Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 13-июну № 41
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-берене) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Судьялар - сот бийлигин алып жүрүүчүлөр
1. Кыргыз Республикасында сот бийлиги судьялардын атынан чыгуучу төмөндөгү сотторго гана таандык:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары - Жогорку сот);
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы);
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна (мындан ары - жергиликтүү соттор);
мыйзам менен түзүлгөн адистешкен сотторго.
2. Судьялар деп Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу жана өзүнүн милдеттерин кесипкөй негизде аткарган адамдар саналат.
3. Сотко же судьяларга урмат көрсөтпөө мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.".
2. 4-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Судьянын статусу
1. Судьянын статусу анын ээсинин инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна бийик стандарттарды коюу менен аны алууга жана токтотууга жогорулатылган талаптар, судьялык ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, бийик статуска шайкеш келүүчү материалдык жана социалдык камсыз кылуу жана башка кепилдиктер менен аныкталат.
2. Адамда судьянын статусу тиешелүү соттун судьялык кызматына кирген күндөн тартып келип чыгат жана судьялык кызматтан бошотуу жөнүндө акт чыгарылган күндөн жана ушул конституциялык Мыйзамга ылайык судьянын ыйгарым укуктары токтогондон тартып токтотулат. Судья ант берген учурдан тартып кызмат ордуна кирди деп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары бирдиктүү статуска эгедер жана өз ара тиешелүү сотторду уюштуруу жана процесстик иш жөнүндө мыйзамдар аркылуу аныкталган ыйгарым укуктар менен гана айырмаланышат.
4. Судьяларга ээлеген кызматына, судьялык кызматтагы иш стажына жана мыйзамда каралган башка жагдайларга жараша квалификациялык класстар ыйгарылат.
5. Ээлеген кызматына жараша эмгек акысынын өлчөмүндөгү, ошондой эле отставкага чыккан же статусу токтотулган учурда чыгуу жөлөкпулдарынын өлчөмүндөгү айырмачылыктарды белгилөө жана ээлеген кызматына, иш стажына жана башка жагдайларына жараша ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жана башка айырмачылыктар статусу өзгөрүлдү дегенди билдирбейт.".
3. 5-беренеде:
2-бөлүктө "Конституциялык соттун, Жогорку соттун" деген сөздөр "Жогорку сот, Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бир жергиликтүү соттон башкасына которулган жергиликтүү соттун судьясы ант берүүгө алып келинбейт.".
4. 1-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-беренелер менен толукталсын:
"5-1-берене. Статусуна ылайык судьяга коюлуучу талаптар
1. Судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын кыйшаюусуз сактоого, судьянын антын актоого;
2) Кыргыз Республикасынын судьяларынын Ар-намыс кодексинин талаптарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын сактоого жана судьянын кадыр-баркын жана беделин жаманатты кыла турган бардык нерселерден качууга;
3) сот адилеттигин орундоо боюнча ишке мыйзамсыз кийлигишүү аракеттерине каршы турууга;
4) судьялардын кеңешмесинин сырын сактоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз мүлкүн жана кирешелерин жарыя кылууга;
6) тиешелүү сотто белгиленген эмгек тартибинин эрежесин сактоого.
2. Судья төмөнкүлөргө укуксуз:
1) сотто жана башка мамлекеттик органдарда жеке же юридикалык жактардын иштери боюнча (мыйзамдуу өкүлчүлүктөн тышкаркы учурда) ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
2) ушул маселе боюнча сот акты мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кароонун заты болуп эсептелген маселе боюнча ачык-айкын сүйлөп чыгууга жол берүүгө;
3) судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланышпаган максаттарда, мыйзамда жетимдүүлүгү чектелген маалыматтарга киргизилген маалыматтарды же ага судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга байланыштуу белгилүү болуп калган кызматтык маалыматтарды жарыя кылууга же пайдаланууга;
4) протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди пайдаланууга. Мындай белектер мамлекеттик менчик катары таанылат да, судья тарабынан мыйзамдарда каралгандан тышкаркы учурларда соттун актысы боюнча өзү судьялык кызматты ээлеген сотко өткөрүп берилет. Протоколдук жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белекти өткөрүп берген судья Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аны сатып ала алат;
5) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши) уруксатысыз чет мамлекеттердин, саясий партиялардын, башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын ардак жана атайын (илимий жана спорттук наамдардан тышкары) наамдарын, сыйлыктарын жана башка айырмалоо белгилерин алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү сотторунун эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде макулдашууларына ылайык ишке ашырылуучу кызматтык иш сапарларынан тышкары жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынан тышкары жактарга кызматтык иш сапарларга чыгууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде же Жогорку Соттун, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чет мамлекеттердин тиешелүү соттору, эл аралык жана чет өлкө уюмдары менен өз ара негизде, эгерде макулдашууларда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордук же көзөмөлдүк кылуучу кеңештеринин органдарынын курамына кирүүгө;
8) иш таштоолорго жана митингдерге катышууга;
9) ишкердикти жүзөгө ашырууга, ошондой эле судьялык кызматты депутаттык иш же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин, төмөнкүлөрдөн тышкары, башка акы төлөнүүчү иштер менен катар алып жүрүүгө:
- судьялык милдеттерин аткарууда жолтоо болбогондой деңгээлде окутуучулук, илимий жана чыгармачылык иштерден;
- соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу кеңешинин (мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши) иштерине катышуудан.
3. Судьялар партияда тура албайт, кандайдыр бир саясий партияларды колдоп же аларга каршы чыга албайт.
5-2-берене. Судьянын негизги укуктары
1. Судья ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда, анын негизинде кабыл алынган башка мыйзамдарга ылайык төмөндөгүлөргө укуктуу:
башка сотко которулууга (ротацияланууга);
соттун төрагалыгына же соттун төрагасынын орун басарлыгына, ошондой эле судьялык өз алдынча башкаруу органдарына жана Судьяларды тандоо кеңешине шайланууга;
өзүнүн квалификациясын жогорулатууга;
отставкага чыгууга;
ушул конституциялык Мыйзамдын 6-беренесинин жоболорун бузуп, өзүнө карата кандай гана болбосун негизсиз коюлган айыптоолорду төгүндөөнү же негизсиздигин таанууну талап кылууга;
анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашырууга мамлекет жана судьялык өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмөк көрсөтүлүшүнө;
ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген кепилдиктердин камсыз кылынышына.
2. Эгерде бул укуктарды ишке ашыруу судьянын бийик статусуна карама-каршы келбесе, ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөндөр судья болуп эсептелген жарандын Кыргыз Республикасынын жарандарына Конституцияда берилген башка укуктарын чектебейт.".
5. 6-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-берене. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы
1. Судья жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турган учурга чейин өзүнүн кызмат ордун ээлейт жана өзүнүн ыйгарым укуктарын сактайт.
2. Судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы деп, бул судьяга карата ушул конституциялык Мыйзамдын 5-1-беренесинде каралган милдеттердин Судьялар кеңеши тарабынан тастыкталган же таанылган бузуу фактыларынын жоктугу түшүнүлөт.".
6. 7-берененин 3-бөлүгүндө:
экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын күбөлүгү Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан берилет.
Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын, төраганын орун басарынын күбөлүгү Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялар чогулушунун чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан берилет.";
бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Жергиликтүү соттун төрагасынын, төраганын орун басарынын күбөлүгү жергиликтүү соттун судьялар чогулушунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан берилет.
Жергиликтүү соттун судьясынын күбөлүгү Президент тарабынан берилет.".
7. 8-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары - Судьялар кеңеши)" деген сөздөр алып салынсын.
8. 9-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "Конституциялык соттун, Жогорку соттун" деген сөздөр "Жогорку сот, Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 11-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) отставкага чыгуу укугуна.".
10. 12-берененин 1-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандайча кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга таасир кылууга күнөөлүү адам мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартат.".
11. 14-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Судьянын кол тийбестиги
1. Судья кылмыш жасаган жеринде кармалгандан башка учурларда кол тийбестик укугуна ээ жана кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекелей текшерүүгө кабылууга тийиш эмес. Кылмыш жасаганынын шектүүлүгү боюнча кармалган же башка негиз боюнча же болбосо кайсы бир укук коргоо органдарына мажбурлап алынып келинген судья, эгерде кармалган учурда бул судьянын инсандыгы белгилүү болушу мүмкүн болбосо, анын инсандыгы аныкталгандан кийин токтоосуз бошотулууга тийиш.
2. Судья ыйгарым укуктары токтотулгандан, кызматынан бошотулгандан кийин судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып турган мезгилде жасаган укукка каршы жосуну үчүн сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке ушул конституциялык Мыйзамда белгиленгенден башкача тартипте тартылышы мүмкүн эмес.
3. Башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максаттарында, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, судьяны жекелей текшерүүгө жол берилбейт.".
12. 3-главанын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-глава
Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык
палатасынын судьяларын шайлоонун, Жогорку
соттун төрагасын жана төрагасынын орун басарларын
шайлоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби".
13. 15 жана 16-беренелер төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-берене. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык
палатасынын судьяларына коюлуучу талаптар, аларды
шайлоонун тартиби
1. Жогорку сотко 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесип боюнча он жылдан кем эмес, анын ичинде беш жыл судьялык иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны судья болушу мүмкүн.
Жогорку соттун Конституциялык палатасына 40тан жаш эмес, 70 жаштан улуу эмес, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесип боюнча он беш жылдан кем эмес иш стажы бар, мамлекеттик жана расмий тилдерди билген Кыргыз Республикасынын жараны судья боло алат.
2. Жогорку соттун судьялары, анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары Судьяларды тандоо кеңешинин бир жыныстагы жетимиш пайыздан ашпаган гендерлик өкүлчүлүгүн эсепке алган сунушуна негизделген Конституцияда белгиленген чек жаш курагына чейин Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.
3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо конкурстук негизде Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жогорку соттун, Конституциялык палатанын судьяларынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс аңгемелешүү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Судьяларды тандоо кеңеши Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен же Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда кыскартылганга же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирилбестен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт.
5. Конкурска катышууга арыз талапкер тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде берилиши керек.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
1) паспорттун көчүрмөсү;
2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) талапкердин юридикалык кесип боюнча иш стажы бар экендигин тастыктаган эмгек китепчесинин жана башка документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) конкурска катышаардын алдындагы бир жыл ичинде берилген ден-соолугунун абалы жөнүндөгү медициналык корутунду.
Арызга талапкердин инсандыгын мүнөздөгөн башка документтер (пикирлер, сунуштамалар) тиркелиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын иштеп турган судьялары арыз берүү жолу менен Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна конкурстук тандоого катышууга укуктуу.
Конкурска катышууга арыз берген Кыргыз Республикасынын судьяларынын өздүк делолору Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аппараттары тарабынан Судьяларды тандоо кеңешине сунушталат.
6. Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин Судьяларды тандоо кеңеши талапкерлердин өздүк делолорун иликтөөнүн жана алар менен аңгемелешүү өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча он күндүк мөөнөттө Жогорку Соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлигин Президентке киргизет.
7. Президент Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо үчүн Жогорку Кеңешке талапкер тууралуу сунуштама киргизет.
Сунушталган талапкер боюнча Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирбестен чечим кабыл алат.
8. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна сунушталган талапкерлер Жогорку Кеңеште шайланбай калган учурда жаңы конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин сунуштамасы менен Президент башканын талапкерлигин киргизет.
Жогорку соттун, Жогорку срттун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо үчүн жаңы талапкерлик боюнча Президенттин сунуштамасын Жогорку Кеңеш сунуштама келип түшкөн күндөн тартып эки жумадан кечиктирилбеген мөөнөттө карайт.
9. Жогорку сотко, Жогорку соттун Конституциялык палатасына төмөндөгүдөй адамдар судья боло алышпайт:
1) соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттолгондугу барлар;
2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар;
3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылганына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык ишке иштөө укугунун лицензиясынан ажыратылгандар;
4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.
16-берене. Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарларын
шайлоонун жана бошотуунун тартиби
1. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан үч жылдык мөөнөт менен төраганы жана төраганын орун басарларын шайлайт.
Бир эле судья Жогорку сотко катары менен эки мөөнөт төрага, төраганын орун басары болуп шайланышы мүмкүн эмес.
2. Жогорку соттун төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ишке ашырылат.
3. Жогорку соттун Конституциялык палатасына төраганы жана төраганын орун басарларын шайлоо жана бошотуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамда каралган тартипте ишке ашырылат".
