Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-июну № 49
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 87-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьядагы "мыйзам" деген сөз "ченемдик укуктук" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Өрт коопсуздугунун кызматтары
Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугунун кызматтары:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан;
2) ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ведомстволук өрттөн сактоо кызматтарынан;
3) ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүмдөрүнөн турат.".
3. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу
Өрт коопсуздугунун системасын башкаруу өз компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылат.".
4. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Өрт коопсуздугунун сакталышына көзөмөл
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан өрт коопсуздугунун сакталышы үчүн мамлекеттик көзөмөлдү өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.".
5. 11-статьянын 1-пунктунда "мамлекеттик өрткө каршы кызмат" деген сөздөр "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Өрттү мамлекеттик эсепке алуу
Өрттү жана алардын кесепеттерин мамлекеттик эсепке алуу өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.".
7. 13-статья күчүн жоготту деп табылсын.
8. 15-статьядагы "мамлекеттик өрткө каршы органдарынын" деген сөздөр "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 18-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өрттү өчүрүү учурунда жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
10. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Өзгөчө учурларда өрт өчүрүү
Өзгөчө учурларда, атап айтканда: токойлордогу, тоолордогу жана талаалардагы өрттү, улуттук коопсуздук, коргоо, ички иштер, жазык-аткаруу системасы, бажылык жөнгө салуу, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү, жер казынасын пайдалануу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз темир жолунун, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын объекттериндеги өрттү өчүрүү тартиби өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү министрликтердин, административдик ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.".
11. IV жана V бөлүмдөрдүн аталыштарындагы "Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын" деген сөздөр "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 21, 21-1-статьялардын аталыштарындагы жана бүткүл тексттери боюнча "Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын" деген сөздөр жана 22-статьянын аталышындагы "өрткө каршы мамлекеттик кызматтын" деген сөздөр "өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 28-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-статья. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин аракеттерине даттануу
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин аракеттери боюнча даттанууларды жана арыздарды өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жетекчилери карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат. Эгерде даттанган адам кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, ал мыйзамда белгиленген тартипте жогору турган инстанцияларга же сотко кайрыла алат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |