Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 11-марты № 4
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
II бөлүм төмөндөгүдөй мазмундагы 12-3-статья менен толукталсын:
"12-3-статья. Апостиль коюу үчүн жыйымдар
1. Кыргыз Республикасынан чыккан расмий документтерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан апостиль коюлгандыгы үчүн жыйым алынат.
2. Жыйымдын өлчөмү, алуу тартиби жана төлөө мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын суммасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |