Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 19-июлу № 113

 

"Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Преамбуладагы "жана чарба жүргүзүшүнүн" деген сөздөр алып салынсын.

2. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья.

 

Пенсияларды жана пособиелерди төлөө мөөнөттөрү төлөп берүүнү жүзөгө ашырган ишканалар менен социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (мындан ары - фонддор) ортосундагы келишимдерде белгиленет (айына кеминде бир жолу).".

3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-статья.

 

Социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда пенсияларды төлөөгө каражаттардын жетишсиздиги республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева