Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 21-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-июну № 46
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1110-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
21-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Сауд Аравия Королдугунун аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте катталган Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына жүктөлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
А.Келдибеков
|