МыйзамКүчүн жоготту

КР 2009-жылдын 25-декабры № 317 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 25-декабры № 317

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 24- жана 25-пункттар менен толукталсын:

"24) аларга даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында жакыр үй-бүлөлөрдү табуу;

25) айыл жериндеги балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарга муктаждык даражасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте баштапкы аныктоо.".

2. 20-берененин 6-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев