МыйзамКүчүндө

КР 2009-жылдын 15-октябрындагы № 277 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу» Мыйзамы

Редакция15.10.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 15-октябры № 277

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

36-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"36-берене. Депутаттын өргүүсү

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылы акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилет.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына төмөндөгүлөр берилет:

1) кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө, бала асырап алгандыгына байланыштуу өргүү;

2) эмгек акысы сакталбаган өргүү (үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча, никеге катталган, бала төрөлгөн, баланы баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда);

3) окуу өргүүсү.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К. Бакиев