МыйзамКүчүндө

КР 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 12 «Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция19.04.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 19-апрели № 12

 

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин террорго каршы түзүмдөрү үчүн кадрларды даярдоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Көрсөтүлгөн Макулдашуунун 23-беренесин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети аны ишке ашыруу боюнча компетенттик орган болуп аныкталсын.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттик орган жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына кабарласын.

 

4-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева