МыйзамКүчүндө

КР 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 294 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу» Мыйзамы

Редакция06.11.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 6-ноябры № 294

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.

 

1. 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниялары аркылуу: берүүлөр башталаар алдында жана аяктаар учурунда - күнүгө, ал эми күнү-түнү берүүсүндө - жергиликтүү убакыт боюнча саат 6да жана саат 24тө берилет.".

 

2. 21-статьянын 1-пунктундагы "бул учурда Кыргыз Республикасынын жарандары" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин ырдашат жана" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К. Бакиев