14. 4-главанын аталышында "жергиликтүү соттун төрагасын жана төраганын орунбасарын дайындоо" деген сөздөр "жергиликтүү соттун төрагасын жана төраганын орунбасарын шайлоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 17-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-берене. Жергиликтүү судьяларга коюлуучу талаптар
1. Жергиликтүү соттордун судьяларына 30 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан улуу эмес, жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесиби боюнча беш жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны боло алат.
2. Жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөөгө биринчи жолу талапкерленген жана судьялык иш стаждары жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стаждары бар адамдарга, ошол эле убакта алардын конкурска катышууга арыз бергендиги менен судьялык кызматтан бошотулган же судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу он жылдан ашса, анда төмөндөгүдөй кошумча талаптар белгиленет: квалификациялык экзаменди (мындан ары - экзамен) берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу. Экзамен талапкерлердин күндүзгү же сырттан окуунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат. Сертификат үч жыл бою жарактуу. Окутуунун программасы, экзаменди алуу боюнча комиссиянын курамы, ошондой эле аны берүүнүн тартиби Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
3. Жергиликтүү сотторго төмөнкүдөй адамдар судья болушу мүмкүн эмес:
1) соттуулугу, анын ичинде соттолгондугу алып салынган же жоюлган;
2) кынтыксыз эмес жүрүм-турумуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордунан бошотулган;
3) укук коргоо органынын кызматкеринин наамын жаманатты кылгандыгына байланыштуу укук коргоо органдарынан бошотулган же "Адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын сегизинчи жана тогузунчу абзацтарында каралган негиздер боюнча адвокаттык иш жүргүзүү укугун берген лицензиядан ажыратылгандар;
4) чет мамлекеттин жарандыгы барлар.
4. Судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн зарыл болгон юридикалык кесип боюнча иш стажына төмөнкү кызматтардагы иш убактысы эсептелет:
- жогорку юридикалык билими бар Жогорку Кеңештин депутаттарынын;
- Президенттин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин, Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн;
- Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмчөлөрүнүн, укук тартиби, адам укуктары, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укук маселелерин алып барган ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын (юридикалык жогорку билим алган учурдан тартып) консультанттарынын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) Аппаратынын юридика бөлүмчөсүнүн, коргонуу жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн;
- Жогорку соттун аппаратынын кызматкерлеринин;
- Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппаратынын кызматкерлеринин;
- жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин;
- прокуратура органдарынын кызматкерлеринин;
- юстиция системасынын кызматкерлеринин;
- ички иштер органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;
- улуттук коопсуздук кызматынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;
- бажы органдарынын жана финансы полиция органдарынын юридикалык кызматтарынын, тергөө бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлеринин;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ошондой эле аларга караштуу мекемелердин юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комиссияларынын, фонддорунун аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) аппаратынын жогорку юридикалык билими бар кызматкерлеринин;
- менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын юридикалык кызматтарынын кызматкерлеринин;
- Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын нотариустарынын;
- жогорку окуу жайлардын укук маселеси менен иштеген профессорлор-окутуучулар курамынын, окумуштуу катчысынын.".
16. 18-беренеде:
берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Судьяларды тандоо кеңеши жергиликтүү соттун судьясынын чек жаш курагына жеткенге чейин алтымыш күндөн кечиктирбестен, же жергиликтүү соттун судьяларынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан же аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошоткон күндөн тартып жыйырма күндөн кечиктирбестен жергиликтүү соттун судьяларынын бошотулуучу же бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт. Конкурс жөнүндө кулактандыруу мамлекеттик басма сөз органдарына, ошондой эле Судьяларды тандоо кеңешинин сайтына жайгаштырылат.";
5-бөлүктөгү "3-5" сандары "4, 5" сандарына алмаштырылсын.
17. 19-беренеде:
берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Сот департаменти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-бөлүктүн 5-пунктундагы расмий тилдеги тексттеги "предусмотренный" деген сөз "предусмотренного" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын документтери Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын аппараттары тарабынан түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берилет.";
4-бөлүктүн экинчи абзацында "Ушул конституциялык Мыйзамдын 20-беренесине ылайык конкурска катышууга эки жылдык чектөө мөөнөтү бар адамдардын документтери" деген сөздөр алып салынсын.
18. 21-беренеде:
берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-бөлүктө:
2 жана 3-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) конкурска катышууга берген арызы менен судьялык ыйгарым укугу токтотулган мөөнөттүн ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашпаган судьялык иш стажы бар адамдар;
3) экзамен берүүнүн натыйжалары боюнча сертификат алгандар.";
2-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аңгемелешүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү тарабынан талапкерлерге Аңгемелешүү жүргүзүү жөнүндө жободо төмөндөгүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берүүчү суроолор берилет:
1) интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн;
2) жеке касиет-сапатын;
3) делону туура түшүнүү жана калыс кароо мүмкүнчүлүгүн;
4) коммуникативдик билими жана аны колдоно билишинин натыйжалуулугу.
Мындан сырткары Кеңештин мүчөлөрү судьянын бош кызмат ордун алууга атаандашкан талапкерге карата төмөндөгүлөр жөнүндө суроого укуктуу:
- кирешелери жөнүндө декларацияны;
- талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматтарды.";
3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Улуттук кеңеш" деген сөздөр "мыйзам" деген сөзгө алмаштырылсын;
4-бөлүктө "Сот департаментинде" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 22-беренеде:
1-бөлүктө "Улуттук кеңеш сунуш кылган" деген сөздөр "Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүктүн экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Президент сунушталган талапкер боюнча материалдарды өзүнүн чечимин жүйөлөштүрүп, Судьяларды тандоо кеңешине кайтарууга укуктуу. Эгерде Судьяларды тандоо кеңешине жергиликтүү соттун судьялык кызмат ордуна талапкерди дайындоого тоскоол болуучу жагдайларды белгилебесе, анда Судьяларды тандоо кеңеши ушул эле талапкер боюнча Президентке кайра сунуш киргизет, ал он жумушчу күн аралыгында милдеттүү дайындалууга тийиш.
Президент тарабынан баяндалган жагдайлар менен Судьяларды тандоо кеңеши макул болгон учурда Судьяларды тандоо кеңеши жаңы конкурс жарыялайт.".
20. 23-25-беренелер төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Жергиликтүү соттун судьяларын которуунун
(ротациялоонун) негиздери жана тартиби
1. Жергиликтүү соттун судьялары бир жергиликтүү соттон башка жергиликтүү сотко төмөнкүдөй негиздер боюнча которулушу мүмкүн:
1) өз каалоосу боюнча;
2) сот кайра уюшулган, түзүмү жана судьялардын штаттык саны өзгөргөн учурда;
3) судьядан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлар боюнча судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында;
4) башка жергиликтүү соттун бош судьялык кызмат ордуна конкурстук жол менен тандап алууга жергиликтүү соттун судьясы катышкан жана Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан талапкерлиги Президентке киргизилген учурда.
2. Судьяларды которуу (ротациялоо) судьялардан арыздар түшкөнүнө жараша Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиз боюнча жүзөгө ашырылат. Судьялардын арыздары Судьяларды тандоо кеңешинин наамына ыйгарым укуктуу органга берилет.
Судьяларды тандоо кеңеши которуу (ротациялоо) жөнүндөгү судьялардын арыздарын карап чыгып, аларды канааттандырат жана которуу (ротациялоо) жөнүндө судьянын бирдиктүү макулдугу болгондо гана которуу (ротациялоо) жөнүндө Президентке сунуш киргизет.
Бир жердеги жергиликтүү соттон башка жердеги жергиликтүү сотко которулган судьялар акыркы которулган (ротация болгон) күндөн тартып беш жылдан эрте эмес учурда которуу (ротациялоо) тууралуу арыз менен кайра кайрылууга укуктуу.
3. Жергиликтүү сот кайра уюштурулган, анын судьяларынын штаттык бирдиктерин башка жергиликтүү сотторго берүү менен түзүмү өзгөрүлгөн учурда штаттык кызмат орундары берилген сотко которулушуна (ротация болушуна) байланыштуу жоюлган соттордун же болбосо түзүмү өзгөрүлгөн соттордун судьяларынын пикири угулат. Судьяларды которуу (ротациялоо) боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин чечими судьялардын жаңы жердеги ишинин бардык жагдайларын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кабыл алынат.
4. Которуу (ротациялоо) маселелерин Судьяларды тандоо кеңеши судьялардан жана мамлекеттен көз каранды болбогон жагдайлардан судьяларды мамлекеттик коргоо максаттарында кийинкиге калтырбастан карайт. Укук коргоо органдарынын тиешелүү материалдары менен ырасталган тиешелүү жергиликтүү соттун төрагасынын кайрылуусу же судьянын кайрылуусу ушул маселени кароо үчүн негиз болуп саналат. Судьяларды мамлекеттик коргоого алуу максатында которуу (ротациялоо) боюнча Судьяларды тандоо кеңешинин чечими судьяга каршы коркунучтун бар экенин негиздеген бардык жагдайларды иликтегенден жана аныктагандан кийин кабыл алынат.
5. Жергиликтүү соттун судьясын которуу (ротациялоо) анын ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө карай жүзөгө ашырылат.
6. Судьяларды которуу (ротациялоо) чечими Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан кабыл алынат жана тиешелүү Жарлык чыгаруу үчүн Президентке жиберилет. Чечим Президентке келген күндөн тартып он күн ичинде Жарлыкка кол коюлат.
24-берене. Жергиликтүү соттордун төрагаларын жана төрагалардын
орун басарларын шайлоонун тартиби
1. Жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагалардын орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Бир эле сотто бир эле судья эки мөөнөткө катары менен жергиликтүү соттун төрагалыгына, төраганын орун басарлыгына шайланышы мүмкүн эмес.
3. Жергиликтүү соттордун төрагаларын, төрагалардын орун басарларын шайлоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
25-берене. Судьяны кызматынан четтетүү
1. Судьялар кеңеши тарабынан жазык жоопкерчилигине (айыпталуучу катары тартуу) же сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берилген учурда судья кызмат ордунан четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).
2. Жогорку Кеңеш Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясын айыпталуучу катары тартууга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна (мындан ары - Башкы прокурор) макулдук берилген учурда кызмат ордунан четтете алат.
Президент Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, айыпталуучу катарында жоопко тартууга Башкы прокурорго макулдук берилген учурда жергиликтүү соттун судьясын кызмат ордунан четтете алат.
3. Судьяны кызмат ордунан четтетүү судьянын эмгек акысын жана судьяны материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуунун жана башка түрлөрүн токтото турууга алып келбейт.
4. Кызматынан четтетилген судья, эгерде аны кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алууга түрткү болгон жагдайлар жоюлса, аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан мурда ээлеген кызматына кайрадан коюлат (судьянын милдеттерин аткарууга киришти деп эсептелет).".
21. 26-беренеде:
2 жана 3-бөлүктөр төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судья кызмат ордунан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулат:
1) кызмат ордунан өзүнүн каалоосу боюнча бошотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жарамсыз болгондо;
3) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү сотко судья болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;
4) сот адилеттигин ишке ашырууга байланышпаган башка ишке өткөндө;
5) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка сотко которуудан баш тартканда;
6) ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) Судьялар кеңешинин чечими менен ырасталган жүрүм-турумунун кынтыксыздыгы жана судьянын бийик наамына коошпогон тартиптик жорук жасаганда;
9) судьянын кызматына келишпеген иш менен алектенгенде;
10) судьялар саясий партияларга мүчө болсо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкса;
11) эгерде судья:
- Президенттикке талапкер катары катталса;
- Жогорку Кеңешке шайлоого катышуучу саясий партиянын катталган тизмесине киргизилсе;
- жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталса.
3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүк добушу менен бошотулат.";
4-бөлүктөгү "Улуттук кеңештин" деген сөздөр "Судьялардын кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 27-берененин 2-бөлүгүндөгү "же Конституциялык соттун" деген сөздөр ", Жогорку соттун Конституциялык палатасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
23. 5-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 27-1-берене менен толукталсын.
"27-1-берене. Судьянын отставкасы
1. Судьянын отставкасы деп судьянын кызмат ордунан ардактуу кетиши же анын ардактуу бошонушу таанылат. Отставкадагы адамдын судьялык наамы, жеке кол тийбестик кепилдиктери жана судьялык жамаатка таандык экендиги сакталат.
2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өзүнүн каалоосу боюнча отставкага чыгууга укугу бар. Судья, эгерде ушул конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5, 11-пункттарында каралган негиздер боюнча бошотулса, же анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча токтотулса, отставкага кетти же бошонду деп эсептелет.
3. Отставкадагы судьяларга Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан отставкадагы судья деген күбөлүк берилет.".
24. 28-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацында "1" саны "2" санына алмаштырылсын;
2-бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Судьялар кеңеши жасалган тартиптик жоруктун анча маанилүү эмес экендигин эске алып, эскертүү менен чектеле алат.";
3-бөлүктө "эки жылдан" деген сөздөр "алты ай" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Судьяларга эскертүү жана сөгүш Тартиптик комиссия жөнүндө жобого ылайык Судьялар кеңеши тарабынан колдонулат.
Тартиптик жорук жасагандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьялардын кынтыксыз жүрүм-туруму жөнүндө талаптарды орой бузгандыгы үчүн тартиптик таасир этүүнүн катуу чарасы катары колдонулат.
Жогорку Соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча кабыл алынат.
Жергиликтүү соттун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Президент тарабынан судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде кабыл алынат.".
25. 29-беренеде:
- 1-бөлүктүн биринчи абзацында "тартип өндүрүшүн" деген сөздөрдүн алды "козголгон" деген сөз менен толукталсын.;
- 2-бөлүктүн биринчи абзацынын биринчи сүйлөмүндө "козгойт" деген сөз "козгоого укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өзүнө карата тартип өндүрүшү козголгон судья күн мурунтан өндүрүштүн материалдары менен тааныштырылууга тийиш.
Материалдар менен таанышуудан баш тартуу, андан ары тартип өндүрүшүн жүргүзүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.".
26. 30-беренеде:
берененин бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Улуттук кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьялар кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын.";
2-бөлүктөгү "(айыпталуучу катары тартуу)" деген сөздөр "(айыпталуучу катары тартуу жөнүндө токтом чыгаруу)" деген сөздөргө алмаштырылсын";
3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, жергиликтүү соттордун судьяларын сот тартибинде салынуучу административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынат.".
27. 33-беренеде:
3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында ушул бөлүктүн биринчи абзацында саналып өткөн жана судьялыкка жаңы шайланган же дайындалган адамдарга акыркы шайланган же дайындалган учурдан берки судьялык ишинин мезгили кызмат ордунан мурда бошотулган же судьялык ыйгарым укуктары токтотулганда бир жолку жөлөкпул алган учурда гана эсепке кирет.";
4-бөлүктүн экинчи абзацы "саналган адамдарга" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле отставкадагы судьяларга" деген сөздөр менен толукталсын;
6-бөлүк "Конституциялык соттун" деген сөздөрдөн кийин ", Жогорку соттун Конституциялык палатасынын" деген сөздөр менен толукталсын.
28. 34-берененин 3-бөлүгүндө "Президент" деген сөз "Өкмөт" деген сөзгө алмаштырылсын.
29. 35-беренеде:
1-бөлүктөгү "2008-жылдын 1-сентябрынан тартып колдонулууга тийиш болгон ушул конституциялык Мыйзамдын 17-берененин 2-пунктунун жоболорун копшогондо," деген сөздөр алып салынсын;
2-бөлүктөгү "20-беренесинин" деген сөздөр "ушул конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-1 жана 2-2-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын;
2-3-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-1-беренесинин колдонулушу ушул конституциялык Мыйзамдын 27-1-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин бошотулган же ыйгарым укуктары токтотулган Кыргыз Республикасынын судьяларына жайылтылат.".
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам төмөндөгүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:
- 2010-жылдын 27-июнунда референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституцияга ылайык жергиликтүү соттордун судьялык корпусунун түзүлүшү аяктаган күндөн тартып күчүнө кирүүчү ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 15-пунктунун төртүнчү абзацын.
2. Ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 15-пунктунун төртүнчү абзацы күчүнө киргенге чейин жергиликтүү соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлер окутуудан өткөрүлбөстөн квалификациялык экзамен берүүгө жана аңгемелешүүгө жол берилүүгө укуктуу.
Судьялар кеңеши ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде квалификациялык экзамен берүүнүн тартибин жана шарттарын иштеп чыксын жана бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |