Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1993-жылдын 7-майы № 1196-XII
Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө
(КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 27-I, 1998-жылдын 31-октябрындагы № 137, 2002-жылдын 16-октябрындагы № 144, 2004-жылдын 21-августундагы № 161, 2004-жылдын 21-августундагы № 162, 2006-жылдын 27-январындагы № 29, 2007-жылдын 31-июлундагы № 118, 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 7-майындагы № 1197-XII токтому менен колдонууга киргизилген)
1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыль АЭСинде болгон авария өзүнүн масштабы боюнча биочөйрөнүн абдан күчтүү радиоактивдүү булганышын, экологиялык кыйроону пайда кылып, зор аймактарда жашаган миллиондогон адамдардын тагдырына таасир тийгизген жалпы элдик кырсык болуп калды.
Авариянын натыйжасында радиоактивдүү булганышы жогору болгон зоналар түзүлгөн райондордо жаңы социалдык жана экономикалык шарттар, Чернобылдагы авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан граждандар үчүн өзгөчө абал пайда болду.
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Мыйзамдын максаттары жана милдеттери
Бул Мыйзам Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен, Чернобыль АЭСинде болгон аварияны жана анын кесепеттерин жоюуга катышкан Кыргыз Республикасынын граждандарынын укуктарын жана таламдарын коргоого багытталган.
2-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандарды социалдык жактан коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоого байланыштуу мамилелер ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан жөнгө салынат.
(КР 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен жарандардын тарткан зыяндарынын ордун толтурууга, социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алууга болгон укугу
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын граждандары Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун натыйжасында өздөрүнүн саламаттыгына келтирилген зыян үчүн, ошондой эле аталган кыйроонун натыйжасында жол берилүүчү деңгээлден жогору болгон радиоактивдүү булганууга дуушар болгон аймакта жашагандыгынын жана иштегендигинин натыйжасында радиация алуу коркунучуна дуушар болгондугу үчүн социалдык гарантияларды жана акчалай компенсацияларды алууга укуктуу.
Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан жана республиканын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк граждандар жана граждандыгы жок адамдар өздөрүнүн саламаттыгына келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алууга укуктуу.
Ушул статьяда белгиленген граждандардын укуктарын жүзөгө ашыруу мамлекет тарабынан гарантияланат.
4-статья. Социалдык гарантияларды жана компенсацияларды белгилөө
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Бул Мыйзамда Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандарга берилүүчү акчалай жана башка материалдык компенсациялардын айкын өлчөмү белгиленет.
Ушул Мыйзамда белгиленген акчалай жана башка материалдык компенсациялардын тартиби жана айкын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
41-статья. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо
Ушул Мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II бөлүм Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандардын статусу
5-статья. Граждандардын категориялары
Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен жана ушул Мыйзамдын аракеттери жайылтыла турган граждандарга:
1. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен пайда болгон оорулардан жапа чеккен, ошондой эле Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
2. 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги ошол мезгилде кирүүгө тыюу салынган зонанын чегинде же Чернобыль АЭСин иштетүү же башка иштерде авариянын кесепетин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар, ошондой эле атайын чакырылган жана ошол мезгилде аталган авариянын кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, жайгашкан жерине жана аткарган ишине карабастан, ошондой эле 1986-1987-жылдарда тыюу салынган зонада кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
3. 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин тыюу салынган зонанын чектеринде жоюу боюнча иштерге катышкан же ушул мезгилде Чернобыль АЭСин иштетүүгө же башка иштерге катышкан анын ичинде убактылуу жөнөтүлгөн же командировкаланган адамдар, ошондой эле атайын чакырылган жана ошол мезгилде аталган авариянын кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерди аткарууга тартылган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр, жайгашкан жерине жана аткарган ишине карабастан, ошондой эле 1988-1989-жылдарда тыюу салынган зонада кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
4. 1986-жылы тыюу салынган зонадан Кыргыз Республикасына эвакуацияланган (өз ыктыяры менен келген) адамдар, же жер которгондор, ошондой эле калкты көчүрүү зонасынан 1986-жылы жана андан кийинки жылдарда өз ыктыяры менен келгендер, буга эвакуация болгон күнү энесинин боюнда болгон балдар да кирет;
5. Чернобыль АЭСиндеги авариядан кийин көчүүгө укугу бар жашоо зонасынан Кыргыз Республикасына өз ыктыяры менен келген адамдар.
6. Көчүрүү зонасында, көчүүгө укук берилген жашоо зонасында жана жеңилдик берилүүчү социалдык-экономикалык статусу бар жашоо зонасында кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын аскер кызматчылары жана башкаруу жана катардагы курамындагы адамдар.
7) Ушул статьянын 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдардын ичинен радиациянын таасирине чалдыккан ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлөрүнөн улам тукум куучу илдеттери жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары.
(КР 1998-жылдын 31-октябрындагы № 137, 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык гарантиялар жана компенсациялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар:
1) Кыргыз Республикасынын граждандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык акысыз текшерүүгө жана медициналык жардам көрсөтүүгө (станционарда жана амбулатордук);
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;
2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
3) тынымсыз эмгек стажына карабастан убактылуу эмгекке жараксыз болуп калган учурда эмгек акысынын 100 процент өлчөмүндө пособие алууга;
4) иштеп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар убактылуу эмгекке жарамсыз болуп калган учурда удаасы менен 4 айга чейин же календарлык жылда 5 айга чейин пособие төлөтүп алууга;
5) турак жай шартын жакшыртууга муктаж экендиги туура деп табылган учурда арыз берген күндөн тартып жыл ичинде турак жай менен камсыз болууга, ошондой эле өзгөчө бөлмө түрүндө кошумча турак жай аянтын алууга;
5-1) алар турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык социалдык турак жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;
6) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) өздөрү ээлеп турган мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондусунун үйлөрүн жеке менчикке акысыз алууга;
8) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) 5 жылда бир жолу медициналык көрсөткүчтөрү боюнча ары-бери жүрүүнүн жекече каражаты болгон майыптардын кресло-коляскасы менен акысыз камсыз кылуу;
10) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой жашаган адамдардын үйлөрүндө социалдык жардам көрсөтүү;
11) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13) жыл сайын берилүүчү кезектеги акы төлөнүүчү отпусканы өзүнө ыңгайлуу мезгилде алууга, ошондой эле жыл сайын узактыгы 14 календарлык күнгө созулган акы төлөнүүчү кошумча отпуска алууга;
14) биринчи кезекте телефон койдурууга;
15) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
16) турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканаларында биринчи кезекте тейленүүгө, транспорт каражаттарын биркнчи кезекте техникалык жактан тейлетүүгө жана оңдотууга, коомдук-тамак-аш, турак жай-коммуналдык чарба мекемелеринде, байланыш жана шаарлар аралык транспорттон биринчи кезекте пайдаланууга;
17) өзүмдүк же коммуналдык турак жай куруу үчүн процентсиз ссуда алууга, анын 50 проценти жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жоюлат;
18) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
19) дарылоо-профилактикалык мекемелерде жана дарыканаларда биринчи кезекте тейленүүгө;
20) пенсияга чыкканда жана жумуш ордун которгондо пенсияга чыкканга же жумуш ордун которгонго чейин өздөрү бекиген эмканалардан пайдаланууга;
21) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
22) ведомстволук таандык болгондугуна карабастан мектепке чейинки балдар мекемелеринен, дарылоо жана санаториялык типтеги адистештирилген балдар мекемелеринен, ден соолукту чыңдоо лагерлеринен жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелеринен балдары үчүн кезексиз орун алууга;
23) өзүмдүк турак жай куруу үчүн жер участокторун биринчи кезекте алууга;
24) улгайгандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жатак үйлөрдөн орундарды алууда артыкчылык укугунан пайдаланууга;
25) көмөкчү же фермердик чарбаны уюштуруу үчүн 25 эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн өлчөмүндө процентсиз ссуда алууга укуктуу. Аталган ссуданы берүүдөн банктар тарткан зыяндардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын зсебинен компенсацияланат.
26) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ушул статьянын 11, 14, 16, 17, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын натыйжасында курман болгон жарандардын, келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө таркатылат.
(КР 1998-жылдын 31-октябрындагы № 137, 2004-жылдын 21-августундагы № 162, 2006-жылдын 27-январындагы № 29, 2007-жылдын 31-июлундагы № 118, 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин тыюу салынган зонада жоюуга катышкандарга берилүүчү социалдык гарантиялар жана компенсациялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 3, 7, 13, 14, 16, 19, 20, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантияларга жана компенсацияларга, ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу болушат:
1) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди аткарууга байланыштуу оорунун же жарат алуунун натыйжасында майып болуп калган адамдар, эмгекке тап-такыр жараксыз болуп калган учурда жумушчуларга жана кызматчыларга алар өздөрүнүн эмгектик жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда аларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу учурлары үчүн мыйзамдарда каралган тартипте аныкталуучу зыяндын ордун толтуртуп алууга;
1-1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;
2) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөөгө;
3) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;
4) турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж экендиги туура деп табылган шартта биринчи кезекте турак жай менен камсыз болууга;
41) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;
5) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7) өзүмдүк же кооперативдик турак жай куруу үчүн анын 25 процентин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жоюу менен процентсиз ссуда алууга укуктуу.
6-статьянын 7-пунктунда жана ушул статьянын 11 жана 4-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө колдонулат.
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар 6-статьянын 3, 19, 20, 22-24-пункттарында, ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алуу укугуна ээ болушат, ошондой эле:
1) жыл сайын кезектеги акы төлөнүүчү отпусканы өздөрүнө ыңгайлуу мезгилде пайдаланууга;
1-1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;
2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;
3) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4) коммуналдык квартираларда жашаган, турак жай шартын жакшыртууга муктаж болгон граждандарды ээлеп турган турак жай аянтынын өлчөмүнө карабастан кезекке коюуга;
5) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн адамдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын жана Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуга катышуучунун ушул Мыйзам тарабынан белгиленген социалдык гарантияларга жана компенсацияларга болгон укугун ырастоочу документтер болуп саналган ырастамалар жана төш белгилери берилет.
Күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү Кыргыз Республикасынын министерстволору жана ведомстволору, аскер комиссариаттары жана социалдык жактан коргоо органдары тарабынан берилет. Кызмат адамдары аталган күбөлүктөрдү толтуруунун жана берүүнүн тууралыгы үчүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 1998-жылдын 31-октябрындагы № 137, 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Тыюу салынган зонадан эвакуацияланган жана көчүрүү зонасынан Кыргыз Республикасына көчүрүлгөн адамдарга берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 19- жана 24-пункттарында каралган социалдык гарантияларды алууга, ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу болушат:
1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;
2) жеке менчик үй куруу үчүн жер участокторун жана курулуш материалдарын кезексиз алууга;
3) мамлекеттик мектепке чейинки балдар мекемелеринде, атайын балдар мекемелеринде, дарылоо жана санаторий тибиндеги адистештирилген балдар мекемелеринде, ден соолукту чыңдоо лагеринде жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелеринде алардын ведомстволук караштуулугуна карабастан балдары орун менен артыкчылыктуу камсыз кылынууга.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-статья. Көчүүгө укук берилген жашоо зонасынан өз ыктыяры менен жаңы жерге көчүп келген адамдарга берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 5-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 3-пунктунда каралган социалдык гарантияларды укуктуу болушат, ошондой эле:
1) алар турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж деп табылган шартта ипотекалык социалдык турак-жай курулушуна биринчи кезекте кирүүгө;
2) (КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. Көчүрүү зонасында, көчүүгө укук берилген жашоо зонасында жана жеңилдик берүүчү социалдык-экономикалык статус менен жашоо зонасында аскердик кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын аскер кызматчыларына жана башкаруучу жана катардагы курамдагы адамдарга берилүүчү социалдык гарантиялар
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 8 жана 9-статьяларында каралган тиешелүү социалдык гарантияларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте укуктуу болушат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардамды жана радиациялык жактан коргоону уюштуруу
Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдар өмүр бою милдеттүү түрдө адистештирилген медициналык байкоодон (диспансеризациядан) өтүшөт. Аларды жеке эсепке алуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоосу түзүлөт.
Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен адамдарга медициналык жардам көрсөтүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү алар жашаган же иштеген жердеги саламаттык сактоо мекемелери тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул адамдарды адистештирилген медициналык тейлөө саламаттык сактоо мекемелери тарабынан камсыз кылынат, алардын тизмесин, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүнүн жана диспансеризациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.
Ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн адамдарга Чернобыль АЭСиндеги аварияга байланыштуу ооруп калган же майып болгон себептерин аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш жана аскердик-врачтык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Аталган эксперттик кеңештин жана аскердик-врачтык комиссиялардын чечимдерине канааттанбаган адамдар соттук тартипте ишти кайрадан кароо жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Балдарды жана өспүрүмдөрдү социалдык жактан коргоо, медициналык жактан тейлөө жана ден соолугун чыңдоо
Тыюу салынган зоналардан, көчүрүү зонасынан жана көчүүгө укук берилген жашоо зонасынан эвакуацияланган жана Кыргыз Республикасына көчүрүлгөн 18 жашка чейинки курактагы балдарга жана өспүрүмдөргө, анын ичинде эвакуация болгон күнү энесинин боюндагы балдарга, ошондой эле ата-энелеринин радиоактивдүү нурлануусунун генетикалык кесепеттери тийиши мүмкүн экендиги менен шартталган тукум кууган оорулар орун алган учурда ушул Мыйзамдын 5-статьясында көрсөтүлгөн граждандардын биринчи жана эки кийинки муундардагы балдарына кошумча социалдык гарантиялар жана компенсациялар берилет:
1) аталган балдарга жана өспүрүмдөргө:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;
- (Абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (Абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- кан жаратуучу органдар (курч кармаган лейкоз), ички бездер оорусу (аденома, рак), зыяндуу шишиктер менен ооруп калган учурда балдар жана өспүрүмдөр ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган жеңилдиктерге укуктуу болушат;
- (Абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларына бюджеттик бөлүмдөргө кирүүгө артыкчылык (башкалары бирдей шартта) берилет;
2) 14 жашка чейинки курактагы балдардын ата-энелерине:
- бул жөлөкпулду алуу үчүн зарыл болгон үзгүлтүксүз эмгек стажынын бар-жогуна карабастан, оорулуу баланы баккандыгы үчүн иш жүзүндө иштеп тапкан эмгек акысынын (ата-энесинин бирине) 100 пайыз өлчөмүндө эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет;
- ата-энесинин бири баласы дарылоо мекемесинде дарыланган бүткүл мезгилдин ичинде (врачтардын сунушу боюнча) аны менен чогуу болот жана эмгекке жарамсыздык баракчасы төлөнүп берилет.
Бала дарыланып жаткан учурда ата-энеси баласы аны менен чогуу боло албаган учурда ушул статьянын 2-пунктунун аракети баланы баккан башка адамга жайылтылат.
Ушул статьяда көрсөтүлгөн балдарды жана өспүрүмдөрдү медициналык жактан тейлөөнүн жана ден соолугун чыңдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, коомдук уюмдардын катышуусу менен аныкталат.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Ушул Мыйзамда каралбаган кошумча социалдык гарантиялар жөнүндө
(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Жергиликтүү мамлекеттик акимдиктер, ишканалар, мекемелер, жана уюмдар, кесиптик бирикмелер ушул Мыйзамдын күчү жайылтыла турган адамдарды тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу, материалдык, турмуш-тиричилик шарттарын, медициналык, соода жана транспорт жагынан тейлөөнү жакшыртуу боюнча өздөрүнүн полномочиелеринин чектеринде кошумча чараларды көрө алышат.
III бөлүм Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында ден соолугуна зыян келтирген адамдарга берилүүчү компенсациялар
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
IV бөлүм Коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын Чернобылдагы кыйроого байланыштуу укуктары
18-статья. Коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын укуктары –
(КР 1995-жылдын 28-июлундагы жана 26-сентябрындагы № 27-I Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготкон)
19-статья. Граждандардын жана коомдук бирикмелердин маалымат алууга болгон укугу
Кыргыз Республикасынын граждандары жана коомдук бирикмелери Чернобылдагы кыйроого байланыштуу маселелер бюнча өз убагында толук жана так маалымат алууга укуктуу. Ал маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан полномочие берилген мекемелер, уюмдар тарабынан берилет.
Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, коомдук бирикмелердин жана массалык маалымат каражаттарынын кызмат адамдары Чернобылдагы кыйроого байланыштуу маселелер боюнча объективдүү маалыматтарды атайылап бурмалагандыгы же жашырып койгондугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
V бөлүм Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгын контролдоо
(Бөлүм КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө берилген документтердин тууралыгына контролду жүзөгө ашыруучу орган
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө берилген маалыматтардын тууралыгына контролду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандар жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн граждандардын жоопкерчилиги
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы жөнүндө туура эмес маалымат берген граждандар Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин чечими менен жоюучунун статусунан ажыратылат. Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңеш кабыл алынган чечим жөнүндө коргоо, социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-статья. Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга граждандын катышкандыгы жөнүндө негизсиз документтер бергендиги үчүн жана гражданды Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучу статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз чечим чыгаргандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюуга граждандын катышкандыгы жөнүндө негизсиз документ берүүгө жана аны жеке эсепке алууга күнөөлүү, ошондой эле гражданды Чернобыль АЭСинде болгон авариянын кесепеттерин жоюунун катышуучу статусунан ажыратуу жөнүндө негизсиз чечим чыгарганга күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Ушул Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
Ушул Мыйзамдын нормаларын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
(КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 293 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен граждандары социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулган
ТЕРМИНДЕР ЖАНА ТҮШҮНҮКТӨР
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Тыюу салынган зона
Тыюу салынган зона деп (1986-1987-жылдарда 30 километрдик зона, ал эми 1988-жылдан ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин көчүрүү зонасы деп аталган) Россия Федерациясынын, Украинанын жана Белоруссиянын Радиациялык коопсуздуктун нормаларына ылайык 1986-жылы калкы эвакуацияланган аймагы аталган.
2. Көчүрүү зонасы
Көчүрүү зонасы деп тыюу салынган зонанын чегинен кийин жайгашкан Россия Федерациясынын, Украинанын жана Белоруссиянын аймагы аталат, аларда кыртыштын цезий 137 менен булганышы бир чарчы километрге 15 кюриден ашык, же стронций - 90 менен булганышы бир чарчы километрге 3 кюриден жогору, же плутоний - 239, 240 менен бир чарчы километрге 0,1 кюри болгон аймагы эсептелет. Бул зонанын кыртышынын цезий менен булганышынын даражасы бир чарчы километрге 40 кюриден жогору болгон же стронций - 90 менен булганышы бир чарчы километрге 3 кюриден жогору болгон же плутоний 239, 240 менен булганышы бир чарчы километрге 0,1 кюриден жогору болгон аймактарында, ошондой эле зонанын кыртшынын цезий менен булганышы бир чарчы километрине 15-40 кюри болгон аймактарында, Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында пайда болгон радиоктивдүү чаңдардан калктын нурланууга дуушар болуусунун жылдык орточо натыйжалуу эквиваленттүү дозасы 5 миллизиверттен (0,5 бэр) ашып кеткен учурда калк милдеттүү түрдө көчүрүлөт. Зонанын калган аймактарындагы башка жерге көчүү жөнүндө чечим кабыл алган граждандарже ушул аймактарда жашоону каалаган граждандар ушул Мыйзамда белгиленген социалдык гарантияларды алууга укуктуу болушат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3. Көчүүгө укук берилген жашоо зонасы
Көчүүгө укук берилген жашоо зонасы деп тыюу салынган зонанын жана көчүрүү зонасынын чегинен тышкары жайгашкан, кыртыштын цезий-137 менен булганыш даражасы чарчы километрине 5 кюриден 15 кюриге чейин болгон Россия Федерациясынын, Украинанын жана Белоруссиянын аймагы эсептелет. Калктын нурланууга дуушар болушунун жылдык орточо натыйжалуу эквиваленттик дозасы 1 миллизиверттен (0,1 бэр) ашып кеткен калк жашаган пункттарда жашаган граждандар жана бул зонадан башка жерге барып жашоого чечим кылган граждандар ушул Мыйзамда белгиленген социалдык гарантияларды алууга укуктуу болушат.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4. Жеңилдик берүүчү социалдык-экономикалык статусу бар жашоо зонасы
Жеңилдик берүүчү социалдык-экономикалык статусу бар жашоо зонасы деп тыюу салынган зонадан, көчүрүү зонасынан жана көчүүгө укук берилген жашоо зонасынан кийин жайгашкан кыртышынын цезий - 137 менен радиоактивдүү булганышынын даражасы бир чарчы километрине 1 кюриден 5 кюриге чейин болгон Россия Федерациясынын, Украинанын жана Белоруссиянын аймагы эсептелет. Аталган зонада калктын нурланууга дуушар болушунун жылдык орточо эквиваленттик дозасы 1 миллизиверттен (0,1 бэр) ашпоого тийиш.
5. Радионуклиддер
Радионуклиддер - ядросу өз алдынча гамма-квант түрүндө энергия чыгаруу менен, электр менен коштолгон бета-бөлүкчөлөрдү же альфа-бөлүкчөлөрдү, же нейтрондук бөлүп чыгаруу менен өз алдынча ажырап кеткен атомдор.
6. Ионизацияланган нурлануу
Ионизацияланган нурлануу - ткандардын ичине өтүүгө жөндөмдүү болгон жана аларда электр менен коштолгон иондорду пайда кылган нурлануу.
7. Нурлануунун натыйжалуу эквиваленттүү дозасы
Нурлануунун натыйжалуу эквиваленттүү дозасы - организмге сиңирилген ионизацияланган нурлануунун энергиясын мүнөздөй турган термин, мында ар кыл органдардын жана ткандардын бирдей эмес сезгичтиги эске алынат. Натыйжалуу эквиваленттик дозаны өлчөөгө болбойт, аны алдын-ала ар кандай органдарда сиңген дозаны жана бул органдардын сезгичтигин билүү менен өлчөп, эсептеп чыгууга болот. Мунун өлчөө бирдиги Грей болуп эсептелет, ал эми организмге карата жана нурлануунун касиеттеринин түрлөрүн эске алуу менен Зиверт (Зв) колдонулат. Бир Зиверт 100 бирге барабар. Мындан келип чыгуучу чоңдук - миллизиверт (мЗв), ал 0,001 Зв га барабар.
Мыйзамдын текстинде нурлануу дозасы жана дозанын чеги деген кыскартылган белгилер колдонулат.
8. Нурлануунун табигый фону
Нурлануунун табигый фону - жаратылышта жер кыртышында, абада, кыртышта, сууда, өсүмдүктөрдө, тамак-аш азыктарында, малдардын жана адамдардын организминде болгон табигый көптөгөн радионуклиддер тарабынан жайылтылган, ошондой эле космостон келип чыгуучу нурлануудан тараган нурлануу аталат. Нурлануунун табигый фону жердин ар кандай региондорунда кеңири чектерде өйдө-ылдый болуп турат. КМЫнын аймагында нурлануунун табигый фонунун деңгээли саатына 5-50 микрорентгенди түзөт. Адамдын организмине сиңирилген натыйжалуу эквиваленттүү доза жылына 2 мЗв, жэ 0,2 бэр же 200 мбэр болот. Мында бардык дозанын 84 проценти радионуклиддерден нурланууга, 16 проценти космостук нурланууга туура келет.
9. Нурлануунун техногендик фону
Нурлануунун техногендик фону - адамдын ишинин натыйжасында, жердин жана кен байлыктарын иштетүүгө жана бир жерден экинчи жерге ташууга, көмүрдү жана башка материалдарды энергия өндүрүшүнө пайдаланууга, ядролук куралды сыноого байланыштуу бөлүп чыккан нурлануу фону эсептелет.
10. Кюри
Кюри (Ки) - радиоактивдүүлүктүн системадан тышкары бирдиги, мында ар бир секундада атомдордун 37000000000 бөлүнүшү болот. Кыртыштын радионуклиддер (цезий, стронций, плутоний) булганышы - бул аянттын бирдигине, чарчы километр, чарчы метр таандык кылынган радиоактивдүүлүк. Мисалы, 1 чарчы километрден 1 кюри.
11. Нурлануу оорусу
Нурлануу оорусу - организмге иондошкон нурлануу 1 Зв (100 бэр) ашык дозада таасир кылганда келип чыгат. Адамда нурлануу оорусу негизинен кан жүгүргүү органдарына зыян келүүдөн улам пайда болот, ал эми доза жогору - 10 Зв (1000 бэр) болгондо ички органдарга жана нерв системасына зыян келет.