Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 6-ноябры № 293
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:
"4-1-статья. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан
чыгымдарды каржылоо
Ушул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.".
2. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) Ушул статьянын 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ичинен радиациянын таасирине чалдыккан ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлөрүнөн улам тукум куучу илдеттери жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары.".
3. 6-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6-статья. Келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга компенсациялар жана жеңилдиктер";
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын граждандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз текшерүүгө жана медициналык жардам көрсөтүүгө (станционарда жана амбулатордук);";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде дары-дармектерди (врачтардын рецепттери боюнча) акысыз алууга, жыл сайын санаториялык-курорттук акысыз дарылануу менен камсыздалууга же жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдарында жолдомонун орточо наркынын 100 процентинин өлчөмүндө акчалай компенсация алууга;";
2-пункт "баалуу металлдардан" деген сөздөрдөн кийин "жана металл керамикадан" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:
"5-1) алар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык социалдык турак жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;";
8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
9-11-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) 7 жылда бир жолу медициналык көрсөткүчтөрү боюнча ары-бери жүрүүнүн жекече каражаты болгон майыптардын кресло-коляскасы менен акысыз камсыз кылуу;
10) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жашаган адамдардын үйлөрүндө социалдык жардам көрсөтүү;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай компенсация төлөө;";
12-пункт "таксиден" деген сөздөн кийин "жана маршруттук таксиден" деген сөздөр менен толукталсын;
16-пунктта "турак-жай курулуш кооперативдерине, транспорт каражаттары үчүн коллективдүү гараждарды жана токтотуучу жайларды куруу жана пайдалануу жана аларды техникалык жактан тейлөө боюнча кооперативдерге, багбанчылык шериктештиктерине (кооперативдерге) биринчи кезекте кирүүгө, багбанчылык үйлөрүн же аларды куруу үчүн материалдарды, көп талап кылынуучу өнөр жай товарларын, анын ичинде жеңил автомобилдерди жана мотоциклдерди биринчи кезекте сатып алууга," деген сөздөр алып салынсын;
15, 18- жана 21-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
4. 7-статьяда:
1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "6-8" деген цифралар "6, 7" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пункт "(врачтардын рецепттери боюнча)" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдарында врачтардын корутундусу боюнча санаториялык-курорттук дарыланууга акысыз жолдомо менен жыл сайын жылына бир жолу, ал эми жолдомо берүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда - анын орточо наркынын 50 процентинин өлчөмүндө акчалай компенсация менен камсыз кылууга;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;";
- 5-пункт "таксиден" деген сөздөн кийин "жана маршруттук таксиден" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
3-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар 6-статьянын 3, 19, 20, 22-24-пункттарында, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1- жана 5-пункттарында каралган компенсацияларды жана жеңилдиктерди алуу укугуна ээ болушат, ошондой эле:";
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын өлчөмүндө азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай компенсация төлөөгө.".
5. 8-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Тыюу салынган зонадан эвакуацияланган жана көчүрүү зонасынан Кыргыз Республикасына көчүрүлгөн адамдарга берилүүчү компенсациялар жана жеңилдиктер
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 19- жана 24-пункттарында каралган компенсацияларды жана жеңилдиктерди алууга, ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу болушат:
1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;
2) жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун жана курулуш материалдарын кезексиз алууга;
3) мамлекеттик мектепке чейинки балдар мекемелеринде, атайын балдар мекемелеринде, дарылоо жана санаторий тибиндеги адистештирилген балдар мекемелеринде, ден соолукту чыңдоо лагеринде жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелеринде алардын ведомстволук караштуулугуна карабастан балдары орун менен артыкчылыктуу камсыз кылынууга.".
6. 9-статьяда:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 3-пунктунда каралган компенсацияларга жана жеңилдиктерге укуктуу болушат, ошондой эле:";
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;";
2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
7. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардамды жана радиациялык жактан коргоону уюштуруу
Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдар өмүр бою милдеттүү түрдө адистештирилген медициналык байкоодон (диспансеризациядан) өтүшөт. Аларды жеке эсепке алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоосу түзүлөт.
Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү алар жашаган же иштеген жердеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул адамдарды адистештирилген медициналык тейлөө саламаттык сактоо мекемелери тарабынан камсыз кылынат, алардын тизмесин, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүнүн жана диспансеризациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга Чернобыль АЭСиндеги аварияга байланыштуу ооруп калган же майып болгон себептерин аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш жана аскердик-врачтык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аталган эксперттик кеңештин жана аскердик-врачтык комиссиялардын чечимдерине канааттанбаган адамдар соттук тартипте ишти кайрадан кароо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.".
8. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдык жактан коргоо,медициналык жактан тейлөө жана ден соолугун чыңдоо
Тыюу салынган зоналардан, көчүрүү зонасынан жана көчүүгө укук берилген жашоо зонасынан эвакуацияланган жана Кыргыз Республикасына көчүрүлгөн 18 жашка чейинки курактагы балдарга жана өспүрүмдөргө, анын ичинде эвакуация болгон күнү энесинин боюндагы балдарга, ошондой эле ата-энелеринин радиоактивдүү нурлануусунун генетикалык кесепеттери тийиши мүмкүн экендиги менен шартталган тукум кууган оорулар орун алган учурда ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн граждандардын биринчи жана кийинки муундардагы балдарына кошумча жеңилдиктер берилет:
1) аталган балдарга жана өспүрүмдөргө:
- медициналык көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү профилдеги санаторийлерде акысыз санаторий-курорттук дарыланууга жолдомо берилет, ал эми жолдомо берүү мүмкүн болбогон учурларда жалпы жана санаторий тибиндеги балдардын ден соолугун чыңдоо мекемелерине жолдомонун орточо наркынын өлчөмүндөгү акчалай компенсация төлөнүп берилет;
- дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген нормалардын чегинде (врачтардын рецепттери боюнча) акысыз алышат;
- ата-энесинин бири же аны алмаштырган адам менен темир жол аркылуу, ал эми темир жол каттамы жок райондордо дарылануучу же санаторий-курорттук дарылануучу жерге медициналык мекемелердин жолдомосу менен баруу үчүн белеттерди кезексиз алуу укугу менен аба, суу жана шаарлар аралык автомобиль транспортунда (барып-келүү) акысыз жол жүрө алышат;
- жыл сайын балдардын ден соолугун чыңдоочу жалпы жана санаторий тибиндеги мекемелерде акысыз дарыланышат, ал эми жолдомо берүүгө мүмкүнчүлүк болбогон учурда - анын орточо наркынын өлчөмүндө акчалай компенсация алышат;
- кан жаратуучу органдар (курч кармаган лейкоз), ички бездер оорусу (аденома, рак), зыяндуу шишиктер менен ооруп калган учурда балдар жана өспүрүмдөр ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган жеңилдиктерге укуктуу болушат;
- 14 жашка чыга элек балдарга эсептик көрсөткүчтүн үч эсе өлчөмүндө азык-түлүк товарларын сатып алууга ай сайын акчалай компенсация берилет;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына бюджеттик бөлүмдөргө кирүүгө артыкчылык (башкалары бирдей шартта) берилет;
2) 14 жашка чейинки курактагы балдардын ата-энелерине:
- бул жөлөкпулду алуу үчүн зарыл болгон үзгүлтүксүз эмгек стажынын бар-жогуна карабастан, оорулуу баланы баккандыгы үчүн иш жүзүндө иштеп тапкан эмгек акысынын (ата-энесинин бирине) 100 пайыз өлчөмүндө эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет;
- ата-энесинин бири баласы дарылоо мекемесинде дарыланган бүткүл мезгилдин ичинде (врачтардын сунушу боюнча) аны менен чогуу болот жана эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет.
Бала дарыланып жаткан учурда ата-энеси баласы аны менен чогуу боло албаган учурда ушул статьянын 2-пунктунун аракети баланы баккан башка адамга жайылтылат.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн балдарды жана өспүрүмдөрдү медициналык жактан тейлөөнүн жана ден соолугун чыңдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдар тарабынан, коомдук уюмдардын катышуусу менен аныкталат.".
9. V бөлүм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"V бөлүм
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин
жоюуга катышкандар жөнүндө берилген маалыматтардын
тууралыгын контролдоо
20-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө берилген документтердин тууралыгына контролду жүзөгө ашыруучу орган
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгына контролду Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
21-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн граждандардын жоопкерчилиги
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө туура эмес маалымат берген граждандар Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин чечими менен жоюучунун статусунан ажыратылат. Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш кабыл алынган чечим жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
22-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга граждандын катышкандыгы жөнүндө негизсиз документтер
бергендиги үчүн жана гражданды Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучу статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз чечим чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга граждандын катышкандыгы жөнүндө негизсиз документ берүүгө жана аны жеке эсепке алууга күнөөлүү, ошондой эле гражданды Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучу статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз чечим чыгарганга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
23-статья. Ушул Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Ушул Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |