Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 17-декабры № 308
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 509-статьяда "185-188" деген сандар "185 жана 186" деген сандар менен алмаштырылсын.
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 521-1-статья менен толукталсын:
"521-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик
инспекция органдары
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары ушул Кодекстин 187- жана 188-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык айып салууга төмөндөгүлөр укуктуу:
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басарлары;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча райондор аралык инспекциянын начальниги жана инспектору;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча шаардык инспекциянын начальниги жана инспектору;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча өткөрүү пунктунун начальниги жана инспектору.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күңдөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |