КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 15-июлу № 108
"Аскердик абал жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2009-ж.. № 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде:
10-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын:
11-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңеши" деген сөздөр алынып салынсын.
2. 9-берененин 4-пунктундагы "Коргонуу кеңешин," деген сөздөр алынып салынсын.
3. 11-берененин 2-бөлүгүндөгү "ички жана тышкы иштер" деген сөздөр алынып салынсын.
4. 12-беренеде:
берененин аталышы "Согуш" деген сөздөн мурун "Коргонуу кеңештин жана" деген сөздөргө толукталсын, "Согуш" деген сөз "согуш" деп жазылсын:
1-бөлүктөгү "согуш мезгилинде" деген сөздөр алынып салынсын;
2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |