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга;";
- бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы он алтынчы-жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын;
"- пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга өткөрүп берүүгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан чыгымдарды төлөөгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын, аларды жайгаштырууну, алынган инвестициялык кирешелерди өзгөчөлөнгөн каттоо жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо эсептерине пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын чагылдырууга;
- камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин өзүнүн арызы боюнча мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жана топтоочу пенсиялык каражаттарды инвестициялоо менен иштеген башка түзүмдөргө которууга;
- камсыздандырылган адамдардын топтоочу камсыздандыруу эсептери боюнча инвестициялык кирешелерин бөлүштүрүүгө жана топтоочу пенсиялык төлөөлөрдү жүргүзүүгө.".
3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:
экинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн мурда "топтоочу бөлүккө түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн башка" деген сөздөр менен толукталсын";
бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин инвестициялоодон алынган инвестициялык кирешелердин".
4. 5-статьянын 2-бөлүгү "Пенсиялык фонддун," деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |