МыйзамКүчүндө

КР 2009-жылдын 16-ноябрындагы № 296 «1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» Мыйзамы

Редакция16.11.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 16-ноябры № 296

1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө

 

1-берене.

1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясына кошулсун.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кошулуу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп эсептелген Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министрлигине депонирлесин.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев