Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 25-декабры № 317
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 24- жана 25-пункттар менен толукталсын:
"24) аларга даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында жакыр үй-бүлөлөрдү табуу;
25) айыл жериндеги балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарга муктаждык даражасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте баштапкы аныктоо.".
2. 20-берененин 6-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |