Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 13-январы № 4
Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 261, 2011-жылдын 15-июлундагы № 104, 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жаранынын ишке орношуу үчүн чет өлкөгө чыгып кетүү, чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн Кыргыз Республикасына тартуу тартибин белгилейт жана эмгекчи-мигранттарды коргоонун укуктук ченемдерин аныктайт жана алардын иш-аракеттерин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салат.
I глава Жалпы түшүнүктөр
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр менен терминдер
Эмгекчи-мигрант - жөнгө салынган статуска ээ жана өзү жараны болбогон мамлекетте эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн адам.
Тышкы эмгек миграциясы - эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу негизде анын чегинен ыктыярдуу тышка кетүүсү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү.
Барып-келип (чегарага танапташ) эмгектенүү миграциясы - жөнөтүүчү мамлекеттин аймагында туруктуу жашаган шартта эмгек иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын чектеш мамлекеттин аймагына туруктуу барып туруусу жана чектеш мамлекеттин жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагына келүүсү.
Иш берүүчү - ишке орношкон мамлекетте жумуштарды аткарууга (кызмат көрсөтүүтө) эмгек келишиминин (контракттыы) же жарандык-укуктук келишимдин шарттарында иш берген же өз ишин жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак.
Жөнөтүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө өздөрүнүн эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн жөнөтүүгө байланышкан иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жак.
Эмгектик иш-аракет - жалданма жумуш, башка акы төлөнүүчү жумуш, ошондой эле жалданма жумуштан айырмаланган, эреже катар, контракттын, келишимдин же жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга квотанын негизинде же мамлекеттин мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлүп күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык өз алдынча иштеген эмгекчинин жашоосу үчүн каражатты камсыз кылган иш.
Мыйзамсыз эмгек миграциясы - чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын улуттук мыйзамдарда белгиленген ишке орношуу тартибин жана эрежелерин бузуу менен Кыргыз Республикасында эмгектик жана кесиптик иш-аракетин жүзөгө ашыруусу.
Мыйзамсыз эмгекчи-мигрант - чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата улуттук мыйзамдарда белгиленген ишке орношуунун тартибин жана эрежелерин бузган адам.
Чегарага танапташ эмгекчи-мигрант - чектеш мамлекетте өзүнүн туруктуу жашаган жерин сактаган, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык ага карата визасыз режим колдонулган, жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына мезгил-мезгили менен кирип турган жана чектеш мамлекетке визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде жок дегенде бир жолу кайтып келген танапташ мамлекеттин жараны.
Жөнөтүүчү мамлекет - эмгекчи-мигрант туруктуу жашаган жана андан эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында башка мамлекетке чыгып кеткен мамлекет.
Ишке орношуучу мамлекет - эмгекчи-мигрант эмгектик иш-аракетин жүргүзгөн мамлекет.
Үй-бүлө мүчөлөрү - эмгекчи-мигрант менен никеде турган адам, ошондой эле анын багуусундагы балдары жана иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык үй-бүлө мүчөлөрү деп таанылуучу башка адамдар.
Жөнгө салынган статус - ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ишке орношуучу мамлекеттин аймагында болууга жана акы төлөнгөн эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашырууга уруксаттын болушу.
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн тартуу жана пайдалануу квотасы - Кыргыз Республикасынын эмгек рыногундагы абалга жараша эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын санынын жогорку чеги.
Жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адис - эгерде аларды Кыргыз Республикасында эмгектик иш-аракетине тартуунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу критерийлерге ылайык келсе, конкреттүү иш жаатында жогорку билими, иш тажрыйбасы, көндүмдөрү жана жетишкендиктери бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк адис - иш берүүчү тарабынан тартылган жана эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн тийиштүү билими, зарыл болгон квалификациясы бар чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
Чет өлкөлүк жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде уюм түзбөстөн жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы жагындагы мамлекеттик саясаты
Кыргыз Республикасынын тышкы эмгек миграциясы жагындагы мамлекеттик саяcаты төмөнкүдөй максаттарга багытталган:
- тышкы эмгек миграциясынын процесстерин жөнгө салууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун керектөөсүн зарыл болгон жумушчу күчү менен канааттандырууга, экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын рационалдуу жана тең салмактуу түзүмүн түзүүгө;
- улуттук эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош жумушчу орундарын ээлөөгө артыкчылыктуу укуктарын камсыз кылууга;
- легалдуу эмес тышкы эмгек миграциясынын алдын алууга жана ага жол бербөөгө;
- эмгекчи-мигранттардын укуктук жана социалдык жактан корголушун камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөргө тартуу жана ишке орноштуруу боюнча башка мамлекеттердин квоталарын белгилөөсүнө көмөк көрсөтүүгө;
- эмгек миграциясы жагында эл аралык актыларга кошулууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарын коргоого;
- эмгек рыногундагы бош орундар жөнүндө маалыматтар базасын түзүүгө, чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгектик иш-аракетин уюштуруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик тармактары аркылуу Кыргыз Республикасынын калкына дайыма маалымат берип туруу мүмкүнчүлүктөрүнө жетишүүгө.
Тышкы эмгек миграциясы жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй принциптерге:
- адам укугу жана эмгекчи-мигранттарды социалдык жактан коргоо жагындагы эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган ченемдерин жактай турганына;
- тышкы эмгек миграциясы жагындагы иш-чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда улуттук кызыкчылыктарды сактоого негизделет.
3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө
Ушул Мыйзамдын күч-аракети мамлекеттик башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерге, анын ичинде Кыргыз Республикасында жекече ишкерлер катары катталган жана ишкердик ишти юридикалык жакты түзбөй туруп жүзөгө ашырган, Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн чет өлкөгө жөнөтүү, чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартуу жана пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзгөн жактарга (мындан ары - чарба жүргүзүүчү субъекттер), ошондой эле эмгекчи мигранттарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жайылтылат. Ушул Мыйзамдын ченемдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана каршы келбеген бөлүгүндө өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата колдонулат.
Ушул Мыйзам төмөнкүдөй чет өлкөлүк жарандарга жана (же) жарандыгы жок адамдарга колдонулбайт:
а) Кыргыз Республикасынын аймагында качкын статусун же саясий баш калка алгандарга;
б) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандарга;
в) дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө, консулдук мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарда иштегендерге;
г) чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан алар жөнөткөн технологиялык жабдууларды монтаждоо (шеф-монтаждоо), оңдоо үчүн түзүлгөн макулдашууларды (келишимдерди) Кыргьр Республикасынын аймагында ишке ашыруу чегинде иш сапарына жөнөтүлгөн кызматкерлерге;
д) кесиптик жогорку билим берүүнүн кыргыз билим берүү программаларынын чегинде өндүрүштүк практикадан өтүп жаткан студенттерге, ошондой эле каникул убагында иштегендерге;
е) Кыргыз Республикасында аккредиттилеген кабарчыларга жана журналисттерге;
ж) эл аралык келишимдерде ишке орношуунун башка тартиби аныкталган адамдарга;
з) кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарга;
и) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кол коюлган күчүнө кирген макулдашуулардын алкагында гранттык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырган башкаруучу компаниялардын жана подрядчы-компаниялардын жетекчилерине, ошондой эле гранттык жана инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого катышкан долбоорлоо жана илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлерине.
к) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алгандарга;
л) "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун алган чет өлкөлүк жарандарга.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181, 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
4-статья. Тышкы эмгек миграция жагындагы укуктук жөнгө салуу
Кыргыз Республикасында тышкы эмгек миграциясы жагындагы укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
5-статья. Тышкы эмгек миграциясы маселелери боюнча мамлекеттик башкаруунун ыйгарым укук берилген органдары
Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тышкы эмгек миграциясы жөнүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуучу мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча тышкы эмгек миграциясынын маселелери мамлекеттик башкаруунун башка органдары тарабынан да алардын компетенцияларынын чегинде каралат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II глава Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруусу
6-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик иш-аракетти жүзөгө ашыруусунун тартиби
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмдүүлүктөрүн эркин тескөө, кесиптик билими жөнүндө тийиштүү документтери же ырастоочу документтери бар иш тажрыйбасы болгондо иштин түрүн жана кесибин эркин тандоо укугунан, ошондой эле өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн жана мүлкүн ишкердик жана мыйзамда тыюу салынбаган башка экономикалык иш үчүн эркин пайдалануу укугунан пайдаланышат.
(Экинчи бөлүк КР 2018-жылдын 14-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту
Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга иш берүүчү тарабынан миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган атайын ачкан эсепке чет өлкөлүк кызматкердин Кыргыз Республикасынан транспорттун тийиштүү түрү менен чыгып кетүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражатты (кепилдик төгүм) төгүп берген шартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан иштегенге уруксат берилет.
Иш берүүчү тарабынан чет өлкөлүк кызматкерлердин Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражатты төгүп берүүсүнүн жана мындай каражаттарды иш берүүчүгө кайтарып берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бөлгиленет.
Иштегенге уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым алынат.
Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектик иш-аракетин ушул Мыйзамдын 14-статьясында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2020-жылдын 26-июнундагы № 64, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Эмгекчи-мигранттар үчүн квоталар
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу квотасы жыл сайын, ар бир календарлык жыл башталганга чейин төрт ай мурда мамлекеттик кызыкчылыктарды жана ички рыноктогу кырдаалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган эмгек миграциясына квоталарды Кыргыз Республикасында ишке орноштуруу максатында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды тартуучу иш берүүчүлөрдүн арасынан алардын республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын бош орундарды ээлөөгө артыкчылыктуу укуктарын эске алуу менен бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар эмгектик иш-аракетин төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырат:
- жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотадан тышкары, иш берүүчүнүн арызы боюнча 3 жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат;
- чет өлкөлүк адистер эмгек миграциясына квотанын чегинде, иш берүүчүнүн арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат. Мында алардын саны бир чарба жүргүзүүчү субъекттеги кызматкерлердин жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосу керек. Бир чарба жүргүзүүчү субъектте кызматкерлердин жаппы санынын 20 пайызынан ашкан санда чет өлкөлүк адистер тартылган учурда, иш берүүчү лимиттен ашыкча тартылган чет өлкөлүк кызматкер үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган эселенген мамлекеттик алым төлөйт;
- чет өлкөлүк жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органы тарабынан берилүүчү патенттин негизинде, эмгек миграциясына квотанын чегинде өз арызы боюнча бир жылга чейинки мөөнөткө иштегенге уруксат алат.
(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
8-статья. Эмгекчи-мигранттардын келүүсүнүн тартиби
Эмгекчи-мигранттардын келүүсүнүн тартиби, аларга карата жаш курактык жана башка талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эл аралык келишимдерде жана укуктук актыларда белгиленет жана жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасына жекече иштери боюнча, ошондой эле ишкердик максаттары менен, окууга жана туристтер катары келген чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда Кыргыз Республикасынын аймагында ишке орношо алышпайт.
Кыргыз Республикасына келишкен эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкарыда, өздөрү убактылуу жашаган жерде жана мейманканаларда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык органдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.
Эмгек келишиминин (контракттын) же иш аткаруута (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишимдин күч-аракетинин мөөнөтү аяктагандан кийин эмгекчи-мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү иш берген мамлекеттен чыгып кетүүгө милдеттүү.
Эмгекчи-мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү зарыл болгон учурда кандай гана убакытта болсун Кыргыз Республикасынан чыгып кете алышат.
(КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 104 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-статья. Эмгекчи-мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн келүүсүнүн жана болуусунун тартиби
Эмгекчи-мигрант чогуу жашоо үчүн өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн, өзүнүн иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген турак-жайга карата коюлган талаптарга жооп берүүчү шарттагы турак-жайы жана өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн багуу үчүн тийиштүү каражатка ээ болгон шартта чакырып алуу укугуна ээ болот.
10-статья. Кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгектик иш-аракети үчүн Кыргыз Республикасына келүү өзгөчөлүктөрү
Кыргыз Республикасы өлкөнүн экономикасын инвестициялаган, анын аймагында чет өлкөлүк ишканаларды жана чет өлкөлүктөр катышкан ишканаларды түзүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын өзүнүн аймагына келүүсүн стимулдаштырат.
11-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орношуусунун тартиби
Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары чет өлкөлөрдө эмгектик иш-аракет жүргүзө алышат.
Кыргыз Республикасынын жарандары анын чегинен тышкары жөнөтүүчүлөр аркылуу же өзүнчө ишке орношо алышат.
Миграция жагындагы мамлекеттик ыйгарым укук берилген орган Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышта ишке орноштурууну уюштурат.
Жөнөтүүчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга байланышкан ишин жүзөгө ашыруулары миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берилүүчү уруксаттардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары эмгекке орноштурууга байланышкан ишке укугуна уруксат берүү үчүн жөнөтүүчүдөн мамлекеттик алым алынат.
(Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 29, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
12-статья. Эмгекчи-мигранттардын чыгып кетүүсүнүн тартиби
Эгерде эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарында башкача тартип белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын акы төлөнүүчү иш алуу үчүн анын чегинен тышкары кетип бараткан жарандарынын чет өлкөлүк иш берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишими (контракт) жана иш берүүчү мамлекеттин, анын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан, ал эми алар жок болгон учурда - башка өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктөрү тарабынан берилген визасы болууга тийиш.
Эмгекчи-мигранттарды тартуунун тартиби, аларга карата коюлган жаш курактык жана башка талаптар ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын алардын эмгектик иш-аракеттерин жүзөгө ашыруулары үчүн Кыргыз Республикасынан эркин чыгып кетүү укугун чектеген ченемдик актылар чыгарылышы мүмкүн эмес.
13-статья. Эмгекчи-мигранттардын тобу менен жер которуулары
Эмгекчи-мигранттардын тобу менен жер которуулары Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат, аларда эмгекчи-мигранттардын тобунун келүүсүнүн, болуусунун жана чыгып кетүүсүнүн тартиби, алардын эмгегинин жана эмгек акысынын шарттары, тийиштүү мамлекеттик органдардын контролдугу алдындагы социалдык жана медициналык жактан камсыз кылынуусу аныкталат.
14-статья. Барып-келип (чегарага танапташ) эмгектенүү миграциясы
Мамлекет экономикалык, илимий-техникалык, маданий-агартуучулук байланыштарды өнүктүрүү кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин чегарага танапташ аймактарынын ортосунда жумушчу күчүн алмашууга көмөк көрсөтөт.
Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттардын укуктук абалы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
Чегарага танапташ эмгек-мигранттары Кыргыз Республикасынын аймагында акы төлөнүүчү жеке эмгектик иш-аракетин визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде, Кыргыз Республикасынын салык салуу жана тышкы эмгек миграциясы чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жалданма жумушчуларды жалдоого укуксуз жеке эмгектик иш-аракетине патенттин негизинде жүзөгө ашырат.
Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга эмгек миграциясына квота жайылтылбайт.
Кыргыз Республикасына жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында келген чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга визасыз режимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде эмгек визасын алуу талап кылынбайт.
Чегарага танапташ эмгекчи-мигранттын колдонуудагы жеке эмгектик иш-аракетине патенти болгон шартта миграция жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат документтерсиз аларды жалданма жумушка тартууга укуктуу жеке адамдар чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алат.
Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер чегарага танапташ эмгекчи-мигранттарга жумуш берүүчү боло алышпайт.
(КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III глава Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана эмгекчи-мигранттардын укуктары жана милдеттери
15-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин укуктары жана милдеттери
Чарба жүргүзүүчү субъекттер эмгекчи-мигранттарды чет өлкөдө эмгекке орноштуруу максатында:
- эмгекчи-мигранттарды ишке орноштуруу үчүн чет өлкөлүк иш берүүчүлөр менен макулдашуулар, контрактгар түзүүгө;
- чет өлкөлүк иш берүүчүнүн тапшырмасы боюнча эмгекчи-мигранттар менен эмгек контракттарын (келишимдерин) түзүүгө;
- чет өлкөдө ишке орноштуруу үчүн талапкерлерди тандап алууну жүргүзүүгө;
- адистешкен кесиптик кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурууга акылуу.
Чарба жүргүзүүчү субъекттер:
- миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга жана эмгек келишими (контракт) же иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жарандык-укуктук келишими боюнча ишке кабыл алынып жаткан эмгекчи-мигрантка иштин мүнөзү жөнүндө, эмгек акы жана эмгекти коргоо, жашоо шарттары жөнүндө, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылынышы, эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн акы төлөнүүчү эмгектик иш-аракет жүргүзүлүүчү жерге баруусу жана чыгып кеткен мамлекетке кайра кайтуусу жөнүндө объективдүү маалымат берүүгө;
- чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат алууга же Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга байланышкан иштөө укугуна ээ болууга;
- эмгекчи-мигрант менен түзүлгөн эмгек келишиминин же иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) боюнча жарандык-укуктук келишимдин шарттарын сактоого;
- квартал сайын миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө ишке орноштурулган жарандары, өзүнүн көмөгү менен чет өлкөгө ишке орношкон Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек коытракттарынын күч-аракеттеринин мөөнөттөрү жөнүндө иш берүүчү мамлекетти жана чет өлкөлүк иш берүүчүдө аткарылган иштин түрүн көрсөтүү менен маалымат берүүгө;
- миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан атайын ачылуучу эсепке чет өлкөлүк кызматкерди ал туруктуу жашаган өлкөнүн борборуна кайра кайтарууну камсыз кылуучу каражат (кепилдик төгүм) төгүп берүүгө;
- чет өлкөлүк жумшучу күчүн тартуунун жана пайдалануунун ушул Мыйзамда белгиленген тартибин бузуу менен ишке алынган чет өлкөлүк кызматкерлерди Кыргыз Республикасынан кайтып келүүсүнө (администрациялык айдап чыгууга) байланышкан чыгымдарды төлөп берүүгө;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын-кызматкерлердин пайдасына эсептелинген акы төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык келишимдерине ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн ай сайын төлөп берүүгө милдеттүү.
16-статья. Эмгекчи-мигранттардын укуктары жана милдеттери
Эмгекчи-мигранттар иш берүүчү мамлекетте эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында:
- аткарылуучу иштин, эмгек акынын шарттары менен таанышуу, иш берүүчү менен эмгек контракттарын (келишимдерин) түзүү жана эки мамлекеттин тең мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка маселелерди жөнгө салуу;
- иш берүүчү мамлекеттеги келген жери, турак-жай жана башка шарттары боюнча маалымат алуу;
- өзүнүн укуктарын жана эмгектик иш-аракет эркиндигин коргоо үчүн иш берүүчү мамлекетте жайгашкан дипломатиялык же консулдук мекемелерге кайрылуу укугуна ээ болот.
Эмгекчи-мигранттар:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын иш берүүчү мамлекетте болуусунун эрежелерин сактоого;
- эмгек келишиминин (контракттын) же иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жарандык-укуктук келишиминин шарттарын сактоого;
- эмгек келишиминин (контракттын) же иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жарандык-укуктук келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин, ошондой эле ал мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, эгерде иштеген мезгилинде иш берүүчү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ошол аймакта андан ары болууга мүмкүндүк берген жагдайлар келип чыкпаса, ишке орношуусу мамлекеттин чегинен тышка чыгып кетүүгө;
- иш берүүчүнүн талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген үлгүдөгү медициналык күбөлүгүн берүүгө милдеттүү.
17-статья. Эмгек келишими (контаркт)
Эмгекчи-мигранттын чарба жүргүзүүчү субъект менен эмгектик мамилелери эмгек келишими (контракт) менен жол-жоболоштурулат, ал жазуу жүзүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилинде жана эмгекчи-мигранттын эне тилинде же ал түшүнгөн тилде түзүлөт жана төмөнкүдөй маалыматтарды:
- эмгек келишими түзүлгөн датаны жана жерди;
- кызматкердин аты-жөнүн жана иш берүүчү-юридикалык жактын толук аталышын, анын жайгашкан жерин, уюштуруу документтеринин номерин жана мамлекеттик катталган датасын;
- эмгек келишиминин күч-аракетинин мөөнөтүн, акы төлөнгөн иштин мүнөзүн жана ордун, эмгек жана ага акы төлөө шарттарын, анын ичинде түнкү, убакыттан ашыкча, дем алыш жана майрам күндөрдөгү иш үчүн акы төлөөнү;
- сыйакылардын, кошумча акылардын жана эмгек акыдан кармоонун өлчөмүн;
- тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин, эмгек келишимин (контрактты) бузуунун же узартуунун тартибин жана шарттарын;
- эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн баруусун, тамак-ашын, жашоосун, медициналык жактан тейлөөнү уюштурууну;
- эмгекчи-мигрантты социалдык жана медициналык камсыздандыруунун тартибин жана шарттарын;
- акы төлөнүүчү эмгектик иш-аракет процессинде эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруунун тартибин жана башка социалдык кепилдиктерди камтууга тийиш.
Чарба жүргүзүүчү субъект эмгекчи-мигрант менен түзүлгөн эмгек келишимин (контрактты) миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органда каттоого милдеттүү.
Эмгек келишиминин (контракттын) бир нускасы эмгекчи-мигрантка ал ишке орношуучу мамлекетке кеткенге чейин тапшырылат.
Эмгек келишиминин (контракттын) шарттары иш берүүчү тарабынан бузулганда миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган эмгекчи-мигрантка ага тиешелүү жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууда, эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузууда жана жөнөтүүчү мамлекетке чарба жүргүзүүчү субъекттин эсебинен кайтып келүүгө көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын жараны болгон, эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн чет өлкөгө кеткен эмгекчи-мигрант менен эмгек келишиминин шарттары чет өлкөлүк иш берүүчү тарабынан бузулган учурда эмгекчи-мигрант Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылууга укуктуу, ал анын укуктарын, анын ичинде тиешелүү жеңилдиктерди жана компенсацияларды алуу, эмгек келишимин (контрактты) бузуу жана эмгекчи-мигранттын (жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн) Кыргыз Республикасына кайтып келүү укуктарын коргоо боюнча чара көрөт.
IV глава Эмгекчи-мигранттардын укуктарынын кепилдиктери
18-статья. Тең укуктуулук принциби
Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга жана Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга эмгек келишимдерин түзүүдө эмгекчи-мигранттардын укуктарынын ишке орношуп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык иш берүүчү мамлекеттин жарандары менен тең укуктуулук принциби сакталууга тийиш.
Эмгекчи-мигранттарды адамдын кадыр-баркын кемсинткен, алардын саламаттыгына залал келтирген жана алардын өмүрүнө коркунуч туудурган шарттарда жалдоого жол берилбейт.
Эмгек келишими боюнча эмгектенүү максатында чет өлкөгө кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктары менен милдеттери сакталат.
19-статья. Эмгекчи-мигранттын жөнөтүүчү мамлекетке мөөнөтүнөн мурда кайтып келүүсү
Эмгек келишими (контрактты) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишим эмгекчи-мигранттын күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык анын жөнөтүүчү мамлекетке кайтып келүүсүнүн чыгымдары анын жекече каражаттарынын эсебинен төлөнөт. (эгерде эмгек келишиминде (контрактта) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишиминде башкача эскертилбесе).
Эмгек келишими (контракт) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишим иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулганда эмгекчи-мигранттын жөнөтүүчү мамлекетке кайтып келүүсүнүн чыгымдарын иш берүүчү жана чарба жүргүзүүчү субъект көтөрөт (эгерде эмгек келишиминде (контрактта) же иш аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жарандык-укуктук келишиминде башкача эскертилбесе).
20-статья. Кесиптик билими жөнүндө документтерди таануу
Чет өлкөлүк жумушчулардын чет мамлекеттердин окуу жайларында алышкан кесиптик билими жөнүндө документтер, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасында алар легалдашкандан кийин таанылат.
21-статья. Социалдык камсыз кылуу
Эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынды мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде каралган шарттарда мамлекеттик социалдык камсыздандырууга алынууга тийиш жана мамлекеттик камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдардан жана пенсиялык камсыз кылуудан пайдаланышат.
22-статья. Эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Эмгек милдеттерин аткарууга байланышкан эмгекчи-мигранттын саламаттыгына мертинүүдөн же болбосо башка зыян келтирүүдөн улам, ошондой эле эмгекчи-мигранттын өлүмүнөн улам келип чыккан зыяндын ордун толтуруу ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Эмгекчи-мигрант келишимде көрсөтүлгөн эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу өлүмгө учураган учурда ишке орноштуруучу мамлекеттин чарба жүргүзүүчү субъекти өлгөн адамдын сөөгүн жана жеке буюмдарын жөнөтүүчү мамлекеттин аймагына алып келүүнү камсыз кылат жана ага байланышкан бардык чыгымдарды көтөрөт. Чарба жүргүзүүчү субъект бул жөнүндө кызматкердин өлгөндүгүнүн фактысы боюнча материалдарды берүү менен жөнөтүүчү мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине маалымдайт.
Ишке орношуучу мамлекетте эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу мертингенде же ооруп калганда, жабыр тарткан жаран өзү каалаган же ал ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте, күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган учурлардан тышкарыда, эмгекчи-мигрантты жөнөтүүчү мамлекетке чыгарып салууга жол берилбейт.
Жөнөтүүчү мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү, консулдук мекемеси же миграция жагындагы мамлекеттик органынын өкүлчүлүгү өлгөндүгүнүн фактысы же эмгекчи-мигранттын саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жазык, сот тергөөлөрүн жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт.
23-статья. Акча каражаттарын которуу жана алып келүү
Эмгекчи-мигранттар жана алар менен жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эгерде эл аралык келишимдерде жана башка макулдашууларда башкача каралбаса, ишке орношуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жөнөтүүчү мамлекеттин аймагына иштеп тапкан акча каражаттарын жана чогулткан каражаттарын которууну жана алып келүүнү жүзөгө ашырыша алышат.
24-статья. Эмгекчи-мигранттарга салык салуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
25-статья. Эмгекчи-мигранттардын жеке буюмдарын, аспаптарын жана жабдууларын алып келүүсү жана алып чыгуусу
Эмгекчи-мигранттар жана алар менен кошо жашаган үй-бүлө мүчөлөрү контракт (келишим) күч-аракетте болгон мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасына алардын жеке пайдалануусуна арналган товарларды, иш-милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон аспаптарды жана жабдууну убактылуу алып келе алышат, ошондой эле аталган товарларды, аспаптарды жана жабдууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып чыгып кете алышат.
V глава Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
26-статья. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин жоопкерчилиги
Кыргыз Республикасынын жарандарын эмгектик иш-аракети үчүн чет өлкөгө жөнөтүү жана чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасында иштөө үчүн тартуунун белгиленген тартибин бузууга жол берген чарба жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартууга байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу эмгекчи-мигранттарды жаңылыштыкка алып келген жана миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органга эмгектин мүнөзү жөнүндө жалган маалымат берген чарба жүргүзүүчү субъекттер мындай ишти жүзөгө ашыруу укугунан ажыратылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
27-статья. Эмгекчи-мигранттардын жоопкерчилиги
Кыргыз Республикасына келген жана эмгектик иш-аракетин миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган берүүчү тийиштүү уруксат документтерсиз жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Кыргыз Республикасына келген жана жеке эмгектик иш-аракетке патенти жок жеке эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруучу чегарага танапташ эмгекчи-мигранттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
(КР 2020-жылдын 26-июнундагы № 64 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
28-статья. Мыйзамсыз эмгек миграциясына жол бербөө
Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга, ошондой эле эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө жөнөтүүгө контролдук жүргүзүүнү аткаруу бийлигинин башка органдары менен өз ара аракетте миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен бирдикте мыйзамсыз миграцияны, Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкарыда мыйзамсыз жалдоону жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасында иштөө үчүн жалдоого жол бербөө жана бөгөт коюу үчүн чара көрөт.
Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга, ошондой эле чет өлкөлүк жумушчу күчүн Кыргыз Республикасына тартууга жана пайдаланууга байланышкан ишинин мониторингин жүргүзөт.
29-статья. Жаңылыштыкка алып келүүчү маалыматка каршы чаралар
Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен бирдикте жаңылыштыкка алып келүүчү маалыматтын таралышына жол бербөөгө багытталган чараларды көрөт.
Чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү ишти жарнамалоонун тартибин бузгандыгы үчүн, ошондой эле жарнама ылайыгы жок деп табылган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
VI глава Корутунду жоболор
30-статья. Тышкы эмгек миграциясы проблемалары боюнча эл аралык кызматташтык
Миграция жагындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тышкы эмгек миграциясы процессинде келип чыккан проблемаларды жөнгө салуу максатында башка мамлекеттердин компетенттүү кызматтары жана тийиштүү эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрөт.
31-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2006-жылдын 20-январында № 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |