МыйзамКүчүндө

КР 2011-жылдын 12-майындагы № 22» Москва шаарында 2010-жылдын 9-декабрында кол коюлган Бажы союзунун алкагында талаш-тартыш боюнча чарбакер субъекттердин Евразия экономикалык коомдоштугунун сотуна кайрылуусу жөнүндө келишимди ратификациялоо жана ал боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Мыйзамы

Редакция12.05.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 12-майы № 22

 

Москва шаарында 2010-жылдын 9-декабрында кол

коюлган Бажы союзунун алкагында талаш-тартыш

боюнча чарбакер субъекттердин Евразия экономикалык

коомдоштугунун сотуна кайрылуусу жөнүндө келишимди

ратификациялоо жана ал боюнча сот өндүрүшүнүн

өзгөчөлүктөрү жөнүндө

 

1-берене.

 

Москва шаарында 2010-жылдын 9-декабрында кол коюлган Бажы союзунун алкагында талаш-тартыш боюнча чарбакер субъекттердин Евразия экономикалык коомдоштугунун сотуна кайрылуусу жана ал боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишим ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн келишимдин күчүнө киришине Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитети болуп эсептелген депозитарийге зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө кабардар кылсын.

 

3-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева