МыйзамКүчүн жоготту

КРнын 2011-жылдын 15-июнундагы № 46 «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР 2025-жылдын 21-январындагы № 18 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 15-июну № 46

"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1110-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

21-берене төмөндөгүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:

"1-1. Сауд Аравия Королдугунун аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте катталган Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына жүктөлөт.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

А.Келдибеков