Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 17-декабры № 309
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 124-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2. 127-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтүн бир миңден үч миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 129-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жыйырма жылга эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
4. 164-статьяда:
2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле аракеттер:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер:
1) жабырлануучунун кийимдеринен же жанындагы кол жүгүнөн уурдалганда (чөнтөк уурулугу);
2) турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен;
3) ири өлчөмдө жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ошол эле аракеттер:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) өзгөчө ири өлчөмдөрдө;
3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5. 165-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "же үч айга чейинки мөөнөткө камакка алынат," деген сөздөр алып салынсын;
2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле аракеттер:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер:
1) турак-жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же мал короого, мал камалган тосмого кирүү менен;
2) ири өлчөмдө жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок үч жылдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ошол эле аракеттер:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) өзгөчө ири өлчөмдө жасалганда;
3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен алты жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
6. 166-статьяда:
2-бөлүктө:
- биринчи абзацындагы "Алдамчылык:" деген сөз "Ошол эле аракеттер:" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "түзөтүү жумуштарына, же болбосо" деген сөздөрдөн кийин "бир жылдан" деген сөздөр менен толукталсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Ошол эле аракеттер ири өлчөмдө жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ошол эле аракеттер:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
2) өзгөчө ири өлчөмдө;
3) кызмат абалынан пайдалануу менен;
4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
7. 167-статьяда:
2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле аракеттер:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу зыян келтирүү менен жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер:
1) ири өлчөмдө;
2) өмүрү же саламаттыгы үчүн коркунучтуу болбогон зомбулук көрсөтүү же болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жасалганда, -
үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ошол эле аракеттер:
1) турак жайга, имарат жайга же башка сактоочу жайга кирүү менен;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) өзгөчө ири өлчөмдөрдө;
4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
8. 168-статьяда:
2- жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле аракет:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) олуттуу өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
(3) Ошол эле аракеттер:
1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;
2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу нерселерди колдонуу менен;
3) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү менен жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ошол эле аракеттер:
1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;
2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;
3) турак жайга, имарат жайга же болбосо башка сактоочу жайга кирүү менен;
4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
9. 170-статьяда:
2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -";
3-бөлүктө:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -".
10. 171-статьяда:
2-бөлүктө:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -";
- экинчи абзацында расмий тилде баяндалган "двухсот" деген сөз "пятьсот" деген сөз менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок" деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Ошол эле жосун ири өлчөмдө жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ошол эле жосун:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) кызмат абалын пайдалануу менен;
3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
11. 172-2-статьянын 2-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
12. 222-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле жосун билип туруп жашы жетпеген же жөндөмсүз адамга карата жасалганда, -".
13. 234-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "же алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат," деген сөздөр алып салынсын;
3-бөлүктүн 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
14. 248-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "бир нече жолу же" деген сөздөр алып салынсын.
15. 279-1-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
16. 285-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "же болбосо үч айга чейинки мөөнөткө камакка алууга жазаланат" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |