КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 12-октябры № 261
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
1-берене.
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чегарага танапташ эмгек-мигранттарынын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынат.
Чегарага танапташ эмгек-мигранттарын Кыргыз Республикасынын аймагына тартуунун тартиби жана санынын чеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |