МыйзамКүчүн жоготту

КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы

Редакция17.12.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 17-декабры № 308

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 509-статьяда "185-188" деген сандар "185 жана 186" деген сандар менен алмаштырылсын.

2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 521-1-статья менен толукталсын:

"521-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик

инспекция органдары

 

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары ушул Кодекстин 187- жана 188-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт.

Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык айып салууга төмөндөгүлөр укуктуу:

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басарлары;

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча райондор аралык инспекциянын начальниги жана инспектору;

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча шаардык инспекциянын начальниги жана инспектору;

- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча өткөрүү пунктунун начальниги жана инспектору.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күңдөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев