МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 74 «Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы

Редакция02.07.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 2-июлу № 74

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева