КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 74
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